Расмий тил

Википедия дан

Ырасмый тил — ырасмый кеңсе кызматында мамлекеттик тил катар колдонулган тилдердин бири. Көп улуттуу өлкөлөрдүн конституцияларында кээ бир тилге ырасмый статус берилгени белгиленет.

Мамлекеттик ырасмый тил[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил — өлкөнүн символу катары политикалык, социалдык жана маданият чөйрөлөрүндө интеграциялык функцияны аткарган тил.
  • Ырасмый тил — мамлекеттик башкаруу, мыйзам чыгаруу, сот жүргүзүү тили.

Болжол менен дүйнөдөгү өлкөлөрдүн жарымында мамлекеттик тили бар. Кээ бир өлкөлөрдө бир гана мамлекеттик тил бар (мисалы, Албания, Франция, Украина, Германия же Латвия сыяктуу өлкөлөр). Кээ бирлеринде бирден көп мамлекеттик тилдери бар (мисалы, Белоруссия, Бельгия, Канада, Финляндия, Афганистан, Парагвай, Боливия, Индия, Швейцария, Түштүк Африка Республикасы)

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Республикасынын Конституциясы 10-берене.

  1. Кыргыз тили Кыргыз Республикасында мамлекеттик тил болуп саналат.
  2. Кыргыз Республикасында ырасмый тил катары орус тили колдонулат.
  3. Кыргыз Республикасы Кыргызстан элин түзгөн бардык этностордун өкүлдөрүнө эне тилин сактоо, аны окуп-үйрөнүү жана өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү укугуна кепилдик берет.

Негизги эл аралык уюмдардын ырасмый тилдери[түзөтүү | булагын түзөтүү]