Араб тили
Wikipedia дан
Араб тили - (арабча اللغة العربية, al-luġa al-ʿarabiyya') Азия-Африка тилдеринин семит тобуна кирет.
Бардык араб өлкөлөрүнүн жана Сомали менен Жибутинин расмий тили. БУУнун Генералдык Ассамблеясынын жана башка органдарынын расмий тилдеринин бири. Араб тилинде жана анын диалектилеринде сүйлөгөндөрдүн саны 422 млн. киши (2009-ж).
Орто кылымдарда араб тили Чыгыштагы бардык мусулмандар үчүн диндин, илимдин жана адабияттын тили болгон.
Араб тили магриб, Египет-Судан, Сирия-месопотамия, Арабиялык, Орто Азиялык диалекттер топторуна бөлүнөт. Морфологиялык түзүлүш боюнча флективдүү тилдерге кирет.