Кыргыздар
| Кыргыздар | |||||||||||||||||||
|
|||||||||||||||||||
| Расмий аталышы |
кыргыздар (قيرغيز) |
||||||||||||||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
| Учурда жайгашкан ареалы жана саны | |||||||||||||||||||
|
Бардыгы: 4,5 млн. (болж.)
|
|||||||||||||||||||
| Тили | |||||||||||||||||||
| Дини | |||||||||||||||||||
| Расалык тиби | |||||||||||||||||||
Кыргыздар - Түндүк Азия ж-а Борбор Азиянын байыркы элдеринин бири. Кыргыз Республикасынын негизги калкы. Жалпы саны 4984,4 миң адам (2003-ж). Көпчүлүгү Кыргызстанда, ошондой эле Орусияда, Кытайда, Өзбекстанда, Тажикстанда, Казакстанда, Ооганстанда, Түркияда, чакан топтору АКШда, Батыш өлкөлөрдө жашайт. КЫРГЫЗДАР (кыргыз) — улут, Кыргыз ССРинин негизги калкы. Орто Азиянын байыркы элдеринин бири. (Октябрдык революциясына чейин тарыхый адаттарда кыргыз деген ат казактарга да тиешелүү болгон).
Жалпы саны 1700 миң адам (1975). Кыргыздар СССРде 1452 миң адам (1970), көпчүлүгү Кыргыз ССРинде (1285 миң; 1970), чакан топтору Өзбек, Тажик, Казак республикаларында жашайт. Чет мамлекеттерден КЭРде, Афганистанда бар. Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт.
Кыргыздын этногенези тууралуу маселе өтө татаал. «Кыргыз» этноними чыгыш элдеринин айрым жазма булак тарында гяньгунь, хягяс, гэгунь ж. б. транскрипция менен б. з. ч. 203—201-жылдарда, Борб. Азиядагы этностук же саясий бирикменин наамы катары байыркы түрк жазма эстеликтеринде (болжол менен 6—9-к.), Тянь-Шанда жашаган элдин наамы катары араб, перс ж. б. жазма булактарында (10—16-к.) жолугат.
Азыркы кыргыздын 10—16-к-да Тянь-Шань аймагын мекендеген кыргыз уруулары менен тикеден тике этпогенетикалык байланышы болгондугу талаш туудурбайт, ал эми байыркы чыгыш жана түрк жазма эстеликтериндеги «кыргыз» этноними менен азыркы «кыргыз» этнониминин арасында кандайдыр бир байланыш бар же жок экени тууралуу маселе азыркыга чейин бир жаңсыл ичечиле элек.
Кыргыздын этногенези жана кыргыздын тарыхы тууралуу айрым пикирлер Окт. революциясына чейин А. Н. Аристов, Н. Я. Бичурин, Ч. Ч. Валиханов, Г. Ф. Миллер, В. В. Радлов ж. б. тарабынан айтылган.
Бул маселенин өзүн же айрым аспекттерин изилдөөгө белгилүү орус илимпоздору С. М. Абрамзон, В. В. Бартольд, А. Н. Бернштам, көрүнүктүү сов. антропологдор В. П. Длексеев, В. В. Гинзбург, Г. Ф. Дебец, кыргыз тарыхчылары О. Караев, К. И. Петров, хакас тарыхчысы Р. Л. Кызласовдор атайын эмгекте (монография, макала) арнашкан. Бирок Кыргыздын этногенезине байланыштуу айтылган көз караштардын дээрлик баары ил. Жактан ишенимдүү негизделген ырааттуу концепцияга айлана албай, ар түрдүү гипотеза (божомол) деңгээлинде.
Кыргыз элинин этногенезине арналган атайын сессия (1956-ж. ноябрь, Фрунзе ш.) Кыргыздар Борб. Азиядан жана О. Азиядан чыккан этностук элементтерден куралган деген тыянакка келген. Сов. илимпоздордун көпчүлүгүнүн пикири боюнча кыргыз элинин негизги уюткусу же анын составына кирген негизги бир компонент Борб. Азиядан чыккан.
Кыргыздын алгач этностук тарыхы байыркы уруу союздары менен (гунн, динлин, сак, усун ж. б.) байланыштуу. Түрк кагандыктарынын жана көчмөн бирикмелеринин мезгилинде (6—10-к.) Кыргыздардын составына кийин кошулган уруулар Саян-Алтай, Иртыш бою, Чыгыш Тянь-Шандын түрк тилиндеги калкынын арасында калыптанган.
Б. з. 2-миң жылдыгынын биринчи жарымында, өзгөчө монголдор О. Азия жана Казакстанга жапырып киргенден кийин түрк тилинде сүйлөгөн бул уруулардып бир бөлүгү Борб. жана Батыш Тянь-Шанга, түштүккө (Памирге) чейин жылган. Алар Жети-Суу жана Мавереннахрдын жерг. түрк уруулары, асыресе карлуктар жана уйгурлар, кийинчерээк монгол уруулары менен кошо Тянь-Шанда калыптанып жаткан кыргыз элинин негизин түзгөн. 16—17-к-да Кыргыздардын составына казак-ногой урууларынын айрым бөлүктөрү кошулган.
16-к-дын башынан Кыргыздар Тянь-Шанда этностук составы татаал өзүнчө эл катары белгилүү. Айрым совет этнографтары "Андан кийин кыргыз эли улутка айлануу багытында өнүксө да, бирок Окт. рев-ясына чейин улут тепкичине толук көтөрүлө алган эмес" деген бүтүм чыгарышкан, бирок коңшу элдер кыргыздарды бирдиктүү улут катары эзелтеден айырмалап билишкен.
1495-ж. жазылган «Мажму ат-таварихте» («Тарыхтар жыйнагында») ошол кезде (15-к-дын аягы) Кыргыздар оң жана сол деп бөлүнүп, оңго Ак уулдан тараган Отуз уул жана Салусбек Булгачы (к. Булгачы улусу), ал эми солго Куу уул киргени айтылат. Санжырада да Кыргыздын түпкү теги ушул үч чоң уруулук топтон башталат. Бирок «Мажму ат-таварихте» Кыргыздын 1127-ж. оңго жана солго болүнгөнү, о. эле алардын түпкү атасы Аналхак болгону, Апалхактан Ак уулга чейин 20 ата, Куу уулга чейин 23 ата откөпү тууралуу үстүртөн кабар берилет. Оң (отуз уул) адигине, муңгуш, кара багыш жана тагай деп бөлүнгөн.
Тагайдын чоң бөлүмдөрү деп койлондон жедигер, кылжырдан бугу (ороз бакты), богорстондон солто уруусу, алардан башка кара чоро, саяк саналгап; оңго, о. эле сарыбагыш, дөөлөс, черик, азык, моңолдор, коңурат, чекир саяк ж. б. уруулар кирген (санжыра боюнча кара-чорого багыш, суумурун, келдике, баарын уруулары кошулат). Адигинеге анын өзү гана кирген (санжыра боюнча адигинеге жору, бөрү, баргы, карабагыш, сарттар ж. б. уруулар кошулат). Салусоек Булгачыга же ичкиликке (Ак уул) бостон, тейит, жоокесек, доолөс, кыдырша, каңды уруулары кирген (санжыра боюнча ага кесек, ават, оргу, нойгут, кыпчак, найман ж. б. уруулар кошулат).
Солго (Куу уул) саруу, кушчу, мундуз, басыз, чоң багыш, кытай уруулары кирген (санжыра боюнча ага жетиген, төбөй уруулары кошулат).
Санжыра боюнча Кыргыздар 40 уруудан куралган. Ошондуктан алар «кырк уруулуу эл» деп да аталган. Кыргыз элинин курамындагы этнонимдер анын эл болуп калыптанышыпа байыркы жана о. кылымдарда жашаган уруулар катышканын далилдейт. Жогоруда аталган уруулардын кай бирлери(мис, бөрү, коңурат, кушчу, кыпчак, найман ж. б.) О. Азиянын башка элдеринин да курамына кирген.
Кыргыздын курамында ушул үч уруулук бирикмеден башка Кыргыздардын түпкү тегине кошулбаган сарт-калмак, калмак-кыргыз, чала казак сыяктуу этногр. топтор бар.
16—18-к-да Жунгар хандыгынын Кыргызстанга жапырып киришине каршы да Кыргыздар активдүү күрөшкөн.
1750-жж. этегинде кыргыздардын бир катар уруу башчылары цин-манжур Кытай дөөлөтү менен тең ата дипломатиялык алака түзүүгө аракеттенген.
19-к-дын 1-жарымында Кыргыздардын Алай менен Борбордук Теңир-Тоодогу бөлүгү Кокон хандыгынын сурагында калган. Кыргыз төбөлдөрү бул хандыкты бийлөөгө ырааттуу катышкан.
19-к-дын орто ченинде адегенде Түндүктөгу Кыргыздар, кийин Түштүктөгү Кыргыздар Россияга күч менен каратыла кошула баштаган.
19-к-дын аягы 20-к-дын башында Кыргызстанда капит. мамилелер пайда боло баштаган.
Россияда капитализмдин империализм баскычына өтүшү менен Кыргызстанда улуттук-бошт. кыймыл жана тап күрөшү курчуган, аз да болсо жумушчу кыймылы пайда болгон, революциячыл идеялар тарай баштаган (Кызыл-Кыя, Сүлүктү кендери ж. б.).
Мазмуну |
[оңдоо] Кыргыздардын Чүйгө келиши
XVIII кылымда – калмактардын Борб. Азиядагы баскынчылык согуштарынан улам Кара-Тегин, Ысар (Гиссар), Көлөп (Куляб), Ферганага сүрүлүп барган кыргыздардын ата журтуна кайтып келиши. К. Ч. к. тууралуу алгачкы жолу Б. Солтоноевдин эмгегинде (Кызыл кыргыз тарыхы) эскерилет. Иш жүзүндө ал кыргыздардын Кетмен-Төбөдөн көчүп, Ысык-Көлдүн түш.-чыгышы ж-а Иле д-нын Балхашка куйган жерге чейинки аймакты ээлешин камтыйт. Жалаң талоончул-согуштук жүрүштөргө ылайыкташып күчкө толгон Жуңгар хандыгы баюунун жаңы булактарынын азайышы ж-а Цин империясынын баскынчыл тышкы саясаты себеп болуп, 18-к-дын орто ченинде саясий-экон. кризиске учурап, алсырай баштаган. Натыйжада Фергана өрөөнүнө ооп, чачылып кеткен кыргыздардын кайтып, кайрадан биригүүсүнө ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Болжол м-н 1730–40-ж. Маматкул бийдин демилгеси б-ча Ферганада көчүп конуп жүргөн кыргыздарга кабар айтылып, алар адегенде Кетмен-Төбө, Тогуз-Торого көчүп келишкен. Ушундан кийин кыргыздар аттанып (Атаке, Качыке, Эр Солтоной), Талас, Чүй, анан Ысык-Көл, Иле өрөөнүндөгү калмакты сүрө баштаган. Элдик санжыраларда ал окуялар «он сан ойрот бузулганда», «калмакты качырганда» деп айтылат. Калмак Ички Жуңгарияны карай чегинип, Таластан Балхаш, Илеге чейинки жерлер бошоп калганда, Улуу жүздүн кээ бир сары уйсун, дуулат, чапырашты, чанчкылы ж. б. уруулары Талас, Чүй жагын, Орто жүздөгү наймандар Иле тарапты ээлеп калууга умтулса, калмактар мурунку басып алган Ысык-Көл, Ат-Башынын чыгыш, түш.-чыгышындагы жерлерге Цин империясы доомат кылган. Ушундай жагдайда Маматкул жардамчылары Кошой, Каработо сыяктуу бийлер м-н кеңешип, кыргыздарды эми Кетмен-Төбөдөн Талас, Чүй, Ат-Башы, Ысык-Көлгө көчүрүүнү сунуштаган. Биринчилерден болуп Ташкент, Түркстан тараптан Чүй багытына жыла баштаган казак урууларына бөгөт коюлган. Муну көргөн Төлө бий башында турган Улуу жүздүн кээ бир уруусу Орто жүз султаны Барактан жардам сураган. Ал макул болуп, 1750-ж. найман, кара кесек, коңурат урууларынан 4, 5 миң кол жыйнап, ага Төлө бийдин 500 колу кошулуп, кыргыздарга кол салган, бирок тез эле жеңилип калган. Бул согуш аяктагандан кийин Эсенкул баатыр Кебек бийди жиберип, Таластын Капкасында жыйын уюштуруп, Чүйгө көчүү тууралуу маселени кайрадан көтөргөн. Ушул жыйында Туума бий башындагы кушчу, саруулар ж-а Садыр баатыр жетектеген азыраак саяк (негизинен түнкатар) уруулары Талас–Олуя-Ата; Жайыл баатыр, Момокон башындагы солтонун талкан уруусу Олуя-Атадан Мерке–Кара-Балта; Кебек бий баштаган бөлөкбайлар Кара-Балта–Ысык-Ата; андан Кеминге чейин Качыке башындагы чекир саяктар; Кеминден Илеге чейин Атаке м-н Эсенкул башында турган сарыбагыштар көчүп, ата-бабалардан калган конушту коргойлу деген чечимге келишкен. Черикчи бий башында турган бугу-сарыбагыш уруулары 1760-жылдары Тогуз-Тородон Ат-Башы – Ысык-Көлгө көчүп, 1761-ж. Иле тарапта Черикчи башында турган миң түтүн сарыбагыш, миң түтүн саяк уруусу турган. К. Ч. к. 1755–56-ж-дары аяктап, акыркылардан болуп Кошой бийдин ашы өткөндөн кийин солтонун талкан уруусу көчүп келген. Чүйгө келгенден кийин бир-бири м-н кабарлашып, Байгара, Жамбыл, Кулжа-Башы тоолору, Балхаш көлү, Иле д. тараптан кол салган казактар ж-а Иленин башынан келген Цин империясынын аскерине каршылык көрсөтүп, аталган жерлерди коргоп турушкан. 1763–64-ж. Абылпеиз султан 2000 кол м-н Илеге жортуул уюштурганда, кыргыздар жооп кылып, казакты катары м-н үч жолу чаап кайткан. 1765-ж. жай, күз айларында Абылай султан дагы Илеге эки жолу жүрүш кылып, анын биринде кыргыздардын колуна түшүп калган. 1766-, 1769-, 1773-, 1779–80-жылдары Абылай кайрадан Кара-Балта, Олуя-Ата тараптан бир нече жолу жортуул жасап, акыры тынчтык келишими түзүлгөн. Ага карабай, чанчкылы уруусунун баатыры Бердикожо кыргыздарга каршы жортуулун токтотпой койгондуктан, Эсенкул баатыр башындагы кыргыздар аны 1785–86-ж. Балхаш көлүнө жакын, Жийде-Суунун жээги, Көкүм-Булак деген жерде колго түшүрүп өлтүргөндөн кийин кыргыз-казак арасы тынчып калган. Ал эми Цин империясы м-н кыргыздардын ортосундагы чек ара маселеси элчилик жиберүү аркылуу такталган.
Кыргыздардын эмгекчилери орус пролетариаты менен бирге Коммунисттик партиянын жетекчилиги менен социалдык жана улуттук эркиндиги үчүн падышачылыкка, эзүүчүлөргө каршы чечкиндүү күрөшкөп; Россиядагы 1905—07-жылкы рев-я, Февр. рев-ясы сыяктуу ири окуялардын жүрүшүнө да катышкан жана Улуу Окт. соц. рев-ясынын жеңишин кубаныч менен тосуп алышкан. 1917-ж. ишке ашкан Улуу Октябрь социалисттик революциясы Россиядагы эзилген элдерди, алардын ичинде айрым жакыр кыргыздарды да таптык жана улуттук эзүүдөн куткарды.
Натыйжада кыргыз эли тарыхый өнүгүштөн кечиккен элдер менен кошо ар тараптуу артта калуучулуктан кутулуу, капитализмди аттап социализмге шыдыр өтүү, коомдук-саясий өнүгүшү, экономикасы, маданияты жагынан алдыңкы злдерге теңелүү, соц. жана коммунисттик коомду курууга активдүү катышуу мумкүнчүлүгүн алды.
Кыргыздар узак тарыхый тагдырында кайрадан өз автономиялык улуттук мамлекетинө ээ болду.
Алар 1918—24-ж. Туркстан АССР нин составында турду. 1924-ж. 14-октябрда РСФСРдин составында Кара-Кыргыз (1925-жылдын майынан Кыргыз) АО түзүлдү, 1926-ж. февралда Кыргыз АО Кыргыз АССРине, 1936-ж. 5-декабрда Кыргыз АССРи Кыргыз ССРине айланды.
Совет бийлигинин жылдарында социалдык жана экон. өзгөрүүлөрдүн (индустриялаштыруу, айыл чарбасын коллективдештирүү, маданий революция) натыйжасында өлкөбүздөгү боордош калктардын, эң оболу улуу орус элинин тууганча жардамы менен кыргыз эли коомдук турмуштун бардык тараптарында эбегейсиз зор ийгиликтерге жетишти; соц. жана коммунисттик коомду куруу, Гражд. жана Ата Мекендик согуштарда Ата журтту коргоо, жалпы совет элинин материалдык жана духовный байлыгын арбытуу ишине белгилүү даражада салым кошту.
Совет этнографтары "Соц. курулуш процессинде кыргыз эли соц. улут катары калыптанып, элдердин жаңыча тарыхый жалпылыгы — совет элинин составдуу бөлүгүнө айланды" деп эсептеген менен, кыргыз улуту бир нече мамлекетке ыдыраса да (СССР, Кытай, Ооганстан, Түркия, Пакистан, ж.б.), кыргыз улуту чек араларга карабастан өзүн бирдиктүү улут катары сактай алган.
Кытайдагы кыргыздар, маселен, Ала-Тоодогу боордошторундай эле "Манас" дастанын сактап, иликтеп келишти. Алардан бараандуу манасчы Жусуп Мамай чыкты. Франсуз этнографы Реми Дор да ооган кыргыздарынын фольклорун иликтеп, алар да кыргыздын улуттук баалуулуктарын сактаганын баяндаган.
[оңдоо] Кыргыздардын Кесиби, үй тиричилиги, жашоо шарты
Окт. рев-ясына чейин Кыргыздардын негизги кесиби мал чарбачылык эле. Дыйканчылык менен кол өнөрчүлүк көмөкчү орунда турган. 20-к-дын башында Кыргыздардын көбү уруу-уруу, айыл- айыл болуп көчмөн жана жарым көчмөн жашаган, чоң айылдарда түтүндүн саны эки жүзгө жакындап барган. Түш. Кыргызстанда 19-к-да, Түн. Кыргызстанда 20-к-дын башында отурукташуунун негизиндө кыргыз кыш тактары пайда боло баштаган. Мал чарбасында кой, жылкы, уй, төө, топоз коп күтүлгөн. Дыйканчылыкта таруу, сулу, буудай, арпа, Түш. Кыргызстанда пахта, жашылча айдалган. Бакчачылык, аарычылык, балыкчылык, соодагерчилик кесиптерин Кыргыздар билген эмес. Капит. Мамилелердин пайда болушу менен кыргыз арасына тех. өсүмдүктөрдү (кендир, кара куурай, картошка) эгүү тарай баштаган.
Кыргызстандын түш. райондорунда жер айдоонун үч талаалуу системасы жана которуштуруп айдоо кеңири колдонулган. Жер иштетүүдө буурсун жана мала негизги курал болгон, кийин орус келгиндеринин таасири менен темир соко, темир мала колдонула баштаган. Өндүрүш куралдарынын жөнөкөйлүгү, көчмөн турмуштун жана коомдо феод.-патриархалдык мамилелердин өкүм сүрүшү а. чыгармаларынын өнүгүшүнө кедерги болгон. Кедей Кыргыздар түштүктө мардикерлик, чайрикерлик, түндүктө малайлык кылган. Кыргыздардын негизги турак жайы боз уй болгон. Кыргыздар жайында жайлоого чыгып, кышында жакага түшүп, кыштоодо кыштаган.
Кыргыздардын кийими негизинен жүндөн жана териден жасалган (к. Баш кийим, Кийим). Кыргыздардын тамак-ашы көбүнчө актан, эттен жана аштыктан турган. Эски кыргыз коомун соц. Негиздө кайра куруунун жүрүшүндө жана Кыргыздардын өнүккөн индустриялуу-агрардык респ-кага айлануу процессинде Кыргыздардын кесип-өнөрү, социалдык структурасы, жашоо шарты, тиричилиги түп тамырынан бери өзгөрдү. Отуруктуу турмушка өтүшү жана соц. коллективдүү чарбаларга биригиши Кыргыздардын дыйканчылык кесиптерин өздөштүрүшүн, мурдагы салттуу кесиптеринин жаңыча мазмун жана форма алышын шарттады.
Кыргыздардын арасынан жумушчу табы өсүп чыгып, 1978-ж. Кыргыз ССРинин ө. жайында иштеген жумушчулардын 30%инен ашыгыраагын түздү. Совет бийлиги тушунда кыргыздын көп түркүн улуттук интеллигенциясы калыптанды.
Кыргыздардын турак жайында жана жашоо шартында өтө чоң өзгөрүү болду: Кыргыздар туташ отурукташты, алардын бир кыйла бөлүгү шаарда жашай баштады. Кыштактарда Кыргыздар жашаган үйлөр (тамдар) да жаңырды, алар айрыкча ички жасалгасы боюнча шаардагы үйлөрдөн айырмаланбай бара жатат. Бирок Кыргыздардын турак жайында жана жашоо ыңгайында геогр. чөйрөгө, о. элө этногр. факторлорго байланышкан кээ бир улуттук өзгөчөлүктөр сакталууда. Түш. Кыргызстандагы кыргыз кыштактарында өзбек менен тажиктердин үй курулушундагы кээ бир өзгөчөлүктөр бар, ал эми Түн. Кыргызстандын кыргыз кыштактары орус жана украин кыштактарынын тибинде түшкөн. Жалпы Кыргыздар. жашаган үйлөрдүн ички жасалгасында боз үйгө таандык кээ бир элементтер да бар. Кыргыздын азыркы үйлөрү көп бөлмөлүү жана салынышы жагынан ар түрдүү.
Кыргыз кыштактары негизинен пландуу салынган, аларда мектеп, клуб, китепкана, үй тиричилик комбинаты, байланыш бөлүмү, почта ж. б. бар. Мурунку Кыргыздар урунган эмеректер азыр өндүрүштө жасалган көрктүү жыгач буюмдары менен алмашылууда. Айыл- кыштактын үй тиричилигине электр жарыгы, радио, телевизор, телефон, газ кирди. Кыргызстанда азыркы учурда шаарда жана кыштакта жашаган Кыргыздардын кийиминде анча деле айырма жок, көпчүлүгү европалыктарча кийинет, улуттук кийим көбүнчө айылда учурайт. Улуттук кийимдин кээ бир элементтери азыркы замандын кийимдерин жасоодо да пайдаланылып жатат. Кыргыздардын улуттук тамак-ашында да өзгөрүүлөр болду.
Шаар-кыштакка Европа, Кавказ, канатташ . Азия элдеринин тамактары жайылды, кыргыздын баштатан келе жаткан тамак-ашына да азыркы заманга ылайык жаңы белгилер кошулду. Соц. коомдун курулуш жана өнүгүш процессинде Кыргыздардын салт-санаасында, адеп-ахлагында, улуттук кулк-мүнөзүндө да чоң жылыштар болду. Элдик салттардын нускалуулары жаңы замандын шартына ылайык өзгөрдү, динге байланышпаган жаңы расмилер жаралды, боордош элдердин нускалуу жөрөлгөлөрү кабыл алынды. Өөрчүгөн улуттук аң-сезим, социализм ишинө берилгендик, коллективизм, жалпы сов. патриотизм, интернационализм кыргыз элинин негизги адептик сапаттарына айланды.
[оңдоо] Кыргыздардын Дини
Кыргыздар сунниттик ислам динин кармашат. Кыргыздарга ислам дини таралганга чейин жер-сууга, теңирге, отко, арбакка сыйынышкан (к. Шаманизм, Анимизм). Ислам дини тарагандан кийин деле мурунку диний ишенимдердин жана ырым-жырымдардын калдыктары сакталып калган.
1991-жылы эгемендуулук алгандан кийин, кыргыз элинин диний ишениминин кайра жаралу процесси башталып, акыркы жылдары уламдан улам күч алууда. Азырку убакта кыргыздардын көпчүлүгү сунниттик ислам динин кармашат.
Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районунда кыргыздардын бир нече миңдеген этникалык топтору жашашат. Алардын бир бөлүгү исламды, бир бөлүгү тибет-монгол формасындагы буддизмди карманышат.
[оңдоо] Кыргыз Маданияты
Тарыхый өнүгүшүндө Кыргыздар канатташ элдердин маданияты менен байланыштуу, бирок айкын оригиналдуулугу бар мад-тка ээ болгон.
Жазуунун жана басма сөздүн жоктугунан улам кыргыз эли духовный туундуларын оозеки түрдө жараткан. Ошол себептен кыргыз эли оозеки чыгармаларга өтө бай. Кыргыз фольклорунда эпос («Манас», «Курманбек», «Эр Табылды», «Кедейкан», «Олжобай менен Кишимжан» ж. б.) үстөмдүк кылган; о. эле жөө жомоктор, макал-ылакаптар, каада-салт, диний, санат-насыят, лирикалык ж. б. ырлар күчтүү өөрчүгөн. Кыргызда ырчылык (төкмөлүк) өнөр бийик даражага жеткен. Көп ырчылар профессионал абалында ыр чыгарышкан. Кыргыздардын элдик аспаптары — комуз, чоор, кыл кыяк, ооз комуз, сыбызгы, сурнай ж. б. Кыргыздардын иск-восу негизинен жасалга-колдонмо мүнөздө болгон. Андагы чеберчилиги жыгач, темир. сөөк, ташты коркөм иштетүүсүнөн. буюм тигүүсүнөн, согуусунан айкын көрүнөт. Улуттук оймо-чийме геометриялык мотивдерден куралат.
Кыргызстандын түш. райондорунда карапа буюмдарын жасоо өнүгө баштаган. Окт. рев-ясынан кийин Кыргыздар улуттук жазууга жана басма сөзгө ээ болуп, улуттук мад-тын өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк алды, ал эми маданий революциясынын натыйжасында туташ сабаттуу, өөрчүгөн илим-билимдүү жана мад-ттуу элге айланды; республикада 1618 сегиз жылдык жана орто мектеп (1975—76), 9 жог. окуу жайы, 33 орто окуу жайы бар. Калкынын 10 миң адамынын окуучулары боюнча Кыргыз ССРи Япония, Франция, Италия. Турция, Иран ж. б. өлкөлөрдөн озуп кетти. Респ-када Кыргыз ССР ИА башында турган көптөгөн ил.-из. институттар жана мекемелер бар. Респ-када көп сандаган газета, журналдар чыгарылат (к. Васма сөз). Совет бийлигинин тушунда кыргыздын профессионал искусствосу жана адаттары жаралып, калыпка салынды. Кыргыз жазуучуларынын, сүротчүлөрүнүн, скульпторлорунун, композиторлорунун, опера, балет, кино өнөрлөрүнүн улуттук өкүлдөрүнүн мыкты чыгармалары жалпы союздук жана дүйнө аренага чыгып, өлкөбүздөгү эң чоң сыйлыктарга арзыды жана чет элдик байгелерди жеңип алды.
Түрк тилдеринин кыргыз-кыпчак тобуна кирген кыргыз тилинде сүйлөшөт.
"Кыргыз" этноними чыгыш элдеринин айрым жазма булактарында гяньгунь, хягяс, гэгунь жана башка транскрипция менен биздин заманга чейин 203-201 жылдарда, Борбордук Азиядагы этностук жана саясый бирикменин наамы катары байыркы түрк жазма эстеликтеринде (болжол менен 6-9 кк.), Тяншанда жашаган элдин наамы катары араб, перс жана башка жазма булактарында (10-16 кк.) жолугат.
[оңдоо] Адабият
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2. Мында 70-71-беттерде.
- Абрамзон С.М. Киргизы и их этногенетические и историко-культурные связи / Л.: 1971. 404 с. (Переизд.: Фрунзе: 1990. 480 с. ISBN 5-655-00518-2)
[оңдоо] Интернеттеги шилтемелер
- Абрамзон С. М. Кыргыз жан Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. 1999, Б. ISBN - 9967-11-042-2
- Н. А. Аристов. Труды по истории и этническому составу тюркских племен. Б. 2003
- Н. а. Аристов. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001
- В. В. Бартольд. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер
- С.М.Абрамзондун эмгеги
- Анвар Байтур. Кыргыз тарыхы
- Кытайдагы кыргыздар тууралуу
| Бул макала дүйнө элдери тууралуу. Сиз, оңдоп жана толуктап долбоорго жардам бере аласыз. |
Cite error: <ref> tags exist, but no <references/> tag was found