Наалы эже

Википедия дан

Наалы эжекыргыз генеалогиялык маалыматтарында Ак уулдун Адыгине жана Тагай аттуу уулдарынан бир тууган эжеси катары баяндалат.

Санжырачылар моңолдор уруусун Көкө менен Наалы эжеден таратышат. Наал — моңгол тилинде «кызыл асыл таш, рубин» маанисин аныктайт. Генонимдин моңгол тилиндеги маанилик чечмелениши сөздүн так түшүнүгүн берет.

Буряттарда буддизм-ламаизмден баш тартып, шаманчылыкка ишенүүнү жогору коюп, түндүк тарапка паана издеп качкан эки кыз жөнүндө уламыштар айтылат. Онгонго (сыйынуучу касиеттүү нерсе, зат, жаныбар) хори кыздарынын бири Зулатан авгай (Зулатан таэже) же Нал-хатан эзы деп аталган. Буряттар айтылуу Нал-хатан эзини – күн кудайынын эпитети катары түшүнүшөт жана ага сыйынышат.

Генонимдин баштапкы мааниси анын Борбордук Азиянын байыркы түрк-моңгол элдеринин шаманизм менен байланышын ырастайт. Анткени, геноним бир эле учурда (кызыл) түстү, сыйынуу объектисин, күн кудайынын эпитетин чагылдырат. Мындан сырткары, кыргыздардагы Наалы эже, Чолпон уулу, Зуура эже жана башка генонимдер адамзат коому басып өткөн эзелки энелик доордон (матриархаттан) да кабар берет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Каратаев О.К. Кыргыз этнонимдер сөздүгү. Б.: 2003.

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.