Найман (уруу)

Википедия дан

Найман - ичкиликтер (Булгачылар) уруулук тобундагы эң ири уруулардын бири. Даректүү кытай жазма булактарда наймандар 8- к. Байкал көлүнөн түштүктө жашагандыктары баяндалат. Изилдөөчүлөр берген көпчүлүк маалыматтарда 9-к. орто чендерине карата наймандар Орхондон Таримге, андан Кара Иртышка чейинки аймактарда эскерилет. Айрым изилдөөчүлөр өз кезегинде наймандардын тогуз-огуз конфедерациясына киргендиктерин жазышат. 12-к. карата наймандар кубаттуу уруулук бирикмени түзө алышкан. Ушул эле кылымдын аяк чендеринде согуштук-саясий таасири бошоңдоп калган кыргыздарды наймандар жеңилүүгө учуратышкан. Бирдиктүү мамлекетүүлүктүн түзүлүшүнүн алгачкы этаптарында турган күч-кубатуу наймандар көчмөн түрк- монгол элдеринин бирикмеси катары белгилүү болгон этностук аталыш монгол-бурят тилдеринде «сегиз» санын түшүндүрөт. Арийне, бул көз карашка карама-каршы Н.А.Аристов этнонимди Катун дарыясынын куймасы болгон Найма суусунун аталышынан келип чыккандыгын билдирген пикирин жазат. 13-к. баш чендерине карата наймандар мамлекеттүүлүктүн алгачкы формасы болгон ири уруулук бирикмелерден турган. Наймандарда жазма маданияты өнүгүп, байыркы уйгур алфавитине негизденген жазуусу болгондугу маалым. Диний ишеним жагынан наймандар христиандар (несториан) болушкан. Айрым маалыматтарда моңголдор (Чыңгыз-хан) уйгур арибиндеги жазууну наймандардан кабыл алышкандыктары айтылат. 12-к. аягы 13-к. башында өз карама-каршылыктардан улам наймандардын уруулук союзу начарлап, ыдырай баштаган эле. Чыңгыз хандын аскерлеринин кысымы астында наймандар 13-к. баш чендеринде Фергана, Жети Суу жана Кашкарды көздөй чегинишкен. Бул мезгилдерде наймандарды Таян хан, андан соң Күчлүк деген хандар бийлеген. Наймандар кийинки түрк тилиндеги сүйлөгөн элдердин дээрлик басымдуу бөлүгүнүн курамына этнокомпонент катары киришти. Этнонимдин параллели казак, өзбек, каракалпак, ногой, башкыр, алтай жана монгол тилдүү буряттардын курамдарынан кезиктирүүгө болот. Учурда эң ири уруу, көп сандуу наймандар кыргыз этносунун түптөлүшүнө негизги ролду ойношкон. Тарыхый маалыматтарга караганда, наймандар кыргыздардын курамына этнокомпонент катары 11-12-кк. кеч эмес киришкен. Бул уруунун өкүлдөрү Кадамжай, Ноокат, Карасуу, Чоңалай, Баткен, Өзгөн, Сузак, Араван, Өзбекстандын Вуадил, Наманган, Анжиян, Тажикстандын Жергетал, Мургаб, Шаартуз, Нау, Пролетар жана башка аймактарын эзелтеден мекендеп келишет. Негизги уруктары: зирек найман,көн найман,кара найман, туума тукум, шыргоо, чандеки, куран найман, үркүнчү, босторгой, мырза найман, көкө найман, кожо найман, бөө найман, кийик найман, беш найман, өтөй найман, базар балдар жана башкалар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]