Ислам

Wikipedia дан
Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкСадака

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар
(La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) •
Адил халифтер(رضي الله عنه.png)
Сахабалар(رضي الله عنه.png)


Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖихад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий


Исла́м (арабча: الإسلام [al-ɪsˈlæːm]) — монотеисттик дүйнөлүк дин болгон 3 чоң диндин бири. «Ислам» сөзү - «Кудайга баш ийүү», «багынуу» ( Аллахтын закондоруна), тагыраак айтканда Алла Тааланын амирине моюн сунуу дегенди түшүндүрөт.

Шарият термининде ислам бул толук, абсолюттук түрдө жалгыз Аллахка сыйынуу, Аллахтын буйруктарына жана тыюууларына баш ийүү, башка кудайчаларга сыйынуудан четтөө. Ислам дининде (исламды карманып) жашаган адамдар - мусулман деп аталат. Исламдын башкы ыйык китеби - Куран.

Мухаммед пайгамбардын (La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) хадистери боюнча баардык элге Аллах тарабынан монотеисттик жолду көрсөтүп туруучу пайгамбарлар жөнөтүлүп турган (баардыгы 124 000 ге жакын). Бирок, убакыттын өтүшү менен адамдар адашуу жолуна түшө башткашкан, ал эмес кээ бирлери Ыйык Китептерге өздөрүнүн көз карашын кошуп бурмалап көрсөтүшкөн. Аллах тарабынан жиберилген пайгамбарлардын ичинен эң акыркысы Мухаммед пайгамбар (La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) болгон, жана Мухаммедден кийин эч бир пайгамбар болбойт деп айтылган.

ىسلا́م (ارابچا: الإسلام [al-ɪsˈlæːm]) — مونوتەىستتىك دۉينۅلۉك دىن بولعون ۳ چوڭ دىندىن بىرى. "ىسلام" سۅزۉ - "قۇدايعا باش ىيۉۉ"، "باعىنۇۇ" ( اللاحتىن زاقوندورۇنا)، تاعىرااق ايتقاندا اللا تاالانىن امىرىنە مويۋن سۇنۇۇ دەگەندى تۉشۉندۉرۅت.

شارىيات تەرمىنىندە ىسلام بۇل تولۇق، ابسوليۋتتۇق تۉردۅ جالعىز اللاحقا سىيىنۇۇ، اللاحتىن بۇيرۇقتارىنا جانا تىيۋۇۇلارىنا باش ىيۉۉ، باشقا قۇدايچالارعا سىيىنۇۇدان چەتتۅۅ. ىسلام دىنىندە (ىسلامدى قارمانىپ) جاشاعان ادامدار - مۇسۇلمان دەپ اتالات. ىسلامدىن باشقى ىيىق كىتەبى - قۇران.

مۇحاممەد پايعامباردىن حادىستەرى بويۋنچا بااردىق ەلگە اللاح تارابىنان مونوتەىستتىك جولدۇ كۅرسۅتۉپ تۇرۇۇچۇ پايعامبارلار جۅنۅتۉلۉپ تۇرعان (بااردىعى ۱۲۴ ۰۰۰ گە جاقىن). بىروق، ۇباقىتتىن ۅتۉشۉ مەنەن ادامدار اداشۇۇ جولۇنا تۉشۅ باشتقاشقان، ال ەمەس كەە بىرلەرى ىيىق كىتەپتەرگە ۅزدۅرۉنۉن كۅز قاراشىن قوشۇپ بۇرمالاپ كۅرسۅتۉشكۅن. اللاح تارابىنان جىبەرىلگەن پايعامبارلاردىن ىچىنەن ەڭ اقىرقىسى مۇحاممەد پايعامبار) بولعون، جانا مۇحاممەددەن كىيىن ەچ بىر پايعامبار بولبويت دەپ ايتىلعان.


Исламдын тарыхы[оңдоо]

Аль-Бухари имамынын хадиси боюнча 610 жылдын Рамазан айында Мухаммед пайгамбардынLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png 40 жашында, Хира үңкүрүндө Мухаммед пайгамбаргаLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png Жабреиль периште келип, Курандын алгачкы 5 аятын үйрөткөн. Бул жылды (610-ж.) Исламдын пайда болгон жылы катары кароого болот. Пайгамбарлык милдет жүктөлгөндөн баштап 3 жыл Мухаммед пайгамбар өзүнүн жакындарын исламга жашыруун түрдө чакырган. Бул мезгилде исламды өзүнүн жубайы Хадиджа, Али ибн Абу Талиб, Абу Бакр баш болуп 40 киши кабыл кылган.

ال-بۇحارى ىمامىنىن حادىسى بويۋنچا ۶۱۰ جىلدىن رامازان ايىندا مۇحاممەد پايعامباردىن ۴۰ جاشىندا، حىرا ۉڭكۉرۉندۅ مۇحاممەد پايعامبارعا جابرەىل پەرىشتە كەلىپ، قۇراندىن العاچقى ۵ اياتىن ۉيرۅتكۅن. بۇل جىلدى (۶۱۰-ج.) ىسلامدىن پايدا بولعون جىلى قاتارى قارووعو بولوت. پايعامبارلىق مىلدەت جۉكتۅلگۅندۅن باشتاپ ۳ جىل مۇحاممەد پايعامبار ۅزۉنۉن جاقىندارىن ىسلامعا جاشىرۇۇن تۉردۅ چاقىرعان. بۇل مەزگىلدە ىسلامدى ۅزۉنۉن جۇبايى حادىدجا، الى ىبن ابۇ تالىب، ابۇ باقر باش بولۇپ ۴۰ كىشى قابىل قىلعان.

Исламга ачык түрдө чакыруу[оңдоо]

613 жылы Мухаммед (С.А.В) пайгамбарLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png элдерди исламга ачык түрдө чакыра баштаган. Меккени башкарып турган адамдар МухаммедгеLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png кастык менен мамиле кылышып, пайгамбардын абалы коркунучтуу болуп калган. Ошондуктан 622 жылы Мухаммед пайгамбарLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png Медина шаарына көчүүгө мажбур болгон.

Мухаммед пайгамбарLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png Мединада[оңдоо]

Медина шаарында жашаган ауса жана жазрадж уруулары ислам динин кабыл алып, Мухаммед пайгамбардынLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png жактоочулары болуп калган. МухаммедLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png өмүрүнүн акырында толук Араб жарым аралын ээлеп турган теократиялык өлкө - Араб халифатын түзгөн.

Исламдын түзүлүшү[оңдоо]

Исламдын ички түзүлүшү Ыймандан жана Динден турат. Ыймандын (исламдын чындыгына ишенүү) негизинде

  • Аллахтан башка кудай жок, МухаммедLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png Аллахтын кулу жана элчиси экенине ишенүү
  • Куранга ишенүү
  • Пайгамбарларга ишенүү
  • Периштелерге ишенүү
  • Кыямат күндүн болооруна ишенуу
  • Тагдырга ишенүү
  • Өлгөндөн кийин кайра тирилүүгө ишенүү

жатса, ал эми динде

  • "Аллахтан башка кудай жок, Мухаммед Аллахтын кулу жана элчиси" деген келмеге ишенүү
  • Күндө беш ирет намаз окуу,
  • Рамазан айында орозо тутуу,
  • Зекет берүү,
  • Ажыга баруу (белгилүү өлчөмдө байлыкка жетсе)

жана башка диний милдеттер белгиленген.

Кыргыз эли жана Ислам[оңдоо]

Кыргыз эли да Октябрь төңкөрүшүнө чейин эле Ислам динин туткан. Айрым маалыматтарга караганда Ислам кыргыз арасына болжол менен 12-кылымдын ортосунда тарай баштаган. Бул процесске кийинчерээк кокон хандыгы чоң үлүшүн кошот. Исламдын кыргыз арасына кокондук мусулман миссионерлер (шайык, эшен, кожо, дубана-дэрвиш ж. б.) тартышып, ага биринчи кезекте уруу төбөлдөрүн тартышкан, алардын ичинде Исламдын таасири аздыр-көптүр күчтүүрөк болгон.

Ислам тууралуу Мухаммед пайгамбардынLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png хадистери[оңдоо]

  • «Ислам беш нерсеге негизделген: (Алар): Аллахтан башка Аллах жок жана Мухаммад (La bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) Аллахтын Расулу (Элчис Кабатуллага) зыяратка баруу (ажыга баруу) жана Рамазан айында (балагатка жеткен ар бир мусулман аял - эркек бир ай) орозо тутуу». (Бухари жана Муслимдер тарабынан келтирилген).
  • Абу Амранын ал, Абу Суфиян ибн Абдулла деп да айтылат (ра) айтымында:

Мен айттым: «О Алланын Элчиси! Мага Исламда (ислам тууралуу) бир сөз айтып берчи аны Сенден башкадан сурабайын» (Алланын элчисиLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png) айтты: «Аллахка ишенем деп айткының да, түз жүр!» (Муслимден).

  • Зайд бин Талханын (Аллах андан ыраазы болсун) айтуусунда Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллоллоху алайхи ва салламLa bracket.pngMohamed peace be upon him.svgRa bracket.png): «Ар бир диндин өзүнө (гана) таандык мүнөздүк айрымасы болот, ал эми исламдын мүнөздүк айрымасы – жупунулукта»,– деген. (Моввата, ибн Мажжа жана Байхакы).


Интернеттеги шилтемелер[оңдоо]