Азан

Википедия дан

Аза́н (арабча: أَذَان) — Исламда намазга болгон чакырык. Азан айткан киши — муэдзин (азанчы) деп аталат. Азанды адатта бийик жерден, секичеден, мечиттин мунарасынан, намаз маалы киргенде айтылат. Азан айтуу учурунда азанчынын колдору (бармактары) кулагынын ылдыйкы учуна тийип, жүзү кыбыланы карап турушу керек. Азан айтылып бүткөн соң дуба окулат. Азан айтылгандан бир аздан кийин парз намазынын алдында коомат айтылат.
Жаңы төрөлгөн балдарга да Азан чакырып, баланын оң кулагына атын шыбырап ат коюлган.



Азандын тексти "Атамерек Мечити"[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Саны Арабча тексти Транскрипция Кыргызча мааниси
2 жолу الله أكبر الله أكبر Алла́hу А́кбару-Лла́hу А́кбар Аллах Улук, Аллах Улук
2 жолу أشهد أن لا اله إلا الله Ашhаду ал-ля́ Иля́hа илля-Лла́h Аллахтан башка Кудай жок экендигине күбөлүк берем
2 жолу أشهد أن محمدا رسول الله Ашhаду анна Мух̣аммадарРасу́лю-Лла́h Мухаммед Аллахтын элчиси экендигине күбөлүк берем
2 жолу "ar" dir="rtl"|حي على الصلاة Хайя ‘аля с̣-с̣оля́h Намазга шашылгыла
2 жолу حي على الفلاح Хайя ‘аля ль-фаля́х Кутулууга шашылгыла
2 жолу الصلاة خير من النوم Ас̣-с̣аля́ту х̮айру мина-н-наўм Намаз уйкудан таттуу
1 жолу الله أكبر الله أكبر Алла́hу А́кбару-Лла́hу А́кбар Алла́х Улук, Алла́х Улук
1 жолу لا إله إلا الله Ля́ Иля́hа илля-Лла́h Аллахтан башка кудай жок


Азан айтылышынын тартиптери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Азанчы дааратын алып, кыбылага карап,тике турган абалда бармактарын кулактын ичине төшөп,азан чакыруу керек.Азандын ар бир сөзүн ачык, даана созуп айтуу керек.

Азандагы Хайя ‘аля с̣-с̣аля́хдегенди оң тарапка карап айтып,Хайя ‘аля ль-фаля́х-дегенди сол тарапка карап айтуу керек..

  • Азан чакырылганын уккан учурда көчөдө басып бараткан адам токтоп,бир жерге отура калып,азанды аягына дейре угуусу керек. Айтылып буткөндөн кийин Азан дубасын окуп,бата кылып,ордундан туруп кетет.
  • Азанчы Хайя ‘аля с̣-с̣аля́х-дегенде угуп жаткан киши ВАЛАА ХАВЛА ВА ЛАА КУВВАТА ИЛЛА БИЛЛААХИЛ АЛИЙ ЙИЛ АЗИМ -деп айтуу керек..
  • Азанчы Хайя ‘аля ль-фаля́хдегенде угуп жатакандар МАШАА АЛЛАХУУ КАНА ВА МАЛАМ Я ШАЪЛАМ ЙАКУН-деп айтуу керек..
  • Эскертуу:эртең мененки "Багымдат"намазы алдында азанга бир соз кошулуп айтылат.Ал мындайча Хайя ‘аля ль-фаля́х-деп айткандан кийин:АССАЛАТУ ХАЙРУМ МИНАН НАВМ

-деп кошуп айтуу керек.(намаз уйкудан абзел деген маааниде)..


Биринчи азан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эң биринчи азанды Мухаммед пайгамбардын убагында Медина шаарында Билял ибн Рабах аттуу сахаба айткан. Билял эң биринчи азанчы болуп саналат.

Азан дубасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аллохумма робба хаазихи даватит-тааммах Вассолаатил-каиммах ати. Мухаммаданил-васийлата вал фазийлах ва басху макоомам махмууданиллазий ва адтах,ва рузук на шафа-атаху явмал кыйаамах,иннака ла тухлифулмий ад! - деп бата кылып,азан чакырууну аяктайт.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ислам таалимдери" "Маснун дубалар"

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]