Аллах

Википедия дан

Аллах (Алла) (араб. الله Звук [ʔalˤːɑːh], Аллаh) - бардык бүтүндөй нерселердин жаратуучусу жана башкаруучусу, б.а. Кудай, Жараткан, Алла Таала десе да болот. Андан башка эч ким мындай сапатка ээ эмес. Аллахдын болушу ааламдар үчүн абдан зарыл, ал эми жок болушу мүмкүн эмес. Ал эч нерсеге муктаж эмес. Аллахдын тең келүүчүсү жок жана бул Анын абсолюттук жалгыз экендигин түшүндүрөт.

Ислам динине байланыштуу макалалар

Ислам

Islam

Ислам тарыхы

Ыйман

КелмеПериштелерЫйык китептерПайгамбарларАкыретТагдыр

Ислам негиздери

КелмеНамазОрозоАжылыкЗекет

Китептери жана мыйзамдары

КуранСүннөтХадис
Сира
ШариятМазхаб

Тарых жана ислам өкүлдөрү

Мухаммед пайгамбар () •
Адил халифтер ()
Сахабалар ()

Мусулман түшүнүктөрү

АзанБатаДааратПарзДааватТалакГусулЖин

Коомдогу орду

Ислам таанууИлим
ӨнөрМечитЖыл санакМайрамдарАялзатынын ордуЖыхад

Кошумча караңыз

Ислам порталыГлоссарий

Аллах - чыныгы Кудайга, Жаратканга жана бардык эң сонун ысымдар менен сапаттар ээси, Бир гана, Жалгыз гана болгон, бардык нерселердин Эгесине ылайык аталган ат, өздүк ысым. "Аллах" ысмы "Аль" артиклинен жана "Илях" сөзүнөн түзүлүп, "бардыгы ага сыйынган зат", "сыйынууга татыктуу" деген маанини камтыйт. "Аль" артикли сыйынууга татыктуу болгон Жападан жалгыз чыныгы Кудай дегенди түшүндүрөт. Белгилей кетүүчү нерсе; Аллах сөзүнүн көптүк сандагы формасы жок жана ар дайым жекелик санда гана айтылат.

"Аллах" сөзүнүн тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Аллах" сөзүнүн араб көркөм жазуусу менен жазылышы

"Аллах" (Аль-Илях) сөзү азыркы арабдар менен еврейлердин түпкү теги болгон байыркы семиттерге эле белгилүү болгон. Байыркы семиттер Кудайды Элох (Элоах) деп аташкан. Бул сөз - Кудайдин ысымдарынын бири Элох деп - "Бытие" Ветхозаветтик китебинде жолугат. Ошол убакта жалгыз Кудайды ар кайсы элдер өз тилинде ар кандай аташкан. Бул аттардын (ысымдардын) бардыгы Ага гана тиешелүү.

Куранда "Аллах" жөнүндө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аллах түбөлүк жана башталышы да, аягы да жок. Аны адамдын акылы менен аңдап билүү, элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, Анын кээ бир атрибуттук сапаттары адамдын түшүнүгүндөгү окшоштуруу аркылуу сыпатталат. Б.а., мисалы, Анын бар экендигин жана укмуштуулугун айтса болот.

Курандан бул дүйнөнүн феномендерине байкоо салуу, алардын үстүнөн ой жүгүртүү сыяктуу көптөгөн чакырыктарды жолуктурсак болот:

«Акыйкатта, асманда жана жерде ишенгендер үчүн белгилер бар! Силердин жаралышыңарда да, Ал тарабынан жаныбарлардын таралышында да ишенген адамдар үчүн белгилер бар, күн менен түндүн алмашып туруусунда да, анан да, Аллахтын асмандан жаан жаадырып, кургаган жерди жандантканында жана шамаалдардын багытында да акылга ээ адамдар үчүн белгилер бар». (45:3-5).

Бардык мезгилдерде адамдар Кудайдын, б.а. ааламдын Жаратканы бар экендиги тууралуу билимге ээ болгон. Байыркы ойчулдар ааламдын, адамдын пайда болушу, жаралышы жана анын орду жөнүндөгү суроолорго жооп издешип, көбүнчө интуиция (туюу) менен ушундай чечимге келишер эле. Бирок, байыркы ойчулдар башкы негиздин болгондугун моюнга алуу менен, көбүнчө Ага жекечелик атрибуттарды кошушчу эмес жана Аны ааламдан чексиз ыраакта деп элечтетишкен. Байыркы адамдардын примитивдүү (жөнөкөй), мифологиялык аң-сезими дагы алардын көпчүлүгүнө ар кандай проблемаларга туура суроо коюууга жана аларга туура жооп берүүүгө мүмкүндүк берген эмес. Куранда бардык эле адамдар, анын ичинен бутпарастар да Бир гана Жаратуучунун бар экендигин билишет, бирок, аны менен кошо жалган кудайчаларга да сыйынышары айтылган:

- Ал силерди кургакта жана деңизде жүргүзөт. Силер кемеде болгонуңарда кеме аларды сыдырым соккон жел менен алып барат, алар бирге сүзүп кубанышат. Качан аларга катуу шамал жетип, килейген толкундар ар тараптан ургулай баштаганда, алар өздөрүн өлүмгө дуушар болчудай сезишип, чын ишеним менен Аллага жалбара башташат: “Эгер Сен бизди куткарсаң, биз шүгүр кылуучулардан болобуз!” (– дешет). Ал аларды куткарган кезде, алар жер үстүндө адилетсиз иштерди кылат. Эй инсандар! Силердин кылган жаман ишиңер (ээн-баштыгыңар) өзүңөр үчүн гана. Ал (ишиңер) болгону бул дүйнө менен ырахаттануу. Андан соң силердин кайтып келээриңер Бизге (гана). Жана ошентип Биз силерге эмне кылганыңардан кабар беребиз. (10: 22-23);
- «”Биз аларга (б.а. бут кудайчаларга) бизди Аллахка жакындатсын деп гана сыйынабыз”. Aллax алардын эмнеси менен айырмаланганына калыс болот!» (39: 3).

Тарыхта "Кудай" түшүнүгү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы грек жана инди философтору боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бир жагынан жаратылышка жана жаралуунун маңызына байкоо салуу, башка жагынан болмуштун маңызына ой жүгүртүү байыркы философторго тиешелүү болгон. Буга мисал катары Фалес, Анаксимандр, Анаксимен ж.б. ойчулдарды келтирүүгө боллот. Бардыгы кайдан пайда болот, анан бардыгы эмнеге айланып кетет деген суроолорду коюу менен, алар бүт нерселердин башталышын жана өзгөрүшүн издешкен. Байыркы дүйнөнүн дүйнөлүк көз караштагы доктринасы болгондой бир гана жекелик үстөмдүк негизине моюн сунуудан баштартуу Аристотель айткандай жыйынтыкка алып келген: «Алгачкы философтордун көбүнчөсү бардыгынын башталышы бир гана материалдык негиздер болгон деп эсептешкен, атап айтканда, бардык нерселер эмнеден турат, эмнеден чыгат жана өлүп эмнеге кайтат…». Мисалы «Фалес бардыгынын башталышы суу болгон деп эле айткан… Анаксимен менен Диоген болсо аба суудан мурдараак болгон деп эсептешкен жана жөнөкөй заттарды башталышка коюшкан». Ал эми Аристотельдин өзү болсо, болмуштун негизинде кандайдыр бир башматерия жатат жана ал 4 материальдык стихиядан: от, аба, суу жана жерден түзүлөт деп эсептеген.

Окшош көз карашты байыркы инди коомунан да байкасак болот. Байыркы гректер сыяктууу эле алардын ой-пикирлери да материалдык түшүнүктөн өткөн. Башта асман менен жерге "чексиздик, мейкиндик, жемиш бергичтик" сыяктуу физикалык касиеттерди гана жармаштырышкан. Жерге болсо «бал бергич», «толо сүт» деген касиеттерди ыйгарышкан. Башында көз карандысыз нерсе катары каралган асман менен жерге, кийинчерээк аны жакындаштырып салышкан. Жерди асман тарабынан уруктандырылган төрөөчү эне катары карап калышкан.

Бирок, ошол эле байыркы гректер жана индилер болмуштун жаралыш маселеси материя менен гана түшүндүрүлө алгыс экендигин түшүнүшкөн. Себеби, ааламдагы феномендердин ар түрдүүлүгүн ушул себеп менен гана айтуу мүмкүн эмес эле. Ошондуктан алар экинчи башсебепти - кудайды келтиришкен. Бирок бул кудайы монотеисттик (бир гана Кудайга сыйынуучулук) түшүнүктөгү Кудайдын үлгүсү эмес эле. Алардын кудайы жекечелик эмес жаңы формага айланып туруучу негиз болгон. Материянын жана кудайдын мамилеси, кээ бир античтик философтордо кол өнөрчүнүн сырьену (чийки затты) жууруп бир нерсе жасоосу сыяктуу мүнөздөлөт. Башкалары (мисалы, Аристотель) кудайды кыймылга салыштырышкан, анын функциясы бардык дүйнөлүк процесстерди кыймылга келтирген кыймылдаткычтын ролунда деп эсептешкен.

Ошентип, ааламдын баш себептери тууралуу суроого келгенде, байыркы коомдордун көз караштары көбүнчө учурларда материя менен кошумча кудайдын дуализмине такалышкан. Бир мезгилде эле материалдык образдардын персофикацияланышы жолу менен бул түшүнүктөрдүн аралашуу процесси жүргөн. Бардык материалдык обьекттер жана процесстер сөлөкөттөндүрүлүп (кишиге окшоштуруп көрсөтүлүп), аларга кудайга таандык (негизинен антропоморфтук) атрибуттар кошумчаланган.

Ибрахимдин ою[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы ойчулдардын ой жүгүртүүгө негизделген байкоолору жогоруда көрсөтүлгөн натыйжалар менен гана чектелген эмес. Кээ бир адамдар грек жана инди философтору кызыккан бардык суроолорго башкача көз карашта жооп беришкен. Мунун ачык мисалы катары, Куранда баяндалган Ибрахим пайгамбардын ой жорткон окуясы болуп саналат. Анда анын ой жүгүртүүгө негизделген жыйынтыктары аркылуу бир гана Жараткан-Кудай бар экендиги тууралуу ойго келгендиги айтылат. Бул жөнүндө Курандын төмөнкү аяттарында эскертилет: «Түн кирген кезде ал жаркылдаган жылдызды көрдү да: «Бул – менин кудайым» – деди. Ал (жылдыз) батып кеткенде, ал: «Өзгөрүп кетүүчүлөрдү сүйбөйм» – деди. Айды көргөн кезде: “Менин кудайым ушул” –деди. Ал да батып кеткенде: “Эгерде Эгем мени Туура Жолго салбаса мен да адашкан коомдун катарында боломун” – деп айтты. Чыгып келаткан Күндү көргөн кезде: “Менин кудайым ушул, Ал (баарынан) чоң” – деди. Ал да батып кеткенде: “Эй, менин элим! Силер шерик келтирип жаткандардан мен алысмын” – деп айтты. “Мен өзүмдүн жүзүмдү асман менен Жерди акыйкаттык менен жаратканга бурдум жана шерик кошчуулардан эмесмин” – деди. » (6: 76-79). Бул аятта көрүнгөндөй, Ибрахимдин ой жүгүртүүсүнүн айрып кароого мүнөздүү болгон өзгөчөлүгү, анын Жараткандын үстөмдүк жана кудуреттүүлүк маңызынын зарылдыгына негизделгени болгон. Анын пикирлеринин бардык жүрүшү жаратылыштын тигил же бул обьектинин ааламга болгон үстөмдүгү барбы деген тыянакка такалган. Феноменалдуу ааламдын материалдык негиздери персонифициялоого жана кудай кылууга татыктуубу? Бир бириктиргич негиз болбосо, ааламдын бар болушу мүмкүн эмес, материалдык болмуштун ар кандай көрүнүштөрү арасында гармония болмок эмес эле. Ушуга окшош ой жүгүртүүнүн жүрүшү Курандын көбүнчө сүрөөлөрүндө лейтмотив катары өтөт.

Курандагы Ибрахимдин ой жорткону тууралуу окуясы байыркы Греция менен Индиянын ойчулдарынын болмуштун маңызына болгон ой жүгүртүү ыкмасынан жана мамилесинен кыйла айырмаланат. Ибрагим материалдык обьекттер ааламдын башсебеби болушу мүмкүн деп ойлогон эмес. Анын ой жортуусунун бардык ыкмалары бүт материалдыктардын аягы бар дегенде турган. Бирок албетте, Кудайга таандык атрибуттарга ээ эместеринин гана. Мунун алдында Ибрагим материалдык дүйнөнүн Жаратуучусу ким деген суроого такалат, муну менен кошо, ааламды ким башкарат деген суроо келип чыгат. Башкача айтканда, Ибрахимдин ой жортуусунун маанилүү аспекти болуп, Кудайдын бийлиги тууралуу суроо болгон. Ушунусу менен, анын ыкмасы ой жүгүртүүдө бийлик маселесин койбогон байыркы грек жана инди ойчулдарынын ыкмалары менен чукул карама каршы турат. Ааламды ким башкарат деген суроосу Ибрахимдин ичинде ишеничке батып кубануусуна, бир Кудайды таануусуна себеп болду. Б.а., кудайга таандык бардык укмуштуу атрибуттарга ээ болгон жана байыркы философиядагыдай өзүнө таандык касиеттери жок абсолютту эмес, конкреттүү жеке Жаратканды тааныган. Ибрахим философиялык кыйын системаларды түзгөн эмес, бирок, антсе да анын ааламдын башсебеби тууралуу суроосуна болгон ыкмасынын жөнөкөйлүгү аны улуу ойго (идеяга) алып келди. Ал ой кийинчерээк жалпы адам баласынын монотеисттик дүйнө-көзкарашынын негизине жаткан. Дал ушул көз карашка, бардык ой жортмолорду жана байыркы философтордун теорияларын ашып өтүп, дүйнөнүн көпчүлүк элдеринин эң кең массасынын энчиси болууга буюрулган эле.

Аллах жана пайгамбарлык[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Белгилей кетүү керек, исламдык алгачкы булактарга таянсак, Аллахтын бар болушун түшүнүү жана ага байланыштуу билимдер адам баласына ааламдын жаралышына карата ой жүгүртүүлөр жана ой жорттуруучу жыйынтыктар аркылуу гана келген эмес. Жараткан өзү ар кандай доорлордо дүйнөнүн ар кайсы элине Өзүнүн элчилерин (пайгамбарларын) жөнөтүп турган жана алар бир гана кудай бар деген ойго үгүттөп, ар кайсы коомдорго Аллах тууралуу жана Анын атрибуттары жөнүндөгү дагы конкреттүүрөөк билимдерди алып келип турган. Бул билдирүүлөрдү Кудай аян (вахй) аркылуу жиберген.

Ортодокстуу мусулман доктринасы адамзаттын биринчи пайгамбары катары Адамды (а.с.), ал эми акыркысы катары Мухаммедди (с.а.в.) атайт. Кудайдан келген пайгамбарлардын жалпы саны бир топко чейин барат, бирок Куранда 25 гана пайгамбардын аты аталат. Ал пайгамбарлар Адам (а.с.), Идрис (а.с.), Нух (а.с.), Худ (а.с.), Салих (а.с.), Лут (а.с.), Ибрахим (а.с.), Исмаил (а.с.), Исхак (а.с.), Йакуб (а.с.), Йусуф (а.с.), Шуайб (а.с.), Муса (а.с.), Харун (а.с.), Давуд (а.с.), Сулайман (а.с.), Аййуб (а.с.), Зулькифл (а.с.), Йусуф (а.с.), Ильяс (а.с.), Аль-Йаса (а.с.), Закария (а.с.), Йахйа (а.с.), Иса (а.с.) жана Мухаммад (с.а.в.). Ошондой эле, Куранда аты аталган Узайр, Локман жана Зулкарнайндын пайгамбарлыгы тууралуу мусулман окумуштууларынын арасында бирдиктүү ой жок. Кудайдан келген пайгамбарлар (жүрөккө) көңүлгө сакталуучу билим жөндөмүнө энчи болгон эмес. Бирок, аларга Аллах тарабынан аян алуу (кайып-байланыш, откровение) жөндөмү берилген. Кудайдын буйруктарын жаюуда алардын жаңылышы эч мүмкүн эмес. Бирок алар Кудайдын аяндарынан тышкары өз алдынча чечим чыгарганда жаңылышы мүмкүн эле. Бирок мындай учурларда Аллах алардын каталарын түздөп турган.

Куран аятына ылайык: "Анын пайгамбарларын кимиси болбосун ажыратып карабайбыз" (2: 285), мусулмандар үчүн Кудайдан келген пайгамбарларды айырмалабоого буюрулган. Ошентсе да, пайгамбарлардын миссиялары ар башка болгон. Алардын бардыгы өздөрүнүн коомуна жөнөтүлүп, бир гана акыркы пайгамбар болгон Мухаммад жалпы адам баласына атайын миссиясы менен жөнөгөн жана Кудайдан келген эң акыркы мыйзамды, б.а. Куранды алып келген. Ушуга байланыштуу, ислам дининде ага дүйнөлүк статуска ээ болуучу өзгөчө орун берилет. Дал ушул пайгамбарлык аяндарда Аллахтын атрибуттары жана жекелик сапаттары тууралуу маалыматтар камтылган.

Аллахтын маңызы, атрибуттары жана ысымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аллахтын болмушу бул адам акылы жеткис нерсе. Анын Өзү жараткан жарытылыштан айырмасы, Анын эч ким тарабанан жаратылган эместигинде. Анын болмушу Анын өзүнөн туруп, Ага окшош эч нерсе жок. Аллах болгон бүт нерселерди жоктон жараткан жана анын барын бир ирээтке келтирилген абалда кылган. Башкача айтканда, бүт ааламдар жана болмуш түзүлүштөр өз ара үзгүтүксүз байланышта жана гармонияда жайгашкан. Ал ошондой эле жаратылган дүйнөдөгү бардык процесстерди жана окуяларды башкарат. Ошондой эле, Аллах жашоонун бардык формаларынын жаратканы жана алардын тиричилик аракетин сактап турат. Аллах ошону менен бирге бардык адамдар, жаныбарлар жана өсүмдүктөр үчүн чектелген жашоо мөөнөтүн орноткон. Убакыттын соңу катары ошол эле кыймылсыз жаратылыштын объекттери болуп саналат.
Ааламдагы бардык нерсе, каалаганын кыла алган Аллахтын эрки менен гана ишке ашат. Ал гана абсолюттук эркке жана кудуретке ээ. Ал билбей эч нерсе болбойт. Аллах адамдын акылы жеткис образда бардыгын көрүп жана угуп турат, жана Анын назарынан эч нерсени жашырууга мүмкүн эмес. Ал бардык нерсенин жалгыз гана анык Кожоюну болуп саналат.
Аллахтан бөлөк кудайлар жок. Ошол себептен Ал гана баш ийүү жана сыйынуу үчүн жалгыз обьект болуп эсептелинет. Аллах жалган кудайларга баш ийүүгө тыюу салат. Аллахка баш ийүү адамды көтөрөт, аны кулчулуктан жана ар кайсы мифтик образдарга, жаратылыш күчтөрүнө же башка адамдарга сыйынуудан куткарат. Бутпарастык, ырым-жырымдар, жаратылган табигый кубулуштар менен мифтик персонаждардан коркуу жана сыйынуу Аллах кечирбес эң оор күнөөлөр болуп саналат. Бирок адамдын чын ниеттен өкүнүүсү болгон кезде Аллах аны кечирет.

Аллахтын маңызын адамдын акылы же туюу сезими аркылуу аңдап билүү аракети оң натыйжа бербестигин жана бул тыюу салынгандардан (харам) экендигин бардык мусулман уламалары бир ооздон колдойт. Башкача айтканда, Ага окшош эч нерче жок болгондуктан, адамга Жаратканды аңдап билүүсүнө болбойт (Куран, 112: 1-5). Адам өзүнүн сезүү органдары менен материалдык дүйнөнүн көзгө көрүнөр нерселерин гана аңдай алат, ал эми анын акылы анын чөйрөсүнө таандык феномендерди гана анализдөөгө жөндөмдүү. Аллах эч нерсеге окшош эмес жана Ал жараткан дүйнө да Анын бөлүгү эмес. Аллахты аңдап билүү ошондуктан мүмкүн эмес. Адам Аллах өзү жөнүндө Өзүнүн элчилери (пайгамбарлары) алып келген ыйык китептерде билдиргенине ишенүүсү керек.

Аллахтын атрибуттары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогоруда айтылгандай, Аллахтын жаратылышы акылдын далилдерине туура келбейт. Бирок, ошентсе да, Куранда жана хадистерде Аллахтын кээ бир жекелик жана атрибуттук сапаттары менен касиеттерине карата көрсөтмөлөр кездешет. Буга мисал катары Курандын төмөнкү аяттары саналат:

- «Иудейлер: “Алланын колу байлануу” – дешти. Ошол айткан сөдөрү үчүн алардын колу байланып, каргышка калышты. Жок! Алланын колу ачык. Ал каалагандай сарптайт. Эгең тараптан сага түшүрүлгөн, алардын көпчүлүгүнүн чектен ашырып, каапырлыгын арттырат жана алардын арасына Кыяматка чейин душмандыкты, кектешүүнү жараттык. Ошондуктан, ар качан алар согуш үчүн от тамызса, Алла аны өчүрүп койот. Алар жер үстүндө бузукулук кылууга умтулушат. Алла – бузукуларды сүйбөйт. » (5: 64);
- «O Иблиc, Менин Өз колумдан жаратканыма сыйынуудан сени эмне кармап калды?» (38: 75);
- «Китеп ээлеринен болгон бир топтор акыйкат баяндалган соң, көралбастык жана каапыр абалдарында силерди ыйманга келгениңерден кийин каапырга айландыргылары келишет. Алланын буйругу келгенче аларды кечиргиле, алардан жүз үйрүгүлө! Алла баарына кудурети жетүүчү! » (2: 109);
- «Эртеден кечке чейин Эгесине жалынып, Анын жүзүнө-ырайымына умтулуп жаткандарды кууп салба! Сен алар үчүн эч кандай жооп бербейсиң, алар да сен үчүн жооп беришпейт. Эгер аларды кууп чыксаң, заалимдерден болосуң.» (6: 52)
- «Кудайындын китебинен сага ачылганды окуп бер; Анын созун алмаштырар эч нерсе жок жана сен Андан бөлөк эч кимден коргоо таба албайсың. (18: 27).

Бул учурлардын бардыгы жөн гана Кудайлык сапаттардын адамдын түшүнүгүнө ылайык айтылган жалпы сүрөттөлүшү болуп саналат. Ошондуктан, исламдын башбулактарындагы бул жерлерин сөзмө-сөз түшүнүүгө болбойт. Мусулман уламаларынын көбүнчөсү бул көрсөтмөлөр акыл жеткис түшүнүк деп эсептешип, жана мында аллегориялар (каймана сөз) камтылган деп ишенишкен. Ошон үчүн, ушундай аяттардын негизинде, матрудиттер менен ашариттер Аллах жекеликке бөлүнгөн (Сифат аз-Затия) жана Өзү жараткан дүйнөдө Анын көрүнүшүнө байланышкан (Сифат ас-Субутия) атрибуттарга ээ деп ойлошкон. Башкалары (салафиттер) болсо, бул аяттарды түшүндүрүүдө каймана сөздү келтирбестен, аларды маанисине карабай, кандай болсо ошондой кылып кабыл алуу керек деп эсептешкен. Алардын ою боюнча, Кудайдын колу жана келбети бар, бирок адамдыкындай эмес, а Анын каары жана сүйлөө жөндөмү да адамдыкына окшобойт, Ага гана таандык акыл жеткис түрдө дешкен.

Аллахтын ысымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ислам салтында, ошондой эле, Аллахтын атрибуттук ысымдары деген түшүнүк бар. Бул ысымдардын бардыгы Аллахтын жаратылган дүйнөдөгү таасирин билдиргени сыяктуу Анын сапаттарын түшүндүрөт. Аллахтын ысымдарынын көптүгүнө карабастан, мунун баары Ага гана таандык десе болот. Аларды жаратуунун сапатына окшоштурууга болбойт. Мухаммед пайгамбардын Бухари жана Муслимдердин жыйнактарында камтылган төмөнкү хадиси белгилүү: «Аллахтын токсон тогуз аты бар, бир жетишпеген жүз. Ким алардын баарын атап чыкса, Бейишке кирет».
Бирок, аллахтын ысымдарынын саны токсон тогуз менен гана чектелбейт. Анткени, Аллахтын Куран менен Сүннөттө эскерилбеген ысымдары да бар. Ахмад бин Ханбаль, ж.б. уламалар өздөрүнүн жыйнактарында пайгамбардын тилек кылган бир хадисин келтиришет: «Э, Аллах! Сага Сен Өзүңдү атаган ар бир ысымдарың менен кайрыламын, же Сенин Өзүңдүн Китебиңдеги билдирген, же Сен Өзүңдү жараткандарыңа ачкан, же Сага гана белгилүүлөр менен...».

Мисалы, Аллахтын Куранда эскерилген аттары Ар-Рабб (Кудай), Ар-Рахман (Мээримд88), Ар-Рахим (Ырайымдуу), Аль-Хайй (Тирүү), Аль-Ахад (Жалгыз) сыяктуу ж.б. (караңыз: Асма аль-Хусна).

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А. Али-заде, Исламский энциклопедический словарь. Ансар, 2007. ISBN 5-98443-025-8