Анаксимен

Википедия дан
Анаксимен
Толук аты-жөнү Милеттик Анаксимен
гр. Ἀναξιμένης
Төрөлгөн б.з.ч. 586/560
Көз жумган б.з.ч. 525/502
Милет
Мектеп Милет мектеби
Кызыккан темалар философия, математика, астрономия
Олуттуу идеялары Түпбашат


Анаксимен (Х.Т.ч. 588 — 525-ж.ченде) — байыркы грек философу, Милет мектебинин өкүлү.

Милет мектебинин башка эки өкүлү Фалестен жана Анаксимандрдан айырмаланып, Анаксимен бизди курчап турган дүйнөнүн түпнегизи катары абаны алат. Бул көз карашты Симпликий мындайча жазат: «Анаксимандрдын досу болгон Анаксимен аны менен макул болуп, бардык нерсенин негизинде жаткан жаратылыш бирдиктүү жана чексиз дейт, бирок ага каршы чыгып, ал белгисиз эмес, ал сапат жагынан белгилүү нерсе деп табат жана аны аба деп атайт. Аба заттарга жараша суюлуу жана коюлануу даражасы боюнча ар түрдүү болот. Атап айтканда ал суюлуп барып отко айланат, коюуланып барып шамалга, андан кийин булутка, андан кийин жерге, анан ташка айланат, калган бардык нерселер ушулардан пайда болот. Анаксимен да өзгөрүүлөрдүн себепчиси болгон чексиз кыймылды тааныйт [Маковельский А.О., Досократиктер]. Анаксимендин «абасы» жөнөкөй абага дегеле окшобойт. Бул түпкү зат бууга же демге көбүрөөк окшошот. Анаксимендин көз карашы бул жерде бардык тирүү нерселерде өтмө катар болуп куюлушуп турган кандайдыр негиз катарында каралган жан жөнүндөгү мифологиялык түшүнүктөр менен айкалышып кетет. «Аба боло туруп бизди кармап, бекемдеп турган жан сыяктуу дем жана аба да бүткүл дүйнөнү камтып турат» — дейт ал. Бул айтылгандардан пантеизм идеясы көрүнүп турат, бул идея боюнча Кудай жаратылыш менен бирдей, б.а. бардык нерселердин түпнегизи болгон аба менен бирдей. Анаксимендин космологиялык көз карашы боюнча Жер жалпак жана Күн жана башка бардык планеталардай эле абада калкып турат. Жер кыймылдабайт, ал эми Күн жана планеталар болсо космостук шамалдын таасир-күчү менен жылып жүрөт. Анаксимен жаан, мөндүр, кар жана д.у.с. метеорологиялык кубулуштарга көп көңүл буруп, бул кубулуштарды абанын аракет-күчүнө негизденип ар түрдүү себептер менен түшүндүрүүгө умтулат. Анаксимен а түгүл кудайлар да абадан жаралды деп түшүндүрөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Л. В. Блинников. Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997. ISBN 5-900162-16-8