Философия

Wikipedia дан

Философия – (грек.) даанышмандыкты сүйүү.
Философиянын бул аныктамасы анын алгачкы маанисин чагылдырып турат:

Даанышмандык – тактап айтсак, жөн гана билүү эмес, жашоону терең түшүнүү.


Философия чыныгы дүйнөнүн жана андагы адамдын ээлеген оордун эң алгач изилдеген жана аныктаган илимдин бир тармагы катары пайда болгон болмуштун чектерин таануу.

Философия - маданияттын кандайдыр бир өсүп жетилген деңгээлинде, адам өзүн дүйнөдөн айрып (мен, мен эмес), аң-сезимдүү жан катары өзүнүн иш-аракеттерин жана мүмкүнчүлүктөрүнүн чегин таанууга аракет кылып, талдоо жүргүзүп баштаганда алып пайда болот. Бул дүйнөгө болгон аңдап таануу жана теоретикалык мамиле кылуу жолу. Андан сырткары, философияда дүйнөгө, өзүнө, өзүнүн билимине рационалдык - сын көз караштуу мамиле кылуу мүмкүнчүлүгүн дагы каралган. Адам өзүнүн билими чектелүү экендигин түшүнгөндө, ал ага тартылып баштаганда, даанышмандыкка болгон сүйүү – философия жаралат.

Философ – бул өз билим деңгээлине канааттанбаган адам.

Бул суроого жооп берерден мурда акылдуу адам менен акылман адамдын ортосундагы айырмачылыкты билишибиз зарыл. Акылдуу адам – көп билим алып, акылың кеңейткен адам, бул процесс төрөлгөндөн тартып өлгөнгө чейинки убакытты камтыйт, башкача айтканда мээ "сиңирүү" процесси. Акылман адам – бул табияттан же адам төрөлгөндө эле кан менен кошо берүлүүчү сапат. Философ – бул кыргызча акылман адам. Акылдуу адам эч качан акылман адам боло албайт. "Философ болуп калыптанбайт – философ болуп жаралат" Сократ. filokg

Философия көнүмүш болуп, кылымдар бою калыптанып калган түшүнүктөргө макул болбой, алардын шексиздигинен күмөн санап, жаңы түшүндүрүү, жаңы билим, издөө керек деген ой жаралгандан башталат. Сократ: “Мен эч нерсе билбестигимди билем, бирок, калгандар аны дагы билишпейт”- деп айткан.

Философия өзүнүн болмушундагы эң негизги суроолорго жооп издөө жана табуу катары каралат. Философия даанышмандыкка болгон сүйүү, туура жана акылдуу жашоо катары.

И.Кантын айтканына ылайык, философия “адам деген эмне” суроосуна жооп бериш үчүн: - Мен эмнени биле алам? - Мен эмнени билишим керек? - Мен эмнеге үмүт кыла алам? - деген суроолорго жооп бериши керек.

Дүйнөтааным жеке турмуштук жагдайлардын шарттары жана маданияттын таасири алдында калыптанат. Философиянын максаттары: дүйнөтаанымды системалаштыруу, б.а. тартипке келтирүү, байланыштарын тактоо, дал келишпөөчүлүктөрдү табуу, башкыны жана кадыресени айырмалоо. Философия, дүйнө тааным катары, адамдын жаратылыш менен эриш-аркак жашоонун ыргагын табууга жана өзүнүн жашоого болгон көз карашын аныктоого жардам берүү.

Философиянын жыйынтыктоочу аныктамасы: Философия – дүйнөнү түшүнүү мамилесинин бүтүн системасы.

Философиялык билимдин кеңири системасы буларды камтыйт:

• Жалпысынан дүйнө, аны кыймылдаткан глобалдуу күчтөр, анын негизги уюшуу мыйзамдары жөнүндө – бул онтология (ontos - болмуш).

• Адам, анын жаратылышы жана жашоодогу иш-аракеттеринин уюшулушу жөнүндө – бул антропология (antropos - адам).

• Тааным, анын негиздери, мүмкүнчүлүктөрү жана чектери жөнүндө окуу/илим – бул гносеология.

• Коом жана адамзаттын тарыхы жөнүндө, адамзатын жалпысынан караган окуу/илим – социалдык философия.
• Баалуулуктардын жаратылыш жөнүндө окуу – бул аксиология.

Өзгөчө тармак – бул философиянын тарыхы. Анткени көбүнчө философиялык маселелер аларды чечүүгө болгон мурунку аракеттердин тажрыйбасынын контекстинде каралат. Эреже катары, философтордун эмгектеринде баардык эле бөлүмдөр бирдей тегиз берилген эмес. Андан сырткары, маданияттын тарыхый учурларына байланыштуу тигил же бул бөлүм алдыңкы оорунга чыгып турат.
Философия түшүнүгү дүйнө таанымдын түркүмү катары.
Уламыш, дин, философия – дүйнө таанымдын тарыхый түркүмдөрү: алардын жалпылыктары жана өзгөчөлүктөрү.
Уламыш – адамзатынын өзүн таануусунун алгачкы жолу. Уламыш байыркы калктардын аң-сезиминин жалпылуу калыбы. Уламыштарда адамдарга жана жаратылышка өзгөчө касиеттерди энчилөө. Уламыш - адам баласынын жашоо маани-маңызын издөөгө болгон алгачкы кадамы. Дин орто кылымдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин, философиялык дүйнөтаанымдын негизи катары. Философия – дүйнөнү рационалдык түшүнүү.
Ушуларды жыйынтыктаганда: дүйнөтааным – бул адам баласына аны курчаган дүйнөдө багыт табууга мүмкүнчүлүк түзгөн татаал, карама-каршылыктарынын биримдиги болгон окуулардын, баалуулуктардын, эмоциялардын, эрктин, түшүнүктөрдүн, ишенимдердин жана күмөнчүлүктөрдүн биримдиги.

Дүйнөтаанымдын өзөгү болуп билим таанылат. Ушул көз караштан алганда, дүйнөтааным кадимки, адистик жана илимий болуп бөлүнөт.

Философиянын тарыхы[оңдоо]

Доорлордун алмашышы жана алардын бири-бирине көргөзгөн өз ара таасирлери төмөнкү жадыбалда берилген.[1]

Доорлор Батыш философиясы Чыгыш Европа жана Жакынкы Чыгыш философиясы Түштүк жана Борбордук Азия философиясы Ыраакы Чыгыш философиясы
Азыркы философия
Азыркы философия
Жаңы Доордун философиясы


XIX кылымдагы Батыш философиясы

Европанын философиясы
Жаңы Европанын философиясы
Американын философиясы
Латиноамериканын философиясы
Африканын философиясы
Австралиянын философиясы

Мусулман философиясы
Араб философиясы
Перс философиясы

Чыгыш христиан философиясы
Византиянын философиясы

Орус философиясы

Жөөттөр философиясы
Индус философиясы
Индуизм Философиясы

Бутпарасчылык философиясы
Тибет философиясы
Вэтнам философиясы
Ыраакы чыгыш бутпарасчылык Философиясы
Кытай философиясы
Корей философиясы
Вэтнам философиясы
Жапон философиясы
Орто кылымдар философия Европанын философиясы
Кайра Жаралуу философиясы
Чыгыш европанын Орто кылымдар философиясы
Байыркы философия Байыркы грек философиясы, анын ичинде
Байыркы грек философиясы
Байыркы Рим философиясы
Байыркы индус философиясы Байыркы Кытай философиясы
  1. http://ru.wikipedia.org/wiki/Философия