Адам

Wikipedia дан

АдамИнжил жана Куран боюнча Кудай жараткан эң алгачкы киши, адамзаттын атасы. Инжилдин «Жаңы осуятында» Адам атаны Кудай топурактан жууруп жасаганы, жан киргизгени айтылат. Куранда болсо Адам ата чоподон, башка бир сүрөөсүндө топурактан жасалган делет. Адам атаны жалгызсыратпоо үчүн кудай Обо энени (Инжилде Ева, Куранда Обо) жараткан имиш. Шайтандын (башка бир аты – Ибилис) тилине кирип, Адам ата менен Обо эне бейиштеги дарактын үзүүгө тыюу салынган мөмөсүн жеп «күнөөгө батышкандыгы» үчүн Кудай аларды жазалап «бу дүйнөгө» түшүргөн имиш. Ар кыл расаларга, тилдерге, этностук топторго кирген элдердин бардыгынын тең ата-теги Адам атага барып такалат. Мусулман уламыштарында Адам ата – алла-тааланын пайгамбарларынын алгачкысы, Мухаммед пайгамбар – акыркысы деп айтылат.

Шилтемелер [оңдоо]