Жер
Жер - Күн системасындагы үчүнчү планета.
[оңдоо] Жердин массасы жана тыгыздыгы
Бүткүл дүйнөлүк тартылуу закону асман телолорунун негизги мүнөздөмөсү болгон массаны, айрым алганда биздин планетабыздын массасын аныктоо мүмкүнчүлүгүн берет. Чындыгында эле бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде эркин түшүүнүн ылдамдануусуна барабар. Натыйжада эркин түшүүнүн ылдамдануусу, гравитациялык турактуулук жана Жердин радиусу белгилүү болсо, анда анын массасын аныктоого болот.
Көрсөтүлгөн формулага g=9,8 м/с2, Q=6,67•10-11 Н•м2/кг2, R=6370 км маанилерди коюп,
Жердин массасын Мж=6•1024 кг деп табабыз.
Жердин массасын жана көлөмүн билүү менен анын орточо тыгыздыгын эсептөөгө болот. Ал 5,5•103кг/м3 га барабар. Бирок Жердин тереңдигине кирген сайын анын тыгыздыгы өскөндүгү жана Жердин борборуна жакын ядросунда 1,1•104кг/м3га барабар экендигин эсептөөлөр көрсөттү. Тереңдеген сайын тыгыздыктын өсүшү, Жердеги оор элементтердин көбөйүшүнөн, ошондой эле басымдын чоңоюушунан келип чыгат.
| Бул бүтүрүлбөгөн макала. Сиз, оңдоп жана толуктап долбоорго жардам бере аласыз. |