Меркурий

Wikipedia дан
Меркурий
Mercury-real color.jpg
Жалпы маалымат
Экваториалдык радиусу 2439,7 км
Бетинин аянты (S) 7,48×107 км²; 0,147 жер бетинен
Көлөмү (V) 6,08272×1010 км³

0,056 жер көлөмүнөн

Массасы (m) 3,33022×1023 кг

0,055274 жер массасынан

Орточо тыгыздыгы (ρ) 5,427 г/см³

0,984 жер тыгыздыгынан

Өз огун айлануу убактысы 58,646 күн (1407,5 саат)
Күндү айлануу убактысы 87,969 күн

Меркурий жөнүндө[оңдоо]

Меркурий планетасы - Күн системасындагы планета. Күнгө эң жакын жайгашкан планета.

Меркурий - Күнгө жакын турган биринчи планета, ал Айдан бир аз гана чоң, анын орточо тыгыздыгы дээрлик Жердикиндей. Радиолокациялык байкоо жүргүзүүнүн негизинде анын өтө жай кыймылда боло тургандыгы аныкталган. Анын өз огунун айланасында айланышы 58,65 жер суткасын түзүп, Күн айланасында айланышы Т = 88 суткага барабар. Меркурий планетасынын экваторуна күн нуру түшкөн бетинин темп-расы +400°С ден жогору болуп, түнкүсүн ошол эле жердин температурасы –180°С ге чейин төмөндөйт. Анын Күн нуру тийген жеринде коргошун, калай, а тургай цинк металлы да эрип кетет. Ал планетанын бетинде көптөгөн чуңкурчалар (кратерлер) болгондуктан, сүрөтү боюнча Айдын бетинен айырмалоо өтө кыйын. Анын жандоочусу жок.

Меркурийдин бети Айдын бетине окшош.АМС «Мессенджерден» тартылган



Диаметри 4878 км, массасы 3,3х1023 кгга барабар. Күндөн өтө чоң аралыгы 70 млн. км, өтө кичине аралыгы 46 млн. км, орбита тегиздигинин эклиптикага жантайышы 7°, көзгө көрүнгөн альбедосу 0,09. Жерден өтө алысташы 217 млн. км, өтө жакындашы 82 млн. км. Орточо темп-расы 700 Кге, афелийде 550 Кге барабар. Фаза бурчу 0дөн 180°ка өзгөрөт. 1965-ж. радиолокациялык байкоо аркылуу Меркурийдин өз огунун айланасында түз багыт боюнча айланары белгилүү болгон. Айлануу мезгили 58,65 сутга барабар. Меркурийдин өз огунда айлануусунун бурчтук ылдамдыгы орбиталык ылдамдыктын 3/2үн түзөт. Планета перигелийде болгон анын орбитадагы кыймылынын бурчтук ылдамдыгына дал келет.

Меркурийдин орточо тыгыздыгы – Айдын орточо тыгыздыгына караганда чоң, Жердики менен бирдей, башкача айтканда 5,45 г/см3га барабар тыгыздык. Меркурийдин тартуу күчүнүн ылдамдануусу Жердикинен 2,6 эсе кичине, башкача айтканда 372 см/секга барабар.

Меркурийдин атмосферасы[оңдоо]

Меркурийдин атмосферасы – жокко эсе, бирок анда көмүркычкыл газынын бар экени спектр жолу менен аныкталган. Өтө сөйректелген атм-расынын курамында аргон, неон, гелий бар. Меркурийдин бетиндеги атмосфера басымы 1012атмга барабар.

Меркурийдин бети[оңдоо]

Меркурийдин бети – сырткы көрүнүшү бонча Айдын бетине окшош. Космос станциялары тарткан сүрөттөрдөн бетинде көптөгөн кратерлер, жалдар, кырка тоолор жана өрөөндөр бар экендиги белгилүү болду. Көпчүлук кратерлеринде жарык болуп көрүнгөн борбордук тоолор бар. Бул кратерлер метеориттердин келип түшүшүнөн пайда болгон. Эң чоң Калорис кратеринин диаметри 1300 кмче. Ай менен Меркурийдин беттик катмарларынын жарыкты чагылтуу жөндөмдүүлүгү жана жылуулук өткөргүчтүгү да бирдей. Алардын бири биринен айырмасы – Меркурийде Ай деңиздерине окшогон ойдуңдар аз.

Меркурийдин жылдыз чоңдугу[оңдоо]

Меркурий Күндөн 28°тан көп алыстабагандыктан аны Жерден байкоо кыйын. Ал кечинде жана таң алдында көрүнөт. Бул учурда планетанын фазасы 90°ка жакын болот жана байкоочуга дискасынын жарымы гана көрүнөт. Меркурийдин жаркыроосу – 0,3төн +0,6 жылдыз чоңдугуна өзгөрөт.

Меркурийдин кетенчиктөө кыймылы[оңдоо]

Меркурийдин кетенчиктөө кыймылы – Меркурийдин Күндүн айланасында карама-каршы багыт бонча Чыгыштан Батыш батытында көрүнгөн которулуусу. Меркурий Күндөн 18 – 28° чыгышта же батышта жайгашат. Планетанын Күндөн чыгышты карай чоң бурч менен алыстоосу чыгыш чоң элонгациясы, ал эми батышты карай алыстоосу батыш чоң элонгациясы деп аталат. Чыгыш элонгация мезгилинде Меркурий батыштан Күн баткандан кийин көрүнүп, Күндөн кийин тез эле батып кетет да адегенде акырын, кийин тез кетенчиктөө кыймылы менен Күнгө жакындап анын нурунан көрүнбөй калат. Бул мезгилде планетанын Күн менен төмөнкү биригүүсү байкалып, Күн менен Жердин ортосунан өтөт.

Меркурийдин күндү айлануу мезгили[оңдоо]

Меркурий Күндүн айланасында чоң эксцентриситет менен (е » 0,206) эллипстик орбита бонча 0,387 а.б. аралыкта айланат. Күнгө чейинки аралыгы перигелийде 46 млн. км, афелийде 70 млн. кмге жетет. Күндүн айланасында айлануу мезгили 88 сутга барабар.

Меркурийдин магнит талаасы жана магнит сферасы[оңдоо]

Меркурий татаал түзүлүштөгү начар магнит талаага ээ. Бул талаанын чыңалышы Жердикинен аз, Марстыкынан көп. Планета аралык магнит талаалар Меркурийдин ядросу менен өз ара аракеттенишип, анда электр тогун пайда кылышы мүмкүн. Бул токтор, о. эле ионосферада заряддардын которулушу магнит талаасын пайда кылат. Булар Күн шамалы менен өз ара аракеттенип магнит сферасын түзөт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов