Плутон

Википедия дан
Плутон ⯓
Жалпы маалымат
Экваториалдык радиусу 1195 км
Бетинин аянты (S) 1,795×107 км²
Көлөмү (V) 7,15×109 км³
Массасы (m) (1,305 ± 0,007)×1022 кг
Орточо тыгыздыгы (ρ) 2,03 ± 0,06 г/см³
Өз огун айлануу убактысы 6,387230 сид. күн
Күндү айлануу убактысы 90 613,3055 күн (248,09 жыл)

Плутон (Pluto; символдору: ⯓[1] же ♇[2]) – күн системасындагы чоң планеталардын бири.

Аны 1930-жылы америкалык астроном К. Томбо ачкан. Плутондун физикалык мүнөздөмөлөрү толук изилдене элек. Массасы Жердин массасынын 0,002 бөлүгүнө барабар деп болжолдонот. Күндөн аралыгы 39,5 а.б. Жерден байкаганда 15-жылдыз чоңдугунчалык чекит объектиндей болуп көрүнөт. Плутон Күндү өз орбитасы бонча 247,7 жылда бир айланат, эклиптика тегиздигине кыйшаюу бурчу 17°. Башка планеталарга салыштырганда Күндөн өтө алыс жана жарыктанышы начар болгондуктан Плутонду изилдөө өтө татаал. Плутондун диаметри 3000 кмге жакын, бетинин температурасы -220°. Атмосферасы сейректелген жана негизинен газ абалындагы метандан турат. Плутондун 1 жандоочусу бар. Анын диаметри 3 эсе кичине жана анын айланасында 20 000 км аралыкта айланат. 1 айлануусу 6,4 суткага барабар.

Плутон планетасынын радиусу 2500 км, тыгыздыгы 7,4 г/см³. Күндү 248 жылда толук 1 айланып чыгат. Өз огунун айланасында толук 1 айлануусу 6 сут 9с. 17 минутага барабар.

Бул жагынан Плутон планетасы зор планеталардан бир аз гана айырмаланат. Кийинки күндөрдө планеталар аралык автоматтык станциялардын жардамы менен планетанын табигый жандоочусу Харон ачылып, Плутонду радиусу 17500 км болгон орбита менен айланып жүрө тургандыгы аныкталган. Плутондун беш жандоочусу Харон, Стикс, Никта, Кербер, жана Гидра.

Нептун жана эгет орбиталарда салыштыруу.
Эгет кичине спутник.

Плутон – Күн системасындагы Күндөн санаганда аралыгы боюнча тогузунчу планета. Аны америкалык астроном К. Томбо 15-жылдыз чоңдугу катары аныктаган (1930). Плутондун орбитасы өзүнө жакын жаткан чоң планеталардын орбитасына окшобойт. Анын эксцентриситети е=0,248. Плутондун Күндөн орточо аралыгы 39,75 астрономдук бирдик. Күндү 4,7 км/сек ылдамдык менен 248,09 жылда айланып чыгат. Плутондун массасы 1,31·1022 кг, тыгыздыгы 2,03 ± 0,06 г/см³ температурасы –230°C; диаметри 2015-жылдагы эсептөөлөр боюнча 2370±20 км. Атмосферасы негизинен газ абалындагы метандан турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. JPL/NASA. What is a Dwarf Planet? (22 Апрель 2015).
  2. John Lewis, ed. (2004). Physics and chemistry of the solar system (2 ed.). Elsevier. p. 64.