Күн системасы

Wikipedia дан
Күн системасы

Күн системасы — планеталардын системасы, анын ичине Күн жылдызы жана аны айланган бардык космос объектилери кирет.

Күн системасында Күндүн өзү, анын 48 жандоочусу, 9 зор планета, 100 000ден ашуун кичине планеталар (астероиддер), 1012 сандагы кометалар, о. эле метеордук уюктан орун алган сансыз көп метеордук телолордун бар экени азыркы күндө жакшы белгилүү болду.

Күн системасын Күн жана өзүнүн жандоочулары менен бирге планеталар түзөт. Ал эми жылдыздар планеталарга караганда салыштырууга мүмкүн болбогондой бизден өтө алыс турушат. Белгилүү планеталардын ичинен өтө алыс планета – Плутон Күнгө караганда Жерден болжол м-н 40 эсе алыс турат. А тургай Күнгө өтө жакын жылдыз бизден 7000 эсе алыс жайгашкан. Планеталар менен жылдыздарга чейинки аралыктардын өтө чоң айырмачылыктарын даана элестете билүү зарыл.

Күндүн тегерегинде 9 ири планета эллипс боюнча (айланадан өтө аз айырмалуу) дээрлик бир тегиздикте айланышат. Планеталардын Күндөн алыстыгы ирети менен алганда төмөнкүдөй: Меркурий, Чолпон, Жер (Ай менен бирге), Марс, Юпитер, Сатурн, Уран, Нептун жана Плутон. Андан тышкары күн системасында кичине планеталар орун алып, алардын көпчүлүгү Марс менен Юпитердин ортосунда кыймылдашат. Күн айланасында анчалык чоң эмес, абдан сейректелген газ курчалган кометалар (гр. «саксагай жарык чыгаруучу») айланат. Алардын көпчүлүгү Плутондун орбитасынан да чыгып кеткен эллипс түрүндөгү орбитага ээ.

Мындан сырткары, өлчөмдөрү кум күкүмүнөн баштап майда астероиддерге чейинки сансыз көп метеордук телолор Күн айланасында эллипс боюнча айланышат. Алар астероиддер жана кометалар менен бирге күн системасынын кичине телолоруна таандык. Планеталардын арасындагы мейкиндиктер өтө сейректелген газ жана космостук чаңдар м-н толгон. Аларды электр-магниттик нурлануу аралап өтүп турат, ал магниттик жана гравитациялык талааны алып жүрүүчүлөр болуп саналат.

Күн диаметри боюнча Жерден 109 эсе, ал эми массасы боюнча 333 000 эсе чоң. Бардык планеталардын массалары күн массасынын 0,1%ин гана түзөт, ошондуктан ал өзүнүн тартуу күчүнүн натыйжасында күн системасынын бардык мүчөлөрүнүн кыймылын башкарат.

Күн массасы бардык планеталарды бирге алгандагыдан 750 эсе чоң. Күндүн айланасында айланган планеталар жана башка майда телолордун бардыгы бүткүл дүйнөлүк тартылуу законунун негизинде кыймылдашат. Күн менен Жердин ортосундагы аралык 1 астрономиялык бирдик деп аталат. Ал 1,5•108 кмди түзүп, астрономиядагы бирдиктердин негизгилеринин бири болуп саналат.

Зор планеталардын катарына кирген Меркурий, Чолпон, Марс, Юпитер жана Сатурн планеталары 18-кылымдын аягында эле белгилүү болгон.

Уран планетасы астроном В. Гершель тарабынан 1781-ж. ачылган. 8-планета Нептундун ачылышында астроном илимпоздор кыйла түйшүккө түшүп, көптөгөн эсептөөлөр жүргүзүлүп, талаш-тартыштар болгон.

Француз окумуштуулары Леверье жана Адамс Уран планетасынын козголушун изилдөө аркылуу математикалык татаал эсептөөнүн негизинде, бири-бири менен байланышпай, андан кийинки Нептун планетасынын ордун да илимий жол менен көрсөтүшкөн.

Кийинчерээк, 1846-жылые күн системасынын ошол күмөндүү ордунан немец астроному Галле Нептун планетасын ачкан. Жакынкы эле 1930-жылы амерерикалык астроном П. Ловелл 9-планета – Плутонду ачкан. Биз жашаган күн системабыз Галактиканын борборунан 25 000 жарык жылындагы аралыктан орун алган. Жарыктын 300000 км/сек ылдамдык менен 1 жылда өткөн аралыгы жарык жылы деп аталат: 1ж.ж. = 9,46 •1012км.

Күн системасынын кыймылы[оңдоо]

Күн системасынын кыймылы – Күн бардык планеталар системасы менен Геркулес топ жылдызына багытталып, өзүн курчап турган жылдыздарга карата асман сферасында толук айлананы – эклиптиканы сызган мейкиндиктеги кыймылы.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек.
Башкы рекдактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов.