Планеталардын жандоочулары

Wikipedia дан
Кээ бир планеталардын жандоочуларынын Жерге салыштырмалуу чоңдуктары. Үстүндө планеталардын аттары көрсөтулгөн

Меркурий жана Чолпон планеталарынын жандоочулары жок. Жердин бир гана табигый жандоочусу бар, ал – Ай. Плутон планетасынын да жалгыз жандоочусу – Харон кийинчерээк аныкталып, анын өлчөмү планетанын өз өлчөмүнө салыштырганда эки эсеге жакын кичине экендиги ырасталган. Ал эми Марс планетасынын Фобос жана Деймос деген эки жандоочусунун көп мүнөздөмөлөрү абдан белгилүү болду.

Калган планеталардын жандоочуларынын саны көп, бирок планеталардын өзүнө салыштырмалуу алардын өлчөмдөрү алда канча кичине.

Юпитер планетасынын азырынча 16 жандоочусу аныкталып, алардын 4 ири жандоочусу Галилей тарабынан 1610-жылы айында ачылган. Булар: Ио, Европа, Ганимед жана Калисто деп аталган. Ганимеддин өлчөмү Меркурий планетасынан чоң, ал эми Калистонун өлчөмү так эле Меркурийдин өлчөмүнө барабар.

Ио жандоочуда 7 жанар тоонун атылып турганы байкалган. Сатурн планетасынын 17 жандоочусу аныкталып, алардын өтө чоңу Титан. Аны жөнөкөй эле мектептик телескоп аркылуу да көрүүгө болот. Өтө жакын тартылып алынган Сатурндун Энцелак, Гиперион жана Мимас жандоочуларынын беттеринен чуңкурчалар даана көрүнүп турат.

Ал жандоочу Сатурнду 15 сут 22 с 41 мин эллипс бонча толук 1 айланып чыгат. Анын чоң жарым огу а = 1222•103 км жана эксцентриситети е = 0,029га барабар. Айга салыштырганда 1,5 эсе чоң, диаметри 5100 кмге барабар.

Урандын 5, Нептундун 2 жандоочусу бар.

Урандын жандоочусу Миранданын көрүнүшү өтө кызыгууну туудурат.

Нептундун өтө чоң жандоочусу Тритондун диаметри 2705 кмди түзүп, аны курчаган азот элементинен турган атмосфера табылган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов