Марс

Википедия дан
Марс.

Марс (кыр. Көрүт, ♂) — Күн системасынын төртүнчү планетасы, бул планетаны "кызыл жылдыз" деп дагы аташат.

Марс планетасы - Римдик согуш кудайынын атын алып жүрөт. "Кызыл планета" деп аталышынын себеби — темир оксиди басымдуулук кылганынан планетанын үстү кызгылт түстө. Марс — бул жука атмосферасы бар, үстү айдагыдай кратерлерди жана жердегидей вулкандарды, өрөөндөрдү, чөлдөрдү жана полярдык калпактарды камтыган жер тобунун планетасы.

Марстын диаметри Жердикинен 2 эсеге жакын кичине. Анын орбитасынын эксцентриситети (эллипстин фокусунан борборуна чейинки аралыктын чоң жарым огуна болгон катышы) чоң болгондуктан (е = 0,093), ал улуу тогошуу учурунда перигелийинде, жарыктыгы боюнча Чолпон планетасынан кийинки орунду ээлеп, асман сферасынан балбылдап жакшы көрүнөт.

Ал тогошуу улуу тогошуу деп аталып, ар бир 15, 17 жылда бир жолу кайталанып турат. Анын эң акыркы жылдагы улуу тогошуусу 2003-ж-дын август айынын ортосуна туш келген. Марс жылынын узактыгы Жердикине салыштырганда эки эсеге жакын узак.

Анын орбиталык тегиздиги эклиптикалык тегиздикке 24°56' лык бурчка жантайгандыктан, Жердики сыяктуу жыл мезгили алмашып турат. Марс планетасынын суткасы 24 саат 37 минута 23 секунданы (24°37' 23") түзүп, Күндү толук бир айланып чыгуусу (бир жылы) 687 жер суткасына барабар. Бул жагынан планета Жерге көп жагынан окшош болгондуктан, аны Жер тобунун катарына кирген планета деп аташат.

Маринер 6.

Өткөн кылымдын экинчи жарымынан баштап, 1969-ж. «Маринер 6» ж-а «Маринер 7» амер. автоматтык станциялар 3400 км ж-а 1800 км аралыктан биринчи жолу Марстын сүрөтүн даана тартып алышкан.

1971- ж-а 1974-ж-дары планеталар аралык станциялар «Марс 2», «Марс 3» ж-а «Марс 5» Марстын айланасында тынымсыз айланып, анын жасалма жандоочусу болуп, планетадан көптөгөн маалыматтарды алууну камсыз кылган.

1974-ж. космостук станция «Марс 6» Марсты жандап өтүп, андан бөлүнгөн аппарат дүйнөдө биринчи жолу Марска конуп, планетанын ар кандай мүнөздөмөлөрү ж-дө өтө жогору тактыктагы билдирүүлөрдү берген.

1976-ж-дагы учурулган америкалык автоматтык станциялар «Викинг 1» жана «Викинг 2»ден бөлүнүп чыккан аппараттар планетанын бетине конуп, анын бетинин сүрөтүн, температурасын, атмосферасынын курамын так белгилеген. Жогорку космостук станциялар аркылуу Марстын бетине конгон аппараттардын жардамында Марстын топурагы изилденип, анын кызыл түстө болушунун себеби, анын курамына 14%тен ашык темир, 20%ке жакын кремний, 5%тен көбүрөөк кальций ж-а магний, 3%ке жакын күкүрттөн тургандыгы м-н түшүндүрүлгөн.

1877-ж. амер. астроном А. Холл Марстын «Фобос» жана «Деймос» деген 2 табигый жандоочусу бар экенин ачкан. Ал жандоочулардын космостук станциялар аркылуу тартылып алынган даана сүрөттөрү бар. Фобос Марсты 7с39мин-да бир айланып чыгып, Марстан 9400 км аралыкта жайгашкан. Деймос Марсты 1,262 суткада же 30 с 18 минда бир айланып, планетадан 23 500 км аралыктан орун алган.

Марстын атмосферасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн нурун чачыратууга жана жутуп алууга жөндөмдүү Марс планетасынын газдуу катмары. Марстын газ катмары атмосфера менен курчалган. Спектрдик байкоонун жыйынтыгы бонча Марстын атмосферасы 60 – 65% көмүркычкыл газынан, 30 – 35% инерттүү газдан (аргон) турат. Атмосферада кычкылтек менен озон байкалган эмес. Кээде көгүш булуттардын пайда болушу жана жаздын башталышы менен уюлдук калпагынын тез эриши атмосферанын нымдуулугунун аздыгын билгизет. Марстын атмосферасында сейрек булуттар менен тумандар кездешет. Аларды уюлдук калпагынын үстүнөн тез-тез байкоого болот.

Марстын атмосферасынын басымы – 0,007 атм. (700 Па) ашпайт, башкача айтканда болжол менен Жер бетинен 40 км бийиктиктеги атмосфера басымы менен бирдей. Мындай төмөнкү атмосфера басымында суу суюк абалда болушу мүмкүн эмес, +5оС температурада бууга айлангандыктан буу, кар жана муз түрүндө болот.

Марстын бетинин рельефи өтө татаал. Бетинде борбордук тоолуу көптөгөн кратерлер, тоо кыркалары, чокулар жана башкалар бар. Кумдуу чөлдү элестеткен ачык сары жана кызгылт сары түстөгү бөлүгү шарттуу түрдө материктер, караңгы чоң зоналары – деңиз, дөмпөк жери – булуң, караңгы тактары – оазистер, көл деп аталган. Планетанын эң бийик жери «Олимп Кары» жанартоосу (вулканы). Ошондой эле кыртышында зор жаракалар бар. Эни 120 кмче болгон өтө зор жарака 4000 кмдей узундукта созулуп жатат. Марстын Түштүк жарым шары Түндүк жарым шарына караганда бийик келет. Андагы тоолордун орточо бийиктиги 3 кмден ашат. Планетанын бетинин көпчүлүк бөлүгүн өрөөн ээлейт, анда дайыма чаңдуу туманды пайда кылган шамал болуп турат. Кээде катуу шамалдан Марстын бүткүл бетин коюу чаң каптап, байкоочуга планета көрүнбөй калат. Марстын бетинде базальт катмарлары, таштар көп болгондуктан качандыр бир убакта анда жашоо болгон болуш керек деп божомолдонот.

Марстын бетинин температурасы – өтө өзгөрмөлүү. Күндөн орточо аралыктагы бетинде 220 ± 10 К, перигелийде 10%ке жогору, афелийде ошончолук төмөн болот. Экватордо түштөн кийин 300 К, ал эми Күн батарда дароо төмөндөп 220 Кге, түнкүсүн 50 Кге, Күн чыгарда 174 Кге (-100°С), 45° кеңдикте 282, 200 жана 160 Кге жетет. Уюл калпагында 150 К, б. а. –125°Сге жакын болот. Караңгы жерлери жарык жерлерине караганда жылуураак, атмосферасы муздагыраак келет.

Марстагы жай айы – Марстын экватор тегиздигинин анын орбитасынын тегиздигине 24о56'га жантайгандагы абалы. Марста Жердики сыяктуу эле жыл мезгилдери бар жана климаттык алкактарга (уюлдук, мелүүн, тропиктик) бөлүнөт. Бирок Марстын жайы түштүк жарым шарында түндүктөгү караганда ысык жана кыска болот.

Ай кратерлери сыяктуу Марстын бетинде 300дөн ашык кратерлер байкалган. Алардын диаметри 3 кмден 180 кмге чейин жетет. Кээ бир кратерлеринин чокусу конус түрүндө катып калган базальт катмарынын агымы жаткандыктан, бул кратерлер вулкандардын жарылуусунан, ал эми кичине өлчөмдөгү кратерлер астероиддер алкагынан келип түшкөн чоң метеориттердин пайда болушу мүмкүн.

Марстын магнит талаасы – Жердин магнит талаасынан 500 эсе начар. Анын уюлдуулугу Жердин магнит талаасынын уюлдуулугуна карама-каршы, башкача айтканда түндүк магнит уюлу планетанын Түндүк жарым шарында, түштүк уюлу – Түштүк жарым шарында жайгашкан. Магнит талаасы күндүзү 2000 км, түнкүсүн 9500 км аралыкка чейин созулат.

Марстын улуу тогошуусу – Марстын өз орбитасынын перигелийине жакын болгон учурдагы тогошуусу. Бул учурда Марс Жерге өтө жакындайт, башкача айтканда андан 55 млн. кмдей аралыкта болот. Улуу тогошуу мезгилинде Марстын жаркырактыгы Чолпондон кийинки орунда болуп, асманда балбылдап көрүнөт. Мындай тогошуу ар бир 15 же 17 жылда кайталанып турат. Марстын акыркы улуу тогошуулары 1971, 1988, 2003-жылдадары байкалган.

Марстын уюлдук калпагы – түндүк жана түштүк уюлдардын айлансында күзүндө пайда болуп, жайында жоголуучу ак тактар. Бул ак тактар Марс жылынын ичинде өзгөрүп турат. 1976-ж. «Викинг-2» космос станциясы түндүк уюлдук калпактын үстүндө суу буусунун кескин жогорулашын каттаган жана ал калпак планетанын кыртышындагы суунун көптүгүн билгизген көмүр кычкылдыгынын жана суу музунун катуу аралашмасынан турарын аныктаган. Кыш ортосунда уюлдук калпак Марстын бетин 50° кеңдикке чейин ээлейт. Жайкысын түндүк бөлүгү бүт жоголуп, түштүк бөлүгүнүн бир аз жери калат. Марстын уюлдук калпагы. өтө жука кар катмарынан жана аны курчаган тумандан тургандыктан суу өтө аз санда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Күн тутуму
Күн  • Меркурий  • Чолпон  • Жер (Ай)  • Марс  • Юпитер  • Сатурн  • Уран  • Нептун