Меке

Wikipedia дан
The Holy Mosque in Mecca.jpg

МекеАравия жарым аралындагы (Сауд Аравиясынын) Хижаз өрөөнүндөгү шаар. Дүйнөлүк негизги диндердин бири – исламдын борбор шаары. Шаар Хижаз вилайетинин администрациясы башкаруу борбору. Шаардын негизделген жылы белгисиз. Анда ислам дининин негиздөөчүсү Мухаммед пайгамбар туулган. 7-кылымдан мусулмандардын ыйык шаары жана зыярат кылуучу (ажылыкка баруу) жери. Бул шаарда ыйык Каабаны курчай курулган «Ыйык мечит» («Масжид ал-Харам») бар. Кыргызстандын да мусулман атуулдары Мекеге ажылыкка эркин барышып, зыярат кылып келишүүдө.

Колдонулган адабият[оңдоо]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[оңдоо]