Швейцария

Википедия дан

Швейцар Конфедерациясы
нем. Schweizerische Eidgenossenschaft
фр. Confédération suisse
итал. Confederazione Svizzera
рома. Confederaziun svizra
лат. Confoederatio Helvetica

Герб
Туу Герб
Урааны: «лат. Unus pro omnibus, omnes pro uno»
«Бирөө бардыгы үчүн, бардыгы бирөө үчүн»
Гимн: «Швейцар забуру»
Расмий тилдери немис тили, француз тили, италян тили, романш тили
Борбор шаары Берн
Ири шаарлар Цүрих, Женева, Базель, Лозанна, Берн, Люцерн
Президент Иньяцио Кассис
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.

41 284 км²
4,2
Калкы
• Бааланган (2019)
Жыштыгы

8 558 758[1] адам
207 ад./км²
Акча бирдиги швейцардык франкы
Домени .ch, .swiss
ISO коду CH
ЭОК коду SUI
Телефон коду +41
Убакыт аралыгы UTC UTC+1
Швейцария.

Швейцария (нем. Schweiz, фр. Suisse, итал. Svizzera, рома. Svizra), расмий аталышы — Швейцар конфедерациясы (лат. Confoederatio Helvetica, нем. Schweizerische Eidgenossenschaft, фр. Confédération suisse, итал. Confederazione Svizzera, рома. Confederaziun svizra) — Европа континентинде орун алган өлкө. Борбор шаары - Берн. Мамлекеттик башкаруу түрү - федералдык парламенттик башкаруу системасы. Бул мамлекет Батыш Европада жайгашып, түндүгүндө Германия, түштүгүндө Италия, батышында Франция, чыгышында Австрия жана Лихтенштейн менен чектешет. Швейцария мамлекет катары 1848-жылы 3 (облустан) кантондон түзүлгөн. Азыр Швейцариянын курамына 26 кантон кирет. Мамлекеттик 4 тил бар. Алар: немис, француз, итальян жана ромонж (ромонж тили 1 гана кантондо колдонулат) тилдери. Швейцария узак убакыттан бери саясий жана аскерий бейтараптыкты сактап келет. Ошол себептен бул өлкөдө көптөгөн ири эл аралык уюмдар жайгашкан.

Өлкөнүн аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Швейцариянын мамлекеттик тилдериндеги аталышы ар түрдүү. Мисалы немисче-Schweiz, французча-Suisse, италиянча-Svizzera, ромонжчо-Svizra -деп аталат. Швейцариянын расмий аталышы- Швейцария конфедерациясы - немисче-Schweizerische Eidgenossenschaft, французча-Confédération suisse, италиянча-Confederazione Svizzera, ромонжчо Confederaziun Svizra.
Өлкөнүн аталышы XVI кылымда Швиц Schwytz кантонунун(облусунун) негизинде пайда болгон. Байыркы немис тилинен Schwytz аталышын кыргызчага которгондо "өрттөө" -дегенди билдирет. 972-жылы швейцариялыктар өздөрү жашаган Швиц айылындагы калктын тукум уланышына, жер өсүмдүктөрүнүн жакшы өсүшүнө кам көрүү максатында айылдын тегерегиндеги токойлорду ирээттеп, куураган бактарды дайыма өрттөп турушчу. Ошондон улам Shwytz (кыргызча-өрттөө)- деген аталышы пайда болгон.
Кийинчерээк австриялыктар тарабынан Schwytz деген аты бурмаланып, азыркы учурда Швиц (немисче- Schweiz) деп айтылып келет.

Кыргыздар арасында аталган мамлекет Швейцария -деген аталышы менен белгилүү.

Швейцариябы же Швейцария конфедерациясыбы?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Щвейцариянын латын тилиндеги аталышы — Confoederatio Helvetica. Бул аталышты щвейцариянын акчаларынан жана өлкөнун интернет доменинде көрүүгө болот(ch). Ошондой эле Щвейцариянын почта маркаларында дагы Helvetia- деген латын тилиндеги аталышы жазылат. Мындан тышкары "Хелветика конфедерациясы" -деген расмий жазуу темир акчаларда жана өлкөнүн борбор калаасы болгон Берн шаарындагы Өкмөт үйүнүн кире беришинде да сакталып калган.

Мамлекет- "Швейцария Конфедерациясы" (фрацузча-Confédération suisse) катары биринчи жолу жалпы европалык "30 жылдык согуш" учурунда (1618-1648) кайсы бир немисче документте катталган. Бирок, бул аталыш ошону менен тез эле кеңири колдонулуп кеткен жок. XVIII-кылымга чейин расмий түрдө да, жөнөкөй учурда да "Хелветика корпусу", "Магна лигасы" жана "Хелветия" деп айтылып жүргөн.

Iвейцария конфедерациясы- деген аталыш 1803-жылдын 19-февралында Наполеон Бонопарт тарабынан жазылган "Ортомчулук мыйзамында" да белгиленген эмес. Биринчи жолу "Щвейцария конфедерациясы" катары австриялыктар менен болгон согуштан кийин 1815-жылдагы "Швейцариянын биригүүсүнүн түбөлүк бейтараптыгы жана чек араларынын кол тийбестиги жөнүндөгү" декларациянын 15-беренесинде жазылган.

Анткен менен 1948-жылы 22 кантон (облус) "Щвейцария конфедерациясын" түзүп, жаны кабыл алган Конституциясында кайрадан "Хелветика конфедерациясы" (Confoederatio Helvetica) - деп жазылып калган.

Мезгил өткөн сайын "Хелветика конфедерациясы" деген аталышы аз колдонулуп отуруп, акыры 1999-жылы кабыл алынган Конституцияда расмий түрдө "Щвейцария конфедерациясы" аталды.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

...

  1. EDA. Die Bevölkerung: Fakten und Zahlen: 2017. Eidgenössisches Departement für auswärtige Angelegenheiten EDA (2017). Текшерилген күнү 27 -ноябрь (жетинин айы) 2017.