Молдова

Википедия дан

Молдова (молд. жана рум. Moldova), Молдавия, расмий түрдө ― Молдова Республикасы[1] (молд. жана рум. Republica Moldova) ― Европанын түштүк-чыгышындагы мамлекет. Түндүк-чыгышынан жана түштүгүнөн Украина, батышынан Румыния менен чектешет. Молдованын жарыяланган аянтында таанылбаган Транснистрия мамлекети жайгашкан.

Молдова Республикасы
мол. Moldova

Герб
Туу Герб
Гимн: «Limba Noastră»
Эгемендүүлүк күнү 27-август 1991-жыл

ССРС Кеңештер Бирлиги)

Расмий тили Румын тили
Борбор шаары Кишинёв
Ири шаарлар Кишинёв, Бендеры, Тирасполь
Башкаруу формасы Парламенттик республика
Президент
Премьер-министр
Майя Санду
Наталья Гаврилица
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
135чи - дүйнөдө
33 846 км2 км²
1,4
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

2,597,100 киши адам (132чи)
76,7 киши ад./км²
АДӨИ ( 2020) 0,750 (90чу орун)
Этнохороним Молдавандар
Акча бирдиги Молдован лей (MDL, код 498)
Домени .md
ISO коду MD
ЭОК коду MDA
Телефон коду +373
Убакыт аралыгы UTC +2, +3

Аянты 33,8 миң км2. Калкы 3,56 млн киши (2010: 518,7 миң киши түзгөн Днестрдин сол жээгин жана Бендеры муниципийин кошпогондо). Борбору – Кишинёв. Административдик-аймактык жактан 32 районго, 5 муниципийге жана 2 автономия аймагына (Гагаузия, Днестрдин сол жээги) бөлүнөт. Акча бирдиги – молдаван лейи.

Администрациялык-аймактык бөлүнүшү (2006) Молдавия – БУУнун, ЭВФтин, Эл аралык соода уюмунун, ИНТЕРПОЛдун, Эл аралык электр байланышынын, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын, ЮНЕСКОнун ж. б. мүчөсү.

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Молдова – парламенттик республика. Молдова конституциясы 1994-жылы кабыл алынган. Мамлекет башчысы – президент. Аткаруу бийлигин президент жана премьер-министр жетектеген Министрлер кабинети ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – бир палаталуу парламент (Жогорку кеңеш). Өлкөдөгү башкаруучу саясий партиялары – «Молдова патриоттору» партиясы, Агрардык демократиялык партиясы, Социал-демократиялык партиясы, Демокр. партиясы ж. б.

Табияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Молдованын аймагынын көпчүлүк бөлүгү дөбөлүү түздүк. Чыгыш-Европа түздүгүнүн түштүк-батыш четинде жайгашып, Днестр менен Прут дарыя аралыктарынын көпчүлүк бөлүгүн ээлейт. Борбордук бөлүгүндө Кодры дөңсөөсү (эң бийик жери Баланешты чокусу, бийиктиги 429 м), түндүгүндө Түндүк Молдаван (250–300 м), түштүгүндө Түштүк Молдаван өрөөндөрү бар. Эң бийик чокусу (429 м). Молдавиянын аймагынын уз. түндүктөн түштүктү көздөй 350 км, батыштан чыгышты көздөй 150 км. Кендерден акиташ, гипс, чопо, айнек куму, гравий, аз санда нефть жана газ кездешет. Климаты мелүүн континенттик. Июлдун орт. температурасы 19–22°С, январдыкы –5...–3°Сге чейин. Жылдык жаан-чачыны 400 ммден (түштүгүндө) 560 ммге чейин (түндүгүндө). Ири дарыялары: Днестр, Прут. Көлдөрү: Белеу, Драчеле, Ротунда ж. б. Кыртышы негизинен кара топурактуу (75%); күрөң жана боз топурак да учурайт. Молдавия талаа жана токойлуу талаа зонасында жайгашкан. Аймагынын көбү айдоого жарактуу. Токой өлкөнүн аймагынын 35%тин ээлейт. Негизинен жазы жалбырактуу. Кодры коругу уюштурулган.

Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнөдө калкынын саны боюнча 116-орунда. Калкынын 75,8%и молдавандар, 8,3%и украиндер, 5,9%и орустар, 4,3%и гагауздар, 1,9%и болгарлар, цыгандар ж. б. Христиан динин (негизинен православныйлар) тутат. Орт. жыштыгы 1 км2ге 132 киши. Калкынын жашынын орточо узактыгы эркектериники – 64 жаш, аялдарыныкы – 72. Төрөлүүнүн деңгээли (1000 кишиге 14,4) жана өлүм-житим (1000ге 12,4) орточо. Шаар калкы 42% (2008). Ири шаарлары: Кишинёв, Тирасполь, Бельцы, Бендеры ж. б.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Молдованы адам палеолит доорунда эле мекендеген. Биздин заманга чейинки 4–3-кылымда Молдавия аймагына фракий (геттер, дактар ж. б.) уруулары жайгашкан. Биздин заманга чейинки 2–1-кылымда алгачкы уруу союздары пайда болгон. Биздин заманга чейинки 1-кылымда Рим экспансиясы күчөп, биздин замандын 57-жылы Тирди ээлешкен. 2-кылымда римдиктер гетдактардын жеринин бир бөлүгүн басып алып, Дакия провинциясын түзгөн. Колониячылар гетдактарды романдаштыруу саясатын жүргүзгөн. Бирок, Днестр-Прут эки суу аралыгы (Молдавиянын азыркы аймагы) Дакия провинциясынын курамына кирген эмес. Элдердин улуу көчүү доорунда бул жерге варвар уруулары отурукташкан. Биздин замандын 6–7-кылымында Молдавияга славяндар ооп келип, феодалдык мамилелерди өнүктүрүүгө катышкан. Молдавия 13–14-кылымдын 1-жарымында Алтын Ордого, 1359-жылы Молдова княздыгына, 16-кылымда Осмон империясына караган. 1711-жылы орус-түрк согуштарынын мезгилинде Молдавия Россия империясына баш ийип, Күчүк-Кайнаржы тынчтыгынын (1774) негизинде Россиянын протекторатына айланган. 1812-жылы түзүлгөн Бухарест тынчтыгынын шарттарына ылайык Прут жана Днестрдин ортосундагы аймак Бессарабия обл. (1873-жылдан губерния) деген аталыш менен Түркиядан Россияга өткөн. Париж тынчтык келишими (1856) боюнча Молдавияга Түштүк Бессарабия кошулуп, Париж конвенциясына (1858, 7-август) ылайык Молдавия Валахия менен биригип, Румыния княздыгы түзүлгөн. 1918-жылы январда көз карандысыз Молдавия Демократиялык Республикасы жарыяланып, апрелде Румыния менен бир союзга бириккен. Бессарабия Румыниянын бийлиги астында калган (1918). Бул союз Париж тынчтык келишиминде (1920-жылы 28-октябрда Румыния, Улуу Британия, Франция, Италия жана Япония тарабынан кол коюлган) таанылган. Бирок, бул чечимге СССР каршы чыгып, СССРдин курамындагы Молдавия АССРин (өлкөнүн сол жээги) түзгөн (1924). 1939-жылы августта кол коюлган Молотов-Риббентроп пактысынын жыйынтыгы менен 1940-жылы 28-июнда Бессарабия жана Буковина СССРге өтүп, Молдаван ССРи жарыяланган. 1941-жылы июндан – 1944-жылы августка чейин Молдаван ССРин немистик-фашисттик аскерлер басып алган. 1945-жылдан 1991-жылга чейин Молдавия СССРдин курамында. СССРдин таркашы менен 1991-жылы 27-августтан Молдавия өз алдынча мамлекет. Румынияга ыктаган күчтөрдүн аракетинен өлкөнүн түш-чыгыш аймагында (жергиликтүү славян элдеринин арасында) сепаратисттик кырдаал курчуп, аскердик куралдуу кагылышка чейин (1990–92) жеткен. Гагауздар менен Днестрдин сол жээгинде жашаган элдер (орустар, украиндер) Молдавиядан бөлүнүп, көз каранды эмес мамлекет (Молдова Приднестр Республикасын) түзүү маселесин көтөрүшкөн. 1994-жылы парламенттик шайлоодо Агрардык демократиялык партиянын өкүлдөрү бийликке келип, рынок реформасын баштаган. Гагауздар менен приднестрликтерге конституцияга ылайык кеңири автономия укугун берүү жөнүндө мыйзам кабыл алган. 2009-жылы 7-апрелде өлкөнүн борборунда баш аламандыктар башталып, оппозиция күчтөрү президенттик сарайды, парламент имаратын ж. б. басып алып өрттөгөн. Молдавияда шайлоолор өткөрүлүп, оппозиция бийликке келген жана жаңы өкмөт түзүлгөн.

Экономикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Молдавиянын экономикасынын негизин өнөр жай жана айыл чарба продуктуларын кайра иштеткен ишканалар түзөт. Экономикасында четте иштеген мигранттардын акча которуусу да орчунду орунга ээ. ИДПнин көлөмү 9,96 млрд доллар (2009), аны киши башына бөлүштүргөндө 2,3 миң доллардан туура келет. Андагы тейлөө чөйрөсүнүн үлүшү 76,3% (2008), өнө жайыныкы 15,8, айыл чарбасыныкы 7,9. 2008-жылы 1,1 млрд кВт·с электр энергиясы өндүрүлгөн. Дан эгиндери (буудай, жүгөрү), тех. өсүмдүктөр (кант кызылчасы, күн карама, тамеки), картөшкө, жашылча, мөмө-жемиш ж. б. өстүрүлөт. Жүзүмчүлүк менен алектенип, шарап тартат. Молдавиядагы Криковский шарап сактоочу жер төлөсү чоңдугу боюнча дүйнөгө даңкталган. Бодо мал менен чочко асыралып, үй куштары багылат. Тамак-аш (консерва, кант, май, сүт азыктары ж. б.) өндүрүшү өнөр жайда өндүрүлгөн продукциясынын 1/3ин түзөт. Машина куруу (айыл чарба машиналары жана тамак-аш өнөр жайы үчүн жабдуулар), текстиль, тигүү, курулуш материалдары, тамеки өнөр жай ишканалары иштейт. Автомобиль жолунун узундугу 9,34 миң км (анын 95%и асфальтталган; 2008), темир жолунуку 1150 км. Днестр жана Прут дарыясында кеме жүрөт. Сыртка азык-түлүк, шарап чыгарат. Негизги соода шериктештери: Европа союзуна кирген (негизинен Румыния, Италия) жана КМШ өлкөлөрү (Россия, Украина).

Маданияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Билим берүүсү мектепке чейинки тарбиялоону, 10 жылдык толук милдеттүү, орто, кесиптик-техникалык жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 94%ти түзөт (2008). Окутуу орус жана молдаван тилдеринде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлары бар. Ири жогорку окуу жайлары (30дан ашык; Агрардык, И. Крянге атындагы Педагогикалык, Теотемицану атындагы Медицина жана фармацевтика, Молдаван университеттери), илимий мекемелери (Молдавия Илимдер академиясы, көптөгөн ИИИлер, илимий мекемелер бар), башкы музейлери (Улуттук көркөм ж. б.), китепканалар (Улуттук ж. б.) Кишинёв шаарында жайгашкан. «Молдава Суверанэ», «Независимая Молдава», «Цара», «Литература ши Арта» сыяктуу коомдук-саясий жана көркөм-маданий гезиттери бар. Радиоуктуруусу 1930-жылдан, телекөрсөтүүсү 1958-жылдан, ошондой эле «Молдпресс» мамлекеттик маалымат агенттиги (1935-жылдан АТЕМ, азыркы атында 1994-жылдан) иштейт.

Адабияты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

14–15-кылымда адабий жазма эстеликтер (славян тилинде) пайда болуп, 16– 17-кылымда молдаван тилиндеги жыл баян адабияты (Г. Уреке, М. Костин, И. Неклуче, Д. Кантемир ж. б.) өнүккөн. Молдаван адабиятынын өнүгүшүнө Молдаван ССРинин түзүлүшү (1940) кенен жол ачкан. Натыйжада жаңы молдаван адабияты жаралып, ал социалисттик реализмдин эстетикалык принциптеринде өнүгө баштады. Жаңы адабияттын алгачкы этабында тап күрөш, коллективдештирүү темасы орчундуу орун ээлеген. Улуу Ата Мекендик согуштан кийин поэзия жанры ыкчам өнүктү. Буга А. Лупандын «Унутулган кыштак» (1940), «Бетме-бет» (1945), Е. Буковдун «Менин өлкөм» (1947), Иструнун «Карпаттагы жаз» деген эпикалык шаң менен жазылган көлөмдүү поэмалары далилимий Драматургияда А. Лупан («Жарык», 1948; «Мезгил кылдыреги», 1959), Е. Буков («Буркандаган Дунай», 1957; «Бүгүнкү күн жана келечек», 1965), Корнян («Махабат ызасы», 1958) ж. б. драматургдардын пьесаларынын мааниси чоң. 1960–70-жылдары көркөм адабият жаңы баскычка көтөрүлүп, И. Чобанунун «Көпүрөлөр» (1965) романы, Чиботарунун «Баскычтар» (1970) ыр жыйнак ж. б. басылып чыккан. Молдавия жазуучулар союзу 1940-жылы уюшулган.

Архитектура жана сүрөт исскуствосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Молдавия искусствосунун алгачкы эстеликтери биздин заманга чейинки 3–2 миң жылдыкка таандык. Элдин жасалга-колдонмо искусствосу (таш жана жыгач бедерлөө, металлды иштетүү, сайма саюу, токуучулук ж. б.) эзелтен өнүккөн. 15–18-кылымда монументалдуу сүрөт, кол жазма китептерди көркөм жасалгалоо кеңири тараган. 19-кылымдын акырында Кишинёвдо туңгуч сүрөт мектеби ачылган. Прогрессивдүү орус жана украин сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары Петербург, Москва (живописчилер В. Ф. Окушко, Е. М. Малешевская, скульптор А. М. Пламадяла ж. б.), ошондой эле Кишинёв, Бухарест, Яссы ж. б. шаарларда окуган молдаван сүрөтчүлөрүнүн калыптануусуна зор таасир тийгизген. Живописте – М. Е. Гамбурд, Д. К. Севестьянов ж. б.; графикада Б. Н. Широкорад, Л. П. Григорашенко ж. б.; скульптурада Л. И. Дубиновский, К.С. Кобизева ж. б. иштеген. 1945-жылы Молдавия ССР сүрөтчүлөр союзу негизделген.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Молдавиянын музыкалык маданияты коңшулаш славян ж. б. элдердин чыгармачылыгы менен тыгыз байланышта түзүлгөн. Молдавиянын элдик музыкасынын негизинде 7 тепкичтүү диатоникалык беренелер жатат. Музыкалык маданияттын өкүлдөрү кыдырып ырдаган ырчы-музыканттар жана лэут (лютня), флуер (свирель), чимпой (волынка) ж. б. аспаптарда ойногон акын-лэутарлар болгон. Молдаван эл ырлары көбүнчө бир үндүү келип, жанрлары ар түрдүү (дойня, бэтрынесек, лирикалык күлкү ж. б.). Эл бийи кооз кыймыл-аракетке бай, түрдүү ритм менен аткарылат (молдовеняска, сырба, хора ж. б.). Элдик музыкалык аспаптары: кавал (флейта), нан (көп өзөктү флейтасы), бучум (трембита), кобза (кылдуу чертме), цимбалы ж. б. Профессионалдык музыкалык искусствосу Бессарабия түрк эзүүсүнөн бошонуп (1912), Россияга кошулгандан кийин пайда болгон. 1889-жылы Кишинёвдо орус музыкалык коомунун бөлүмү, 1901-жылы музыкалык окуу жайы ачылган. Бул мезгилде белгилүү музыкалык ишмери, композитор, дирижёр, педагог Г. Музическу болгон. Молдавиянын профессионалдык музыка искусствосу Совет бийлигинин мезгилинде гана өнүгүп, атактуу «Дойна» хор капелласы (1930), музыкалык драма театры (1939), симфониялык оркестр (1935) уюшулган. Молдавия ССРи түзүлгөндөн кийин (1940) Кишинёвдо республикалык филармония, Композиторлор союзу, консерватория, музыкалык окуу жайы, музыкалык мектеп, элдик бий ансамбли түзүлгөн. Согуштан кийинки жылдары Молдавияда «Флуераш» эл аспаптар оркестри (1946), кыл аспаптар квартети (1966), «Мучурел» элдик ыр ансамбли (1967), «Фольклор» элдик музыкалык ансамбли (1968) жана 1957-жылы Молдавия опера жана балет театры ж. б. уюшулган. 3 музыкалык окуу жайы иштейт. Убагында Шт. Няга, Е. К. Кока, Л. С. Гуров, С. В. Златов, П. Б. Ривилис, Е. Д. Дога ж. б. композиторлору, Т. С. Чебан, М. Л. Биешу сыяктуу СССРдин эл артисттери өсүп чыккан.

Театры жана киносу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1947-жылы Молдавияда 7 драма театры (анын ичинде 4ү Кишинёвдо) иштеген. 1958-жылы Молдавия театр коому уюшулган. Республикасынын театр ишмерлери (1974): СССР эл артисти Д. Т. Дариенко, Е. В. Уреке, К. А. Штирбул ж. б. Молдавиянын аймагында алгачкы кино тартуу 1897-жылы башталган (оператор Ф. Месгиш аскер жүрүштөрүн тарткан). Биринчи толук метраждуу документ фильмдери – «Бессарабия коммунасы» (1928), «МАССРине беш жыл» (1929). 1952-жылы Кишинёвдо хроникалык документ фильмдеринин киностудиясы түзүлгөн. Биринчи көркөм фильм («Молдаван обондору», режиссёр А. В. Золотницкий) 1955-жылы коюлган. 1957-жылы Кишинёв хроникалык көркөм жана хроникалык-документ фильмдеринин киностудиясы «Молдава-фильм» болуп кайра түзүлгөн. Кинематографисттер союзу 1962-жылы негизделген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Молдова Республикасынын конституциясы