Бириккен Улуттар Уюму

Википедия дан
Бириккен Улуттар Уюму
United Nations

Organisation des Nations unies
الأمم المتحدة
Организация Объединённых Наций
Organización de las Naciones Unidas

联合国

     БУУга мүчө мамлекеттер
Мүчөлүк:

193 мүчө өлкө

Штаб-квартира:

Америка Кошмо Штаттары  Нью-Йорк
Кошумча кеңселери:
Австрия  Вена[1]
Швейцария  Женева[2]
Кения  Найроби[3]

Ырасмый тилдери:

англис, француз, орус, кытай, араб, испан тилдери

Жетекчилери
Баш катчы

Португалия  Антониу Гутерреш

БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы

Мальдивдер Шахид Абдулла

Негизделген
БУУнун Уставына кол коюу

26-июнь, 1945-жыл

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) — эл аралык тынчтыкты, коопсуздукту колдоо жана бекемдөө, мамлекеттер аралык тынчтык кызматташтыгын өнүктүрүү максатында суверендүү мамлекеттердин ыктыярдуу биригүүсүнүн негизинде түзүлгөн эл аралык уюм.

БУУну түзүү антигитлердик коалициялык негизги мамлекеттердин демилгелери менен ишке ашырыла баштаган. БУУнун аткара турган негизги иш чаралары жана түзүлүшү 2-дүйнөлүк согуштун убагында эле (Москвадагы СССР, АКШ, Улуу Британия мамлекетинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында (1943-ж.), Думбартон – Оксфорд конференциясында (1944-ж.), Крым (Ялта) конференциясында (1945-ж.), Сан-Франциско конференциясында (1945-ж.) талкуулана баштаган. Сан-Франциско конференциясында 51 мамлекеттин өкүлдөрү кол койгон (анын ичинен бешөө Коопсуздук Кеңешинин туруктуу мүчөлөрү).

Бириккен Улуттар Уюму негизделүүдө

БУУнун уставы күчүнө кирген 24-октябрь 1945-жыл – жыл сайын БУУнун түзүлгөн күнү катары белгиленет. БУУнун Уставында бекиген башкы максаттары: эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту коргоо, мамлекеттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү; дүйнө элинин бейкуттугун буза турган ар кандай агрессиялык актыларды, эл аралык талаш-тартыш маселелерин тынчтык жолу менен чечүү жана жөнгө салуу; улуттук өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттар арасындагы достукту, тең укуктуулукту өнүктүрүү; адам укуктары тилине, дилине, расасына, жынысына карабастан бардык адамдарга бирдейлигин бекемдөө жана эл аралык маданий, социалдык, экономикалык проблемаларды чечүүдө эл аралык кызматташууну камсыз кылуу. БУУнун Уставында эл аралык кызматташуунун бир нече демократиялык принциптери каралган жана бекитилген: мисалы,

  • баардык мүчөлөрдүн суверендүү тең укуктуулугу;
  • кабыл алган Уставдагы милдеттерди ак ниеттүүлүк жана жоопкерчилик менен аткаруу;
  • эл аралык талаш-тартыштарды чечүүдө эл аралык тынчтыкка, коопсуздукка, адилеттүүлүккө коркунуч алып келбей тургандай негизде чечүү.

Азыркы учурда БУУда 193 мамлекет мүчө болуп катталган.

БУУнун башкы органдары:
1. Генералдык Ассамблея;
2. Коопсуздук Кеңеши;
3. Экономикалык жана социалдык Кеңеш;
4. Кам көрүү Кеңеши;
5. Эл аралык Сот;
6. Катчылык же Баш катчы,
7. Адам укуктары боюнча Жогорку комиссар.
спасибо за внимание!

Түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Секретариат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башкы секретарь (катчы)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аты-жөнү Өлкө Ыйгарым укугун башталышы Ыйгарым укуктун аякташы
Глэдвин Джебб

(милдетин аткаруучу)

(англ. Gladwyn Jebb, 1st Baron Gladwyn)

Улуу Британиянын желегиУлуу Британия

(Батыш Европа)

24 октябрь, 1945 1 февраль, 1946
1 Трюгве Ли

(норв. Trygve Lie)

НорвегияНорвегия желеги(Батыш Европа) 2 февраляь, 1946 10 ноябрь, 1952
2 Даг Хаммаршёльд

(швед. Dag Hammarskjöld)

Швеция желегиШвеция(Батыш Европа) 10 апрель, 1953 18 сентябрь, 1961
3 У Тан Бирма(Азия) 30 ноябрь, 1961 1 январь, 1972
4 Курт Вальдхайм

(нем. Kurt Waldheim)

Австрия(Батыш Европа) 1-январь, 1972 1 январь, 1982
5 Хавьер Перес де Куэльяр

(исп. Javier Pérez de Cuéllar)

Перу(Түштүк Америка) 1 январь, 1982 1 январь, 1992
6 Бутрос Бутрос-Гали

(араб. بطرس بطرس غالي)

Египет(Африка) 1 январь, 1992 1 январь, 1997
7 Кофи Аннан

(англ. Kofi Annan)

Гана(Африка) 1 январь, 1997 1 январь, 2007
8 Пан Ги Мун

(кор. 반기문)

Түштүк Корея(Азия) 1 январь, 2007 1 январь, 2017
9 Антониу Гутерреш

(порт. António Guterres)

Португалия(Батыш Европа) 1 январь, 2017 Азыркы учурда кызматта

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев ат. Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев, ж.б.

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7