Вена

Отурукташкан жай
Вена
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Австрия
Координаттар 48°13′ с. ш. 16°22′24″ в. д.HGЯO
Бургомистр Михаэль Хойпль
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1884
Аянты 414,65 км²
Борборунун бийиктиги 151—542 м
Убакыт аралыгы UTC+1
Калкы
Калкы 1 670 347 адам (2007)
Жыштыгы 4025 адам/км²
Этнохороним веналык
Сандык идентификаторлор
Телефон коду + 43 1
Почта индекси 1010—1239, 1400, 1450
Расмий сайты http://www.wien.gv.at/
 (нем.)  (англ.)

Вена (нем. Wien [ˈviːn], бав. Wean, лат. Vindobona) – Австриянын федералдык борбору. Өлкөнүн башкы экономикалык, маданий жана илимий борбору; өзүнчө административдик бирдикти түзөт (федерация жери статусуна ээ). Калкы 1,6 млн (2006; шаар агломерациясында 2,1 млн). Дунай дарыясынын боюнда, Вена Токою тоо массивинин этегинде жайгашкан. Өлкөнүн башкы жолдор тоому. Шаар айланта магистралдар (анын ичинде автобандар) жана темир жол тармактары салынган. Эл аралык транзиттик мааниге ээ магистралдар: Франкфурт-наМайне В. Будапешт Стамбул, Варшава В. Милан, Берлин Прага В. Загреб. Ири жүк ташуучу авиаборбор. Эл аралык Вена-Швехат аэропорту, метрополитен бар. Деңиз порту.

тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Байыркы кельттердин тургун жайы; б. з. 1-кылымынан римдик Виндобона (же Виенна) аскер лагери. 1221-жылдан шаар. 16-кылымда императорлор резиденциясы, бирок иш жүзүндө Габсбургдар мамлекетинин, 1804-жылдан Австрия империясынын (1867-1918-ж. Австрия-Венгриянын) борбору болгон. 18-кылымдын 1-жарымында Вена европалык маданияттын, айрыкча музыканын өнүккөн жери. 1848-49-ж. Австриядагы революциячыл күрөштүн очогу. 1918-жылдан Австрия Республикасынын борбору. Венага өлкөнүн жалпы өнөр жай өндүрүшүнүн 1/3 инен ашыгы туура келет. Машина куруу (транспорт, радиоэлектроника, электр-техника, станок, прибор куруу, айыл чарба машиналары), полиграфия, химиялык-фармацевтика, тигүү, текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштеп, аялдардын модалуу кийимдери, трикотаж, шляпа, кооз эмеректер, музыкалык аспаптар чыгарылат. Шаарда Австриядагы эң ири нефть ажыратуучу завод иштейт. Ыйык Стефан собору (шаардын символу), роман, готика стилиндеги чиркөөлөр, ратуша, парк фонтандары менен сарайлар, Бельведер, вилла сакталган. Шаардын борбордук бөлүгүндө соода үйлөрү, газометрлер курулуп, эстеликтер (император Иосиф Пге, В. А. Моцартка Бурггартенде, И. Штрауска, Ф. Шубертке) тургузулган. Венанын тарыхый борбору жана Шёнбрунн сарайы Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. ИА, 100дөн ашык илимий-изилдөө институттар, илимий коомдор, университеттер, асем искусство академиясы, 53 ири китепкана (анын ичинде парламенттин, улуттук ж. б.), музейлер (анын ичинде табигый-тарыхый ж. б.), Альбертина, сүрөт галереясы, гравюра кабинети, мемориалдык музейлер (Й. Гайдн, В. А. Моцарт, Л. ван Бетховен, Ф. Шуберт, И. Штраус уулунун), З. Фрейддин үй-музейи, театрлар иштейт. Эки жылда бир бий, заманбап музыка, жыл сайын опера фестивалдары, 1982-жылдан «Бельведер» эл аралык вокалисттер конкурсу ж. б. өткөрүлөт. Дүйнөдөгү эң ири музыка басмасы «U niversal Edition» (1901) иштейт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]