Тирана

Википедия дан
Тирана
алб. Tiranë, Tirana
Туу
Туусу
Герб
герби
Өлкө

Албания

Ички бөлүнүшү

11 район

мэр

Лулзим Баша

Тарыхы жана Географиясы
Аянты

41,8

Бийиктиктиги

90

Калкы
Калкынын саны

386 420 (2010)

Жыштыгы

адам/км2

Этнохроним

тираналык, тираналыктар

Сандык идентификаторлор
Убакыт аралыгы

+1

Телефон коду

+355 4

Автоунаа коду

TR

http://www.tirana.gov.al/

ТиранаАлбания Республикасынын борбору (1920-жылдан). Тирана ретинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Tоо аралык өрөөндө, Адрия деңизинен 40 км аралыкта жайгашкан. Климаты субтропиктик жана жер ортолук деңиздик. Жайы ысык, кургак, кышы жумшак жана нымдуу. Июлдун орточо температурасы 24°С, январдыкы 5°Стун тегереги. Шаар өз алдынча административдик бирдикти түзөт. Калкы 570 миң (2010). Эл аралык аэропорту бар. Өлкөнүн экономикалык жана маданий ири борбору. Текстиль, металл иштетүү, тамак-аш, айнек-карапа, фармацевтика, машина куруу өнөр-жай ишканалары иштейт. Албания ИА, университеттер, музейлер, Хажи-Эткем-бей мечити (1794-1821), Искандарбек аянт ансамбли (1920-30) бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]