Нью-Йорк

Wikipedia дан
Шаар
Нью-Йорк
New York City
NewYorkCityCollaj.jpg
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө АКШ
Штат Нью-Йорк (штат)
Мэр Майкл Блумберг
Негизделген 1624-жыл
Мурунку аталышы Жаңы Амстердам
Отурукташкан жай с 1653
Аймагы 1214,9 км²
Борборунун бийиктиги 3 м
Калкы 8 363 710[1] адам (2010)
Агломерация 20 610 000
Этнохороним ньюйорктук
Убакыт аралыгы UTC-5
Телефон коду 212, 718, 917, 347, 646
Почта индекси 100xx-104xx, 11004-05, 111xx-114xx, 116xx
Расмий сайты http://www.nyc.gov/  (англ.)
##Нью-Йорк (АКШ)
Red pog.png

Нью-Йорк (англ. New York City, IPA: [nuː ˈjɔɹk ˈsɪtɪ] же [njuː ˈjɔːk ˈsɪti]) — Американын ири шаары, дүйнөнүн ири шаарларынын бири. Калкынын саны 8 363 710 адам(2010-жыл)[1], шаар аймагын кошкондо — 20,61 млн. Атлантика океанынын жээгинде Нью-Йорк штатынын түштүгүндө жайгашкан. Нью-Йорк XVII кылымда голландиялык колонистер тарабынан негиделген. 1664-жылга чейин шаар «Жаңы Амстердам» деген ат менен белгилүү болгон.

Лонг-Айленд үчүн салгылашуу, Америкалык көтөрүлүштөгү ири карама-каршылык.

Нью-Йорк 5 аймактан турат: Бронкс, Бруклин, Квинс, Манхэттен жана Статен-Айленд. Негизги маданий жана тарыхый баалуулуктары Манхэттенде орун алган. Алардын ичинде: тарыхый мунаралар (Эмпайр-стейт-билдинг, Крайслер-билдинг), Рокфеллер-борбору, Вулворт-билдинг, көркөм Метрополитен музейи, Метрополитен-Операсы, Соломон Гуггенхайм атындагы искусство музейи (сүрөт), Американын табийгый тарыхый музейи (динозаврлар скелети жана планетарий), легендарлуу «Челси» мейманканасы, БУУ баш-кеңсеси, Гарлем.

Нью-Йорк — дүйнөдөгү каржылык, саясий, экономикалык жана маданий борбор[2].

Нью-Йорк шаарынын тарыхы

Нью-Йорк шаарынын учурдагы аймагында, европейецтердин пайда болушунан көптөгөн жылдар бою Манахаттоу жана Канарси индейлер уруулары жашап келишкен. Бул, Инвуд-Хилл-Парк жана Риверсайд-Парктан табылган жаа окторунун учтары жана башка артефактар менен тастыкталат. Европалык көчүп келүүлөр Манхэттендин түштүк тарабында орун алган Жаңы Амстердам (Nieuw Amsterdam) деген шаарчадан 1626-жылы башталган. 1664-жылы шаарды англиялык кемелер басышат, алардын башында губернатор Стөйвесант болгон, көп өтпөй, шаар, герцог Йоркскийдин ысымынан Нью-Йорк (англ. Жаңы Йорк) деп аталган. 1667-жылкы экинчи англиялык-голландиялык согуштун жыйынтыгы менен голландиялыктар Нью-Йорк шаарын расмий түрдө Суринам колониясына алмаштырышып, англичандарга беришкен.

Алгач Көз карансыздык үчүн согушта шаардын учурдагы аймагы салгылашуу үчүн негизги аймак болуп саналган. Бруклин салгылашуусунун негизинде Бруклинде чоң өрт чыгып, шаардын көпчүлүк бөлүгү өрттөлүп кеткен да, согуштун аягына чейин Улуу Британиянын колуна өткөн, бирок 1783-жылы америкалыктар кайрадан басып алышкан. Англиялыктардын чыгышынын негизинде «Көчүү күнү» деп аталып калган бул күн Нью-Йоркто көптөгөн жылдар бою майрамдалып келген.

Бродвей, болжол менен 1840-жылы.

Иммигранттардын ири толкуну менен XIX кылымда шаардын калкынын саны кескин жогорулаган. 1811-жылы шаарды кайрадан куруу генералдык планы иштелип чыгып, көчөлөрдүү кеңейтүү иштери жүргүзүлө баштаган. Ал генералдык планга учурдагы Манхэттен да кирген. 1835-жылга, Нью-Йорк калкынын саны боюнча, ал кездеги ири шаарлардын бири Филадельфияны басып өтүп Кошмо Штаттардын эң чоң шаары болуп саналган.

Жарандык согуштун негизинде Түштүк менен болгон бекем соода сатык байланыштары жана ошондой эле иммиграциянын өсүшү, Кошуундун жана Конфедерациянын өз жактоочулары тарабынан кайым айтышуунун негизинде американын тарыхындагы жарандык согуштун келип чыгышына алып келген.

Согуштан кийин Европадан келген иммигранттардын саны кескин өсүп, Нью-Йорк миллиондогон адамдар үчүн акыркы аялдама болгон, алардын көпчүлүгү Кошмо Штаттарга жакшы жашоонун артынан көчүп келүүгө аргасыз болушкан.

1859-жылы «Нью-Йорк дейли трибюн» америкалык гезитинде жарыяланган «Калк, кылмыштуулук жана пауперизм» деген аталыш менен чыккан макалада, Карл Маркс мындайча жазган:

адамдардын жашоо тиричилигин жогорулашын төмөндөткөн, ошол эле учурда калктын санынан да алдыга ооп кеткен кылмыштуулуктун жогорулашы, саналуулардын байышы, бул коомдук системанын өзөгүнүн чириндиси.

Айрыкча Нью-Йорктогу кылмыштуулуктун өсүп кетиши тууралуу «Геральд Трибюн» гезити кескин сындаган:

Кылмыштуулук үчүн күрөштө улут оор жеңилүүлөргө учуроодо. Стастистика көрсөткөндөй, кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн жана жарадар болгон адамдардын саны, Американын дүйнөлүк согушта жоготкон адамдарынын санынан жогору, ошол эле кезде, бул көрүнүш күндөн күнгө өсүүдө.

Нью-Йорк 1895-ж. Брокгауз жана Евфрондун энциклопедиясынан алынган сүрөт.
Манхэттандын көрүнүшү, 1873-жыл.

1898-жылы Нью-Йорк учурдагы чек араларга ээ болгон: ага чейин, ал, түштүк тарабын Манхэттенден жана Бронкстон, Уэстчестер аймагынан (батыш Бронкс 1874-жылы, калган аймагын — 1895-жылы) алган. 1898-жылы жаңы мыйзам долбоорунун негизинде Чоң Нью-Йорк деген аталыштагы жаңы коомлук бирдик түзүлгөн. Жаңы шаар беш аймакка бөлүнгөн. Манхэттен жана Бронкс аймактары, өз аянттарын кеңейтип, шаардын биринчи аймагын жана ага кошуп Нью-Йорк аймагынын калган бөлүгүн түзүшкөн. Бруклин аймагы Бруклин шаарынан жана бир нече коомдоштуктардан түзүлүп Кингс аймагынын чыгыш бөлугүн ээлеген. Квинс аймагы Квинс областынын батыш бөлүгүн ээлеп, бир нече шаарчаларды жана айылдарды өзүнө камтыган, алардын ичине Лонг-Айленд-Сити, Асторию жана Флашинг кирет. Статен-Айленд аймагы Ричмонд областынын баардык аянтын камтыган. Бул аймактардын ичиндеги бардык шаарлардын жана айылдардын административдик башчылары кыскартылган. Бир жылдан кийин Квинс аймагына кирбей калган Квинс областы, Нассо (Nassau) областы болгон[3] 1914-жылы штаттын мыйзам чыгаруу өкмөтү Бронкс областын түзүшкөн, ал эми Нью-Йорк областы Манхэттендин аянтына чейин кыскартылган. Учурда Нью-Йорктун беш аймагынын аянты жогоруда саналган областардын аянттары менен дал келет.

XX кылымдын биринчи жарымында, шаар, өнөр жайдын, соода жана байланыштан дүйнөлүк борборуна айланат. 1904-жылы метро өндүрүшүндө иштеген алгачкы Интерборо Рэпид Трэнзит компаниясы өз ишин баштаган. 30- жылдары Нью-Йорктун көрүнүшүн дүйнөдөгү эң бийик мунаралар өзгөрткөн.

эгиздер-мунарасынын курулушу. 1971-жылдын жай айларынын башы.

Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Нью-Йорк дүйнөдөгү шаарлардын лидерине айланган. БУУнун башкы-кеңсесинин Нью-Йоркто курулушу дүйнөдөгү саясий маанидеги шаар экендигин тастыктап турган.

Ушуну менен катар эле, шаар калыкынын бир бөлүгү, шаардын четине көчө баштаган, аз болсо да, бул шаардын калкынын санын азайтууга алып келген. Акырында, өнөр-жайдын дана соода сатыктын өзгөрүүсү, 70- жылдары Нью-Йоркто саясий жана экономикалык таңкыстыкты алып келген.

Нью-Йорктун бизди таң калтырганы - бул анын «үнү»: полициянын унааларынын добуштары, иттердин тынымсыз үрүшү жана өрт өчүрүү унаалардын добуштары, моторлордун токтобогон үнү, дөңгөлөктөрдүн добушу, такси унааларын чакырган мейманканалардын швейцарлары. (китепти караңыз - «Америка Кошмо Штаттары боюнча 18000 километр», А. Овденко, 1972 г. стр. 3)

80-жылдары акырындык менен өсүү жылдар болгон. Ал эми 90-жылдары расалык карама-каршылардын басаңдашы, кылмыштуулуктун азайышы, шаарга келген иммигранттардын өсүшүнүн жогорулашы менен, Нью-Йорк тарыхта биринчи жолу 8 миллион калктан турган. 90-жылдырдын соңунда курулуш жагынан каржылык тейлөө жаатында чоң жетишкендиктер болгон. Бул болсо, кыймылсыз мүлктүн баасынын кескин жогорулап кетишине алып келген.

2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук акт Вашингтонду да тийип өткөн, бирок Нью-Йорк эгиздер-мунарасына болгон соккудан катуу жаракат алган, андагы түтүн менен чаңдын асманга көтөрүлүшү, мунаралардын калдыктары, калктын жабыркашы жана өрт өз таасирин тийгизбей кеткен жок. Бирок ага карабастан жардыруу аймагын тазалап ирээтке келтирүү пландаштыргандан алда канча тез бүткөн, ошондон бери шаардын планы өзгөргөн. «Эгиздер-Мунарасынын» ордуна курула турган Эркиндик Мунарасы дүйнөдөгү эң бийик мунаралардын (1776 футов же 532,8 м) бири болот жана анын курулушунун аякташы 2013-жылы пландаштырылууда.

Панорамалар

Географиясы жана климаты

Географиясы

Нью-Йорк шаары, TERRA спутнигинен көрүнүшү. Сыйкырдуу жашыл тикбурч — Борбордук Парк, Нью-Йорктун Манхэттен аралында.

Нью-Йорк шаары Манхэттен, Статен-Айленд аралдарынан, батыш бөлүгү Лонг-Айленд аралынан, кичине түндүкамерикалык материк бөлүгүнөн - (Бронкс) жана нью-йорк жээктеринде жайгашкан бир канча майда аралдардан турат. Нью-Йорк болжол менен 40° түндүк кеңдигинде жана 74° батыш узактыгында жайгашкан. Нью-Йорктун эң бийик чокусу болуп, Статен-Айлендде жайгашкан, бийиктиги 125 м. жеткен Тодт-Хилл дөңү саналат. Статен-Айленд — абдан кеңири, тоолу, жашыл болгон шаардын аймактарынын бири. Манхэттенде тескерисинче, жерлер кымбат жана аз, андыктан анын аймагында көптөгөн бийик мунаралар жайгашкан. Американын каттоо борборунун маалыматтарынын негизинде, шаар аянты 1214,4 км², алардын 785,6 км² — кургактын жана 428,8 км² (35,31 %) — суу.

2008-жылы жүргүзүлгөн америкалык илимпоздордун геологиялык изилдөөлөрүнүн негизинде, түндүккө карай, шаардан 40 километр аралыкта эки геологиялык сынык бар. Эгерде жер титирөө катталса, болжолдуу түрдө 7 баллга чейин жетиши ыктымал. Ошону менен бирге эле, ал сыныктардын кеслиши АЭСтен алыс эмес жерде. Андыктан, курулуп жаткан мекемелер жана атомлук электростанциялыр кошумча текшерүүлөргө жана бекемдөөлөргө дуушар болууда.


Климаты

Нью-Йорк салыштырмалуу төмөнкү кеңдиктерде турат: мисалы, Нью-Йорк, божол менен Стамбул, Мадрид, Ташкент, Баку жана Бэйжин менен бирдей кеңдикте орун алган. Көппендин климаттык классификациясына таяна урган болсок, Нью-Йорк, нымдуу континенталдык жана намдуу субтропикалык климаттын чектеринде жайгашкан. Жаан-чачындардын түшүшү жыл ичинде бирдей денгээлде сакталган. Күн нурунун орточо жылдык тийиши - 2680 саат. Шаар, океандын жээгинде жайгашкандыгына карабастан, кышкы жана жайкы температуранын айырмачылыгы чоң, анкени шамал көпчүлүк учурда метерик тараптан согот. Океандин таасири анчалык чоң эмес, бирок, температуранын бир калыптуулугун кармап турат. Температуранын жылуулугунун дагы бир фактору болуп, шаардын инфроструктурасы, башкача айтканда, бийик мунаралардын катар тизилиши шамалдын согушунан сактап, жылуулуктун кармалышына түрткү берет.

Кышында Нью-Йоркто орточо температура −2 °C жана +5 °C. Жыл сайын кыш айларында, божол менен 60 см. кар түшөт. Жаз жумшак, орточо температурасы 7 °C - 16 °C. Жайында Нью-Йоркто салыштырмалуу ысык, орточо температура 19 °C - 28 °C түзөт. Шаар ичиндеги абанын намдуулугунун жогорулашы байкалат. Көпчүлүк убактарда температура 32 °C жетет жана кээ бир учурларда 38 °C ысык болот. Күз мезгили Нью-Йоркто жагымдуу, температура 10 °C - 18 °C кармалып турат. Бирок Нью-Йорктун температурасын бир калыпта деп айтуу кыйын, кээ бир кыш мезгилинде кар жок, жылуу болсо, жай мезгилинде болсо, тескерисинче мээлүүн шамал үйлөп турат.

Нью-Йорк климаты
Көрсөткүч Янв Фев Мар Апр Май Июн Июл Авг Сен Окт Ноя Дек Жыл
Абсолюттук максимум, °C 22.2 23.9 30.0 35.6 37.2 38.3 41.1 40.0 38.9 34.4 28.9 23.9 41.1
Орточо максимум, °C 3.5 5.3 9.8 16.2 21.6 26.3 28.9 28.1 24.0 17.7 12.1 6.1 16.6
Орточо температура, °C 0.3 1.8 5.8 11.7 16.9 21.9 24.7 24.0 20.0 13.8 8.7 3.1 12.7
Орточо минимум, °C −2.8 −1.7 1.8 7.1 12.2 17.6 20.4 19.9 16.0 10.0 5.3 0.0 8.8
Абсолюттук минимум, °C −21.1 −26.1 −15 −11.1 0.0 6.7 11.1 10.0 3.9 −2.2 −11.1 −25 −26.1
Жаан чачын нормасы, мм 104.9 80 111 108.7 119.1 97.5 117.3 107.2 107.4 97.8 110.7 100.3 1,262.1

Калкы

Көп убакыт мурда, шаардын басымдуулук көпчүлүгүн Европанын жарандары түзүшкөн: XIX к. ортосунда алардын көпчүлүгү - ирландецтер жана немецтер, ал эми XX к. башында - жөөттөр жана итальяндыктар болгон. 40-жылдары Кошмо Штаттардын расмий эмес борборунун 94% калкын ак жүздүү адамдар түзүшкөн. Бирок этникалык өзгөрүүлөр, европеиддердин шаар четтерине да көчүп келиши менен өзгөрүп турган. «Субурбанизация» деген аталыштагы бул кубулуш массалык түрдө Нью-Йоркто пайда болгон. Шаардын четтеринен көчүп кете баштаган калкты, башка расадагылар түзө башташкан. Акыркы он жылда Нью-Йоркто азиялыктардын көбөйүшү байкалат, айрыкча кытайлар, индейлер жана пакистандыктар, ошондой эле Латын Американын жана Кариб бассейнинин тургундары.

Нью-Йоркко болгон күчтүү толкундуу миграциянын жыйынтыгында, XX кылымдын 80-жылдары шаар калкынын басымдуулук көпчүлүгүн латынамерикалыктар жана афроамерикалыктар түзүшкөн. Учурда Ричмонд — ак жүздүү адамдар басымдуу кылган жападан жалгыз аймак болуп саналат. Ал эми анын аймагы көп убакыттан бери «Гарлем филиалдарынан», «кичинекей Италиядан», «Чайнатаундардан», жөөттөрдүн «ист-сайддарынан», «латын кварталдарынын» мозаикасынан турат. Нью-Йоркко көчүп келгендердин чыныгы жүзүн Эллис-Айленддеги Иммигранттар Музейинен көрүүгө болот. Анткени учурда Кошмо Штаттардын жарандарынын болжолдуу 20 миллиону, дал ушул аймакта 1954-жылы орун алган, башкы өткөрүүчү бөлүмдөн катталып өтүшкөн.

Иммиграция — шаарлардын кескин турдө өсүүсүнүн башкы фактору болуп саналат. XIX к. 70-жылдарында шаардын тарыхый өзөгүн түзгөн - Нью-Йорк графстосунда, жашоочулардын саны миллиондон ашкан. Ал эми 1896-жылы бирдиктүү Нью-Йорк-Ситини түзгөндө 3,4 млн. жеткен. 2000-жылы Нью-Йоркто 8 008 278 адам жашаган, 3 021 588 түрак жай жана 1 852 233 үй бүлө болгон. Калктын жыштыгы - 10 194,2/км². Шаарда орточо жыштыгы менен 4074,6/км² жерде 3 200 912 турак жай бирдиги бар. Расалык курамы: 44,66 % ак жүздүүлөр, 26,59 % каралар, 0,52 % жергиликтүү американецтер (индейлер), 9,83 % азиаттар, 0,07 % тынчокеандыктар, 13,42 % башка расадагы адамдар, жана 4,92 % болсо, эки же андан көп расадагы адамдар. Калктын 26,98 % — латынамерикалыктар түзушөт.

Шаардын турак жай коомунун кирешеси $38 293, үй-бүлөлөрдүкү — $41 887. Эркектердин орточо кирешеси $37 435, ал эми айымдардыкы $32 949. Калк жанына болгон киреше $22 402. Шаардын 21,2 % калкы жана 18,5 % үй-бүлөлөр кедейлүүлүк сызыгынан төмөн жашашат. Кедей жашаган адамдардын ичинен - 30,0 % 18 жашка жете электер жана 17,8 % 65 жаштан жогору жаштагы улгайган адамдар.

3 021 588 турак жай коомунун ичинде - 29,7 % 18 жашка жете элек балдар ээлик кылышат; 37,2 % бирге жашаган жубайлар; 19,1 % күйөөлөрү жок айымдар; 38,7 % - үй-бүлөсү жоктор.

Жаш өзгөчөлүгүнө жараша шаар төмөнкүчө бөлүнөт: 24,2 % 18 жашка жете электер, 10,0 % 18 жаштан 24 жашка чейинкилер, 32,9 % 25 жаштан 44 жашка чейинкилер жана 11,7 % 65 жашттагылар жана алардан өйдө. Ар бир 100 айымга 90,0 мырза туура келет. Жашы 18 жана андан жогору болгон ар бир 100 айымга 85,9 мырза туура келет.

Дин

Шаарда, дүйнөнүн бардык диндеринин жана секталарынын өкүлдөрү жашашат. Сан жагынан алганда хкистиандар менен иудаизм басымдуулук кылат. Нью-Йоркто негизги диндерге тиешелүү бардык мекемелер бар, мечиттер менен кошо[4].


Нью-Йорк чиркөөлөрү жана сарайлары

Православдык сарайлар

Армяндар чиркөөсү

Экономикасы

Нью-Йорк фонддук биржасы — дүйнөдөгү базар капиталынын өлчөму боюнча ири биржа.[5]

Нью-Йорк - Кошмо Штаттардын жана дүйнөнүн негизги экономикалык борбору. Нью-Йоркту, Лондон жана Токио менен катар, дүйнөлүк экономикалык үч борбордун бири деп эсептешет[6]. Шаардын дүң продуктысы 2007-жылы $1210,2 млрд түзгөн, бул көрсөткүч менен ал АКШ ири мегашаарларынын алдына чыккан[7].

Жогорку технологиялар компанияларынын биржасы Насдак.
Уолл-стрит - Американын каржы күчүнүн белгиси.

Нью-Йорк өлкөнүн жана дүйнөнүн негизги каржы борборлорунун бири, шаарда жайгашкан каржы мекемелер 2008-жылдын аягында дүйнөлүк экономиканын 40% башкарып турушкан[8][9]. Нью-Йоркту өздөрүнүн баш-кеңсеси жайгашкан шаар болоорун төмөнкү, дүйнөлүк ири компаниялар тандап алышкан, алардын ичинде, Citigroup, J.P. Morgan Chase & Co., American International Group, Goldman Sachs Group, Morgan Stanley, Merrill Lynch. Мындай башка, шаарда ири, бирок каржы жаатына тиешеси жок компаниялар да бар, алардын ичине Verizon Communications, Pfizer, Alcoa, News Corp., Colgate-Palmolive жана башкалар киришет. Шаарда төмөндөгү биржалар кеңсеси орун алган Нью-Йорк фонддук биржасы, NASDAQ, Америкалык фонддук биржа, Нью-Йорк соода-сатык биржасы жана en:New York Board of Trade. Нью-Йорктогу каржы иштери төмөнкү Манхэттенде жайгашкан Уолл-стритте борборлоштурулган.

Шаардын экономикасынын жогорулашы, жергиликтүү салттык өндүрүштүн иштеп турушу менен да кармалып келет, бирок бул көрүнүш жылдан жылга кыскарууда. Шаардын өндүрүшүнүн негизги булактары болуп:унаа куруу, химиялык өнөр жай, мата өндүрүү жана азык түлүк саналат. Кирешенин жаңы булактары да тез өнүгүү үстүндө: биотехнология, программалык камсыздандыруу, интернет-бизнес[10].

Алгач Нью-Йорк американын кино жаатынын борбору болуп турган, убакыттын өтүшу менен гана бул орунду Голливуд ээлеген, бирок Нью-Йоркто кээ бир көркөм тасмалар жана программалар утурлай чыгарылып турат. Нью-Йорк Кошмо Штаттардын мода борбору болуп саналат, шаарда көптөгөн, дүйнөгө белгилүү модельерлердин баш-кеңселери жайгашкан. Ошону менен бирге эле шаарда, биринчилерден болуп, жаңы китептер басылмалардан чыгат. Шаарда туристик индустрия жогорку денгээлде өнүккөн.

Эскертүүлөр

  1. 1.0 1.1 United States of America: largest cities and towns and statistics of their population World Gazetteer  (англ.) (нем.) (фр.) (исп.)
  2. Davies, Catriona. Revealed: Cities that rule the world – and those on the rise, CNN (10 April 2010). Проверено 11 Апрель 2010.
  3. Насо (Nassau) Нью-Йорк шаарынын курамына кирбейт.
  4. Gingrich Blasts Cuomo Over Proposed WTC Mosque (англ.)
  5. http://www.world-exchanges.org/files/file/stats%20and%20charts/July%202010%20WFE%20Market%20Highlights.pdf
  6. Нью-Йорк
    ISBN 0691070636
  7. US Metro Economies // usmayors.org Калып:Проверено
  8. London vs. New York, 2005–06 (PDF). Cinco Dias. Түп булактан архивделген күнү 22 Август (Баш оона) 2011. Текшерилеген күнү11 Март (Жалган куран) 2008.
  9. New York still World's Financal Capital, 2005–06 (PDF). Marketwatch. Түп булактан архивделген күнү 22 Август (Баш оона) 2011. Текшерилеген күнү27 Июль (Теке) 2007.
  10. Protecting and Growing New York City's Industrial Job Base (PDF). The Mayor's Office for Industrial and Manufacturing Business (January 2005). Түп булактан архивделген күнү 22 Август (Баш оона) 2011. Текшерилеген күнү1 Сентябрь (Аяк оона) 2008.

Шилтемелер