1991

Википедия дан
Жылдар
1987 · 1988 · 1989 · 1990 1991 1992 · 1993 · 1994 · 1995
Онжылдык
1970-чу · 1980-чу1990-чу2000-чу · 2010-чу
Кылымдар
XIX кылымXX кылымXXI кылым
2- миң жылдык
XVIII кылымXIX кылымXX кылымXXI кылымXXII кылым
1890-чу 1890 1891 1892 1893 1894 1895 1896 1897 1898 1899
1900-чу 1900 1901 1902 1903 1904 1905 1906 1907 1908 1909
1910-чу 1910 1911 1912 1913 1914 1915 1916 1917 1918 1919
1920-чу 1920 1921 1922 1923 1924 1925 1926 1927 1928 1929
1930-чу 1930 1931 1932 1933 1934 1935 1936 1937 1938 1939
1940-чу 1940 1941 1942 1943 1944 1945 1946 1947 1948 1949
1950-чу 1950 1951 1952 1953 1954 1955 1956 1957 1958 1959
1960-чу 1960 1961 1962 1963 1964 1965 1966 1967 1968 1969
1970-чу 1970 1971 1972 1973 1974 1975 1976 1977 1978 1979
1980-чу 1980 1981 1982 1983 1984 1985 1986 1987 1988 1989
1990-чу 1990 1991 1992 1993 1994 1995 1996 1997 1998 1999
2000-чу 2000 2001 2002 2003 2004 2005 2006 2007 2008 2009
Хронологиялык жадыбал

1991 (бир миң тогуз жүз токсон биринчи) жыл - биздин замандын 1991-жылы, 2-миңжылдыктын 991, ХХ кылымдын 91, ХХ кылымдын 10-онжылдыгынын 1 жана 1990-жылдардын 2-жылы болуп эсептелет (ислам календары боюнча 1411—1412).

Негизги окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул жыл "Кансыз согуштун" бүткөн жылы деп эсептелинет, СССРдин таркашы жана анын негизинде 15 жаңы көз каранды мамлекеттердин пайда болушу, Югославиянын бөлүнүшү жана анын ичиндеги мурунку өлкөлөр ортосундагы согуштук иш-аракеттер, АКШ башында турган 34 өлкөдөн түзүлгөн эл аралык коалиция БУУнун көмөгү астында 1990-жылы Кувейтти баып алган Иракка каршы согушу менен тарыхта калды.

Январь[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Февраль[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Март[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Апрель[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Май[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Июнь[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Июль[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Август[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сентябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Октябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Ноябрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Декабрь[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991-жыл жана Кыргызстан[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1991-жылы Кыргызстандын тарыхында эң маанилүү окуя болду, 31-август күнү «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация кабыл алынып Кыргыз Республикасы коз карандысыз, эгемендуу демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Коз каранды эместиктин шартында 1991-жылы 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республиканын Президенти болуп шайланган.

Эгемендүү Кыргыз Республикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президентти шайлоо жана «Мамлекеттин көз карандысыздыгы жөнундө» Декларация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1990-ж. мартта СССР Эл депутаттарынын 3-съезди өлкөдө Президенттик бийликти белгилеген. Президенттик бийлик өлкөдө өкмөттүн ишмердигин аныктаган жана анын ишин көзөмөлдөгөн. Мыйзам чыгаруучу жана сот бийликтеринин иштерин эл чарбасын башкарууну, бюджеттик-финансылык системаны, эмгекке акы төлөө жана баалардын аныкталышын, мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөгөн. СССРде президенттик башкаруунун киргизилиши менен Казакстанда, Өзбекстанда ж.б. бир катар союздук республикаларда президенттик башкаруу киргизилген. 1990-ж. 27-октябрда Кыргыз ССР Жогорку Советинин сессиясында альтернативалуу негизде Аскар Акаев Кыргызстандын тунгуч Президенти болуп шайланган.1990-ж. 15-декабрда Кыргыз ССР Жогорку Советинде “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик эгемендүүлүгү жөнүндөгү” Декларация кабыл алынып, Кыргызстан Советтер Союзунун курамындагы эгемен өлкө катары жарыяланган. 1991-ж. 22-январда Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин 3-сессиясында “Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзам иштелип чыккан. Мыйзам боюнча биринчи жолу Президенттин, вице-президенттин кызматтары киргизилип, жергиликтүү бийлик органдарынын милдеттери, укуктук негиздери такталган. 1991-ж. 5-февралда республиканын борбор шаарынын тарыхый аты кабылына келтирилип, Фрунзе шаарына кайрадан Бишкек деген баштапкы аты берилген. 1991-ж. 8-майда Кыргыз ССРинин Жогорку Совети республиканын жаңы Конституциясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча комиссиянын курамын бекиткен. 1991-ж. 19-апрелде “Жер реформасы жөнүндө” мыйзам кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде 1991-ж. 31-августта “Мамлекеттик көз карандысыздыгы жөнүндө” Декларация кабыл алынып, Кыргыз Республикасы көз карандысыз, эгемендүү демократиялык мамлекет катары салтанаттуу жарыяланган. Көз каранды эместиктин шартында 1991-ж. 12-октябрда Аскар Акаев жалпы элдик шайлоодо Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Президентинин Указы менен 1991-ж. 20-октябрда Мамлекеттик коопсуздук жоюлуп, анын ордуна Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети, ал эми 3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы түзүлгөн. 1991-ж. 8-декабрда Минск шаарына жакын Беловеж токоюндагы өкмөттүк резиденциясында Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы жана Украина Көз каранды эмес Мамлекеттердин шериктештигин түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшат. 1991-ж. 21-декабрда Алматыда Беларусь Республикасы, Россия Федерациясы, Украина, Азербайжан, Армения, Казакстан, Кыргызстан, Молдавия, Тажикстан, Түркстан жана Өзбекстан КМШны түзүү келишимине кол коюшкан. 25-декабрда М. С. Горбачев СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирген.

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өлгөндор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Центразия Персоны. Текшерилген күнү 5 -январь (үчтүн айы) 2016. Түп булактан архивделген күнү 8 -декабрь (бештин айы) 2015.