Каракол

Wikipedia дан
Каракол шаары
Coat of arms of Karakol Kyrgyzstan.svg

Flag of Karakol Kyrgyzstan.svg
Жалпы маалымат
Өлкө: Кыргызстан Кыргызстан желеги
Област: Ысык-Көл
Негизделген: 1989-жыл
Мурунку аталышы: Пржевальск
Калкы: 63 400 адам (2009)
Телефон коду: +996-3922-XXXXX
Почта индекси: 722200
Расмий сайты: (орус тилинде)
Каракол шаары картада
MapaKarakol.png


Каракол (англ. Karakol) — Кыргыз Республикасынын шаары, Ысык-Көл областынын административдик борбору. 1889-1922 жана 1939-1992 жж шаар Н.М.Пржевальскийдин ысымын алып жүргөн. Калкы (2009) - 63,4 миң адам.

Мазмуну

[оңдоо] Географиясы

Караколдогу православдар чиркөөсү

Каракол шаары областын чыгыш бөлүгүндө орун алып Тескей-Алатоонун боорунда жайгашкан, Каракол суусунун алтыңкы куймасында жана Ысык-Көлдөн 12 км чакырым алыстыкта турат. Деңиз деңгээлинен 1690-1850 метр бийиктикте. Кыргыз Республикасынын борбор шаары Бишкекке чейинки аралык 420 км, эң жакынкы темир жол бекети Балыкчы шаарында жайгашкан, 220 км автоунаа жолу жана 184 км суу үстү менен.

Шаардын климаты мээлүн-контитенталдуу, тоо жана деңиз элементтери менен. Жылдык орточо атмосфералык жаан-чачын 350-450 мм түзөт.

[оңдоо] Тарыхы

Караколдогу дунган мечити

Каракол шаары 1869-жылы Чүйдөн Кашкарды көздөй кеткен кербен жолунда манап Көлбарска шаар негиздегенге жер табуу жана аны түптөө буйругу боюнча негизделген. 1869-жылдын биринчи Кулжа айында шаардын биринчи көчөлөрү, аянты жана конок үйү курулган. Бул күн шаардын түптөлүү күнү катары белгиленип, жана анын жанынан өткөн суунун "Каракол" деген ысымын алып калган. Шаар генералдык план боюнча түз кырдуу салынган жана көптөгөн жашыл бакчалардан турат, анткени ал учурдагы шаардын мыйзамына ылайык, ар бир курулган үйдүн алды-артында гүл бакча болуусу зарыл болчу. План боюнча, гүлзарлуу-шаар түптөө эле. Борбор Азиянын башка шаарларына салыштырмалуу курулган үйлөр да башкача типте салынып келген. 1887-жылга чейин негизинен топурак-бетон үйлөрү салынып келинсе, ал эми 1887-жылдан кийин шаарда жыгач үйлөрдүн саны өсүп, алар жыгачтан кесилип жасалган бай оймолордон турган. 1872-жылы Караколдо 132 үй короосу курулган. 1897-жылы шаардын калкынын саны 8108 адамга жеткен. Учурда шаарда, болжол менен 65443 адам жашайт. Шаар бир нече жолу өз атын өзгөрткөн: 1889-жылга чейин Каракол деп аталса, андан кийин орустар канынын буйругу менен орус саякатчысы жана изилдөөчүсү Н.М.Пржевальскийдин ысымын ыйгарган. Н.М. Пржевальский Караколго жасаган өзүнүн бешинчи жолку саякатында көз жумган. Анын аманаты менен сөөгү Ысык-Көлдүн жээгине коюлган. 1922-жылы шаарга Каракол аты кайтарылган. Ал эми 1939-жылы Н.М.Пржевальскийдин жүз жылдыгына карата шаар кайрадан анын ысымын алып жүргөн. 1992-жылы Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алгандан соң шаар Каракол деп аталып келүүдө. Төңкөрүшкө чейинки Кыргызстандын башка шаарларына салыштырмалуу Каракол шаарынын маданияты жогору турган.Бул шаардан көптөгөн саякатчылыр, окумуштуулар жана илимроздор чыгып, Борбор Азиянын изилдөөлөрүнө чоң салым кошушкан. Шаарда Кыргызстанда биринчилерден болуп Я.И.Корольковдун ысымын алып жүргөн метеостанция 1887-жылы ачылган. Ошондой эле Барсовым Н. М. атындагы алгачкы коомдук китепкана, 1907-жылы штабс-капитан В. А. Пяновскийдин буйругу менен жылкы заводу курулган. Экономикалык жактан шаар Ысык-Көл чөлкөмүнүн борбору катары жакшы өнүгүп келген. 1894-жылы шаардын кирешесинин 34% соода сатыктар түшүп турган. Ошону менен бирге эле шаарда өнөр жай курулуштары да ишке кире башташкан. 1914-жылы шаарда жанан анын аймактарында 60 чакан өнөр жайлар иштеп келген. Учурда Каракол шаарында ЭТЗ, чакан тигүү цехтери, эт жаатындагы жеке менчик чарбалардан башка өнөр жай жок. Билим берүү жайларынан шаарда К.Тыныстанов атындагы мамлекеттик университети, медициналык орто билим окуу жайы, педагогикалык окуу жайы, Гебзе атындагы түрк лицейи, Т.Сатылганов атындагы лицей ж.б. 11 жалпы билим берүүчү мектептер бар.

Караколдун жээгиндеги Н. М. Пржевальскийдин эсиелиги

[оңдоо] Калкы

Кыргызстандагы 2009-жылы болуп өткөн каттоонун жыйынтыгы менен шаарда 63 377 жаран, анын ичинде:

  • кыргыздар — 43 951 адам, же 69,3 %
  • орустар — 10 762 адам, же 17,0 %
  • уйгурлар — 2 493 адам, же 3,9 %
  • өзбектер — 2 156 адам, же 3,4 %
  • татарлар — 1 102 адам, же 1,7 %
  • дунгандар — 942 адам, же 1,5 %
  • казактар — 678 адам, же 1,1 %
  • калмактар — 544 адам, же 0,9 %

2009-жылдык каттоодо шаарда жана ага бай ийген аймактарда 66 294 жаран, анын ичинде:

  • кыргыздар — 44 878 адам, же 67,7 %
  • орустар — 12 343 адам, же 18,6 %
  • уйгурлар — 2 530 адам, же 3,8 %
  • өзбектер — 2 182 адам, же 3,3 %
  • татарлар — 1 152 адам, же 1,8 %
  • дунгандар — 943 адам, же 1,4 %
  • казактар — 708 адам, же 1,1 %
  • калмактар — 679 адам, же 1,0 %

1897-жылы шаардын калкынын саны - 8100 адам, анын ичинде:

  • Орустар — 36 %
  • Сарттар — 27 %
  • Кыргыздар — 17 %
  • Кытайлар — 11 %
  • Татарлар — 7 %

[оңдоо] Шилтемелер

Ысык-Көл областынын административдик борбору

Жеке аспаптар
Аталыш топтому
Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде