Түрктөр

Wikipedia дан

VI кылымда Орто Азияда жаңы көчмөн империя пайда болгон. Жаңы баскынчылар, Алтайдан чыккан түрктөр, кыска мезгилдин ичинде Улуу океандан Кара деңизге чейинки бардык элдерди өзүнө баш ийдирген. Империянын негиздөөчүсү Или-хан Тумынь 553-ж. өлгөн; Тобо хан (581-ж.) өлгөндөн кийин

империя эки мамлекетке — чыгыш жана батышка ажыраган; акыркысынын борбору Орто Азиянын батыш бөлүгүндөгү кийинки көпчүлүк көчмөн мамлекеттер сыяктуу эле, усундардын баштагы жерлеринде, б.а. Жети-Сууда болгон. Жети-Суунун тарыхында түрктөр бийлеген мезгил өзгөчө зор мааниге ээ. Көчмөн империянын борбору дайыма ар түрдүү өлкөлөрдүн көпөстөрүн өзүнө тартып турган чоң күч болгон, бул жерде өз товарларын, өзгөчө кездемелерди пайдалуу сатышкан, ал көчмөндөргө Кытай тараптан дагы, ошондой эле Батыш Азиядан дагы алып келинген негизги буюм болгон. VII кылымда Ферганада ондогон жылдарга созулган коогалаңдар менен бирге, бул кырдаал Батыш Азиядан Кытайга кеткен негизги соода жолунун түндүктү көздөй жылышына түрткү болгон. Фергана жана Кашкарга кирбестен, саякатчылар Самаркандан түндүк-чыгышка, Ташкен жана Олуя-Ата аркылуу Жети-Сууга, Чүйдүн жээктерине, андан Ысык-Көлдүн түштүк жээги жана Бедел ашуусу аркылуу Ак-Сууга жөнөп турушкан. Менин билишимче бул жол биринчи ирет VII кылымда буддалык табынуучу Сюань Цзанда жана кытайлык «Тан сулалесинин тарыхында» эскерилет; акыркы жыйнак XI кылымда жазылган, бирок анда баяндалган батыш аймактарга тиешелүү маалыматтардын бардыгы VII же VIII кылымдарга таандык. Биз кытайлык маршруттардан Жети-Суу аркылуу өткөн жолдордун кеңири баяндамаларын таба албайбыз; ошентсе дагы бул маалыматтар VII кылымда эле жок дегенде Чүй өрөөнүндө жер иштетүү маданияты болгондугу шексиз жана ал маданият бул жакка Мавераннахрдан (б.а. Аму-Дарыя менен Сыр-Дарыянын ортосундагы маданий аймактан) келгендер тараткан деп ишенимдүү айтууга мүмкүнчүлүк берет, соңку жаңы мезгилде буга окшогон колониялар Кокон хандыгынын тургундары тарабынан негизделген. Сюань Цзандын тушунда Аму-Дарыя менен Чүйдүн аралыгындагы бүткүл өлкө маданий жагынан бир бүтүндүктү түзгөн; жашоочулардын кийими, жазуусу жана тили бардык жерде бирдей болгон. Алфавити, кыязы, түпкү башаты Сириядан чыккан, 32 белгиден турат; жогортодон төмөн жазышкан; ал учурда тарыхый чыгармалары болгон. Кеңири тараган дин, болжолу, манихейчилик болгон. Жашоочулардын сырткы кешпири тууралуу, алар чачтарын түйүп алышкан жана төбөсүн ачык калтырышкан деп айтылат; айрымдары чачын таза кырдырып салышкан жана чекелерин жибек чүпүрөк менен байлап алышкан. Тургундардын жарымы жер иштетүү, экинчи жарымы соода менен кесиптенишкен; соода борбору «Суй-е (Чүй) дарыясындагы шаар» болуп, кыйла кийинки мусулман даректеринде Суяб деген атты алып жүргөнүн жана Кастек ашуусунан түштүк жакта жайгашкандыгын биз төмөндө көрөбүз. VII кылымда эле Суябда ар түрдүү өлкөлөрдүн көпөстөрү жашаган. Анын батыш тарабында ондогон шаарлар болуп, анын ар биринде бири-бирине көз карандысыз башкаруучулары болгон, бирок бардык башкаруучулар түрктөргө баш ийген.

Адатта Суябдын айланасында батыш түрктөрдүн каганынын ордосу турган; ушул эле жерде Сюань Цзандын кагандардын бири менен жолугушуусу болгон. Каган жашыл жибек чапан кийип келген; анын чачы коё берилип, отурукташкан жергиликтүү элдердики сыяктуу 10 фут узундуктагы жибек менен башы бир нече ирет айланта чалынып, маңдайы жабылып турган. Кагандан айырмаланып анын бардык жан-жөкөрлөрүнүн чачтары өрүлүп коюлган. Каган чоң чатырда жашаган, анда көптөгөн алтын буюмдар болгон. Чатырдагы кийиздерде жалаң жибек кийимчен төрөлөр эки катар тизилип отурушкан; алардын аркаларында кагандын жан сакчылары турушкан. «Кийиз чатырда жашаган, түркөйү элдин падышасы болсо да, аны тандануусуз жана урматтоосуз кароого мүмкүн эмес эле». Жер кезген кудай адамы чатырга 30 кадамча калганда каган аны тосуп чыккан, ага таазим кылган, котормочусу аркылуу ага бир нече суроо берген жана ал үчүн темир орундук алып келүүнү буюрган. Түрктөр жыгач отургучтарды колдонушкан эмес, Сюан Цзань муну отко сыйынгандыгы менен түшүндүрөт, от жыгачта катылган имиш. Чатырда ошондой эле Кытай жана Гаочань элчилери (б. а. Уйгурия, азыр Үрүмчү, Турпан жана Хами шаарлары турган чөлкөм) олтурушкан. Музыканын добуштары менен үлпөт башталды; авазынын жапайылыгына карабастан алар «кулактын моокумун кандырды жана жүрөк менен жан дүйнөнү суктандырды». Меймандар эт жешти жана шарап ичишти; жер кезген кудай адамына сүт жана өсүмдүктөн даярдалган тамак сунуш кылынды. Үлпөттөн кийин кагандын чакыруусу боюнча кудай адамы будда окуусунун духундагы үгүт-дубасын окуду; ал бүткөндөн кийин каган колун көтөрүп, жерге ийиле таазим кылды жана үгүт-насыятты ишеним менен кабыл аларын жарыялады. Качан окутуучу бир нече күндөн кийин кетүүгө камынганда, бир нече жыл Чанъань (Сианьфу) шаарында жашагандыктан кытайча эң жакшы сүйлөгөн жаш жигитти ага узатуучу кылып беришкен.

Шаболо Хилиши (634—638) кагандын тушунда батыш-түрк эли он муунга бөлүнүп, Чүйдүн батышында беши, чыгышында беши жайгашкан; биринчилери Нушиби, экинчилери Дулу деп аталышкан. Көп өтпөй батыш-түрктөрдүн бул империясы ортосу Иле дарыясы менен бөлүнгөн эки мамлекетке ажыраган. Падышалык кылган тукумдун мүчөлөрүнүн ичинде өз ара тынымсыз чыр- чатактар болуп, ага кытайлар кийлигишип турган. Айрым кагандар кыска убакытка жеке бийлөөнү калыбына келтирүүгө жетишишкен; 651-ж. каган Ашина Хэлу ошенте алган. 657-ж. кытайлар мындан чейрек кылым мурда чыгыш- түрк мамлекетин багындырып алган сыяктуу батыш-түрктөрдү да багынууга алып келген, азыр алардын төрөлөрү кытай титулдарын алышкан жана кытайдын жергиликтүү башкаруучулары деп эсептелишкен. Айрым учурларда түрк төбөлдөрү кытайларга каршы көтөрүлүшкөн жана аларга каршы бул мезгилде Чыгыш Түркстандын бир бөлүгүн ээлеп алган тибеттиктер менен союз түзүшкөн. 704-ж каган Ашина Хуайдао кайрадан бардык он муунду өзүнө баш ийдирген; бирок анын уулу жана мураскору Ашинь Синдин Кулан шаарында өлтүрүлүшү менен батыш-түрктөрдүн падышалык кылган тукуму үзүлгөн (740-жчен).

Мунун алдында эле Чүй менен Иленин аралыгында көчүп жүргөн Дулунун муундарынын бири, атап айтканда түргөштөр күчтөнө баштаган; алардын төрөсүнүн башкы ордосу Суябда, кичи ордосу Иленин жээгинде жайгашкан. Түргөш төрөлөрүнүн эң кубаттуусу Сулу (738-ж. өлгөн) болгон; анын кубаттуулугу ал түгүл ошол мезгилде батыш-түрк тактысын ээлеп турган, кызын Сулуга аялдыкка берген Ашина Хуайдаону да көмүскөдө калтырган; андан сырткары Сулу чыгыш түрк кагандары жана Тибет башкаруучулары менен туугандашкан. Ал 738-ж. Мохе-дагань титулун алып жүргөн түргөш төрөлөрүнүн бири тарабынан өлтүрүлгөн. Тактыга Сулунун уулу олтургузулган; бирок Мохэ-дагань ферганалык жана ташкендик башкаруучулар менен биригип, аны Суябдын жанында талкалашкан жана туткунга алышкан. 740-ж. Мохэ-дагань түргөштөрдүн башкаруучусу болуп калган жана акыркы батыш-түрк каганын өлтүрүүнү буюрган; бирок анын өзүнүн башкаруусу да узакка созулган эмес. Коогалаңдуу мезгил келген; 748-ж. Чыгыш Түркстандагы кытай башкаруучусу Ван Чжэнсянь Суябды алган жана аягына чейин талкалаган. Кийинки он жылдыкта түргөштөр бардык кубаттуулугунан алсырашкан. Эми Жети-Суунун батыш бөлүгү Талас шаарына, ал эми Талас ташкендик башкаруучуга көз каранды болуп калган. Ич ара тынымсыз кагылышуулардан бардык жерде канчалык азап чегишкендиги кытай жылнаамачысынын төмөнкү сөздөрүнөн көрүнүп турат: «жер айдоочулар мында соот кийип жүрүшөт жана бири-бирин туткундап кетишет».

Батыш-түрк империясынын кыйрашы арабдардын Мавераннахрда ийгиликке жетүүсүнө көп түрткү болгон; андыктан араб жылнаамачылары бул фактыга көңүл буруулары керек эле, алар аны хижранын 119-жылына (б.з. 737-ж.) алып келишет. Арабдардын сөздөрү боюнчаакыркы түрк каганы Невакетте жашаган (Чүй өрөөнүндө, Токмоктон чыгышта); бул жерде анын тыюу салынган шалбаасы жана тыюу салынган тоосу болгон, ага жакындоого эч ким батынган эмес; шалбаада жайылган мал жана тоолордогу айбанаттар аскер жортуулдары учурунда азык-түлүк катары пайдаланылышы керек болгон. Каган арабдарга көп зыян алып келген жана бул үчүн алардан Абу Музахим (мааниси 'түртүүчү, сүзгүлөөчү', б.а. пил же бука) деген ылакап атты алган. Бирок Тохарстандагы (Аму-Дарыядан түштүк, Балхтан чыгыш тараптагы чөлкөм) бир салгылашта арабдар түрктөрдү талкалаган; мекенине кайтып келген каганды түргөш төбөлү Курсул жеке таарынычы үчүн өч алып, өлтүрүп койгон. Мындан кийин түрктөр ар тарапка чачырап кетишкен. Улгайып калган Курсулдун өзү 739-ж. Сыр-Дарыянын жээгинде арабдар тарабынан туткундалган; ал өзүн бошотуу акысы катары 1000 жылкы жана 1000 төө сунуш кылган, бирок арабдардын башкаруучусу Наср баары бир аны өлтүрүүгө буйрук берген. Түрктөр сөөгүн мекенине алып кетпеси үчүн өлүк өрттөлүп жиберилген; араб тарыхчысынын сөздөрү боюнча, Курсулдун өзүнүн өлүмүнө караганда, бул иш аларды көбүрөөк кайгырткан. Биз араб жана кытай маалыматтары үзүл- кесил жана тууралыгы күмөндүү болгондуктан, аларды жакындаштыруудан карманып турууну ылайык көрдүк.


Булактар: Бартольд, Соч., т. II