Татарлар

Википедия дан

Татарлар - 8–12-к. Борбордук Азияны мекендеген эл. Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгынын тушунда «отуз татар» деген эл болгону Күл тегинге арналган эстеликтен улам бизге маалым. Орто кылымдардагы кытай жылнаамаларында Т-ды «да-да», «да-дань» деп белгилешип, аларды «ак татар» ж-а «кара татар» деп бөлүшкөн.

«Ак татарлар» түрк тилдеринде сүйлөшкөн. Моңголиядагы бийлик үчүн күрөштө Темучин (1206-жылдан Чыңгыз хан) Т-га каршы согушуп, алардын көпчүлүгүн кырдырып салган. Махмуд Кашгари (11-к.) Т-ды түркий эл катары эсептеген. 11–12-к. Орто Азияда жашаган түрк элдери моңгол урууларын Т. деп аташкан. Кийинчерээк Алтын Ордонун негизги калкын түзгөн түрк элдери (булгар, кыпчак ж. б.) ж-а Волга бою, Крым, Сибирдеги бир катар элдер орус даректеринде Т. аталып калган.

Манас эпосунда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Татар — этноним. "Манас" эпосунда "маңгулга тууган татар бар" (Сагымбай Орозбаков, 3. 14), — деп душман эл катары айтылат. Т. ар кайсы мезгилде, ар кандай түшүнүктө, мааниде колдонулуп келген элдин аты. Байыркы Орхон түрк жазууларында согушчан отуз-татар бирикмеси эскерилет. Даректеги "отуз" саны бириккен тууган уруулардын санын көргөзгөн. Отуз-татарлар түрк каганаттары менен согуш абалында болуп, убагында бириккен кези дагы болгон. Эки түрк каганаттарынын кулашы отуз-татар бирикмесине өз таасирин тийгизбей койгон эмес. Уйгур кандыгын негиздөөчү Моюн-чурдун көрүстөн жазуусунда тогуз-татар жөнүндө эскерилет. Ал эми Могилян кандын эстелигинде тогуз-татар уруулар бирикмеси тууралуу баяндалат. Ошентип, 8-кылымдын жарымында тогуз-татарлар бирикмеси түзүлөт.

Кытай жазма даректеринде татарлардын күчтүү жана эр жүрөк уруулар экенин баяндап, ушунча көп уруунун ортосунда биримдик болсо, аларга кытайдан бөлөк эл туруштук бере албастыгы маалымдалат. Кытайлыктар татарларды шу дадань — маданияттуу татарлар жана шэн дадань — жапайы татарлар деп эки топко бөлүшкөн. Мындай аныктама алардын жаралыш табиятына же саясий бирикмесине карата айтылбастан, алардын чарбачылык, маданий деңгээлине карата берилген. Маданияттуу татарлар, кээде аларды ак татарлар дешет, 9-кылымдын башталышында түштүк тарапты карай Иньшань (Кытай мамлекетинин түндүк-батыш чек арасы) тоолоруна чейин көчүшкөнү баяндалат. Алар Кытай мамлекети менен соода жүргүзүшкөн. Кытай элчиси Вань Яньде 10-кылымдын акырында Чыгыш Түркстандан татар урууларын кездештирген. Чыгыш Түркстандагы татар тобу менен кыргыздардын түздөн-түз байланышы болгонун кытай даректери маалымдайт: "Кыргыздар генерал Табу-хэцзу жана бөлөктөрдү Тяньдэ воеводствосунун чебине жөнөтүштү жана дагы Уйгур мамлекетинин мурдагы жерине жашаш үчүн Хэло дарыясына көчүп келишерин билдиришти; дагы аларга беш уруу — Аньси (Куча), Бэйтин (Бешбалык), Дада (Татарлар) жана башкалар баш ийишти".

Ал эми татарлардын бөлөк тобу жапайы татарлар же моңгол уламыштары боюнча токой адамдары азыркы Моңголиянын түндүк тарабында жашашкан. Рашид-ад-Дин кыязы, Чыңгыз кандын заманына чейинки татар сөздөрүнүн колдонулушу жана таралышы тууралуу маалыматы жок болгондуктан татарлар моңголдордон бөлөк эл болгондугу жөнүндө маалымдап, алардын негизги жашаган жерин Буир-Нор көлүнүн аймагына жайгаштырат. Андан бөлөк Рашид-ад-Дин татарлардын кичине тобун жогорку Эне-Сайдын же Ангаранын төмөнкү агымына, башкача айтканда Түштүк Сибирь чөлкөмүнө жайгаштырат. Кээ бир окумуштуулардын пикири боюнча (9-кылым) кыргыздар көчүргөн шивээ уруулары болсо керек. Татар этноним катары аталышы Чыңгыз кандан кийин Моңголия жана Орто Азия чөлкөмүндө моңгол, могол, моңолдор сөздөрү менен алмаштырылып колдонуудан чыккан. Демек, эпосто колдонгон татар этнониминин кыргыз тарыхына байланышы болгон. Ал эми "маңгул менен татар бар" деп, алардын көп сандаган душман эл катары сүрөттөлүшүн моңгол-татар баскынчылык заманында калыптанган тарыхый катмар катары кароого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]