Моңгол

Wikipedia дан

Моңгол эли — 8.5 млнго жакын саны бар (1995-ж. маалымат) Моңголстанда жашаган калк. Дини [[буддизм-ламаизм]]. Моңгол — этноним. Эпосто маңгул деп аталып, душман уруу катары берилет. «Маңгулга тийип койдук деп, Бет алып кайда качабыз» (Сагымбай Орозбаков, 2.14), «Кайнаган маңгул, калмактар Кайраттуусу калбаптыр» (Сагымбай Орозбаков, 2.144). М. этноними 12-кылымдын аягында 13-кылымдын башталышында белгилүү болуп Чыңгызкан убагында жалпы аталыш катарында М. бирикмесине кирген урууларга таандык болуп калат. М. эски жана жаңы Тан (618—908-ж.) сулалеси убагында шивэй урууларынын арасында «мэнгу», «мэньу» же «мэнва» деген аталышта белгилүү болгон. Окумуштуу Доржи Банзаровдун пикири боюнча «мэнва» бул дарыянын аталышы болсо керек жана ал ат кийин дарыянын жээгинде жашаган урууларга ыйгарылып калган. Кытай жазма дарегинде «мэнва» уруусу Цзюйлунь (Хулунь — Нор азыркы Кытай Элдик Республикасынын түндүгүндө жайгашкан) дарыясынын түштүгүндө жайгашкандыгы маалымдалат. Ошентип, «мэнгу», «мэньу» же «мэнва» аталган байыркы М. окумуштууларынын далилдөөлөрү боюнча Амур дарыясынын ортоңку агымынын түштүгүндө Кичи Хинган менен Сунгаринин төмөнкү агымында жашашкан.

Жогоруда аталган «мэнгу», «мэньу», «мэнва» этнониминин кытай иероглифтик жазуусунан синолог окумуштуулар тарабынан чечмелениши сөздүн (үчөөнүн) биринчи мууну «мунг», «манг», «мон» катары окулат. Ал эми сөздүн экинчи мууну «нгот», «гот», «го» деп окулуп, «мэньу», «мэнва» иероглифтик жазуунун жаңыча окулушунда байыркы моңголдук — моңгол, маңгол аталышы келип чыгат. Окумуштуулардын пикири боюнча «маңг» же «моңг» мууну — күчтүү, туруктуу, катаал, ал эми «гол» мууну — дарыя деген түшүнүктү туюндуруп, негизинен «манг — гол» аталышын «шар аккан, азоо дарыя» деп которууга болот. Ал эми мусулман авторлору моңголдорго болгон терс көз карашын билгизүү үчүн аларды «муңгол» — «күчсүз, алсыз» деп аташкан. М-дордун азыркы мекенине Амурдан көчүп келиши боюнча уламыштар жана окумуштуулар арасында ар кандай түшүнүктөр бар. Алардын чыгыштан батыш тарапка жер которушуна согушчан коңшулары кидандардын кысымынын астында жүрсө керек жана алардын Моңголияга келишин 10-кылымдын экинчи жарымы 12-кылымдын башталышы деп кароого болот. М-дордун жер которушу, алардын чарбасындагы өзгөрүүлөргө алып келген. Мурда аңчылык жана жөнөкөй жерди иштетүү чарбачылыгы, жер которуунун натыйжасында көчмөн — мал чарбачылыгына ыңгайлаштырылган. 9-кылымдын аягындагы Кытай жазма дарегинде эскерилген М. мамлекетинде көчмөн турмуш жана мал чарбачылыгы жөнүндө баяндалат. Ошентип, моңголдор байыркы түрк элдеринин жерин ээлеген убакта көчмөн жана согушчан эл катары маалым болгон.

Эпосто эскерилген Монгол этноними, кыязы, кыргыз элинин моңгол-татар баскынчылык согушуна каршы күрөшүнүн тарыхый элеси катары эпостогу «Маңгулга тууган татар бар» (Сагымбай Орозбаков, 3.14), — деп М. татар этнонимине кошо айтылышы моңгол-татарларга карата берилиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4