Ламаизм (тибет бурканчылыгы)

Википедия дан
Ламаизм‎»‎ барагынан багытталды)
Тибет кечилдери Сикким бутканасында

Ламаизм – 19 к. немис окумуштуулары тарабынан Тибеттеги ламалардын коомдо ээлеген жогорку ордун белгилөө үчүн киргизилген аталгы. Азыркы тапта "ламаизм" көпчүлүк окумуштуулар тарабынан өз алдынча диний агым катары таанылбайт жана тибет бурканчылыгы аталат[1]. Ламаизм (тибет бурканчылыгы) Кытайдын Тибет, Ички Моңголия автономия райондоруна, Моңголияга, Непал менен Индиянын айрым аймактарына, Россиянын Бурят, Калмак, Тува республикаларында тараган. Соңку феодализм доорунда Чыгыш Түркстандын айрым кыргыз уруулары да бурканчылык динин туткан.

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Тибет бурканчылыгы. Орус уикипедиясынан