Бурканчылык

Википедия дан

Бөлөкчө аталыштары: Бутпарасчылык, Бутка табынуу, Бурханчылык, Буддизм, Буддачылык

Туруп турган Будда. (I—II кылым)

Бурканчылык(санскр. बुद्ध धर्म, buddha dharma IAST; пали बुद्ध धम्म, buddha dhamma) - ("Даанышмандык окуусу") Индияда жаралып, дүйнө жүзүнө кеңири тарап кеткен диний-философиялык окуу.

Анын негиздөөчүсү болуп Сиддхартха Гаутама Будда (б.з.ч. 563-483 жж.) эсептелет.

Негизги идеясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурканчылыктын негизги идеясы – эки четки жолдун: “рахаттануу жолунун” (көңүл ачуу, бекерчилик, жалкоолук) жана “кечилдик жолунун ” (дененин каалоолорун өлтүрүүнүн, жокчулуктун, азаптардын ) ортосунда жаткан, билип-таануунун, акылмандыктын жолу болгон “Ортоңку жолду” табуу.

“Ортоңку жол” – бул билимдин, акылмандыктын, өзүн-өзү тыйуунун, ой жүгүртүүнүн, билгиликтин жолу, анын түпкү максаты болуп эң жогорку асылдык – Нирвана эсептелет.

Бурканчылыктын эң негизги төрт асыл акыйкаты. “Сегиздик жолдун” принциптери:

  • Туура ой;
  • Туура сөз;
  • Туура иш-аракет;
  • Туура кунт кою;
  • Туура жыйналуу.

Бурканчылыктын агымдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бодх-Гае-деги Сиддхартха Гаутама айкели, Индия. Бодх-Гая жерин анын даанышмандыкка өткөн мезгили деп айтып жүрүшөт

Ваджраяна (тантрикалык бурканчылык)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин доордун I- миң жылдыгынын экинчи жарымында Махаянанын бурканчылыгында уламдан-улам жаны агым пайда болуп жана формалдашып келген, Ваджраяна же тантрикалык бурканчылыктын аталышын алган Яна (дөңгөлөктүү араба)-бул агым өзүнүн мекени болгон Индияда бурканчылыктын өнүгүү этабынын аякташы эле.

Хинаяна жана Махаяна бурканчылык мектептери жана агымдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурканчылык, негизинен, эч качан бир бүтүн дин болгон эмес, будда дининин өзүндө Будда паринирванасынан кийин гана ар кандай агымдар жана багыттар пайда боло баштаган деп айтылат.

Махаянанын доктриналык текстери (сутранын адабияты)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Махаянанын сутраларынын пайда болуусу бурканчылык тарыхындагы эң табышмактуу учур болуп саналат. Бизде анын автору жана пайда болгон мезгили жөнүндө так маалымат жок.

Классикалык Бурканчылык философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мадхьямика (Шуньявада)- "Мадхьямиканы" "ортолук жөнүндө окуу" деп которсо болот ("мадхьяма" - ортолук деген сөздөн).
  • Йогачара (Виджнянавада) жана Татхагатагарбхи теориясы.

Йогачара мектебинин философиясы бурканчылык гана эмес индиялык системанын ичинен да эң оору.

Бурканчылыктын башка диндерден айрмачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Башка моноатеисттик ишенимдерге(иудаизм, христианчылык, ислам) караганда, бурканчылыкта улуу жаратуучу Кудай же Кудай кишиси жана түбөлүк жан жок. Бурканчылыкта жада калса "Көп кудайлар" түшүнүгү да жок. Ушул эле турган орун жана касталык системаны четке кагуу бурканчылыкты индуизм жана брахманизмден айырмалайт, бирок бурканчылык Карма окуусун моюнуна алат.

Бурканчылык- келип чыгуусу боюнча эң алгачкы дүйнөлүк дин. Башка диндер кыйла кийинчерээк пайда болгон: христиан дини беш жүз жыл кийин пайда болсо, Ислам дини миң жылдан кийин пайда болгон

Бурканчылык агымы башка өлкөлөрдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тибеттеги бурканчылык салты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тибеттеги бурканчылыктын таралуусу башында легендалар менен коштолгон, бирок "Кар мекенинин" эли индия окуусу жөнүндө VII кылымда гана тааныша баштаган.

Бурканчылык Кытайда жана Алыскы Чыгышта[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурканчылыктын Кытайга тароосу жана өздүк кытай бурканчылык салтынын пайда болуусу кытай маданий тарыхында (Кытай менен Батыштын ортосундагы интенсивдүү карым-катыш Жаны дооруна чейинки) маданият аралык алыш-бериш үлгүсү болуп саналат.

Орусия жана чет өлкөдө бурканчылыкты изилдөө очерктеринин тарыхы.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бурканчылык динин илимий изилдөө Европада XIX кылымдын башында башталган.

Бурканчылык агымынын коштоочуларынын саны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнө өлкөлөрүнүн буддага ишегендердин пайызы

Бурканчылыктын жолдоочуларынын саны дүйнө жүзү боюнча азыркы убакта өөдө төмөн болуп турат. Кандай жолу менен эсепке алганына карата. Бирок эң минималдык сандар 350-400 миллион адам эсептелет. Бурканчылардан көпчүлүк бөлүгү Түштүк, Түштүк-Батыш жана Түштүк Батыш тарапта жашайт: Бутанда, Вьетнамда, Индияда, Камбоджада, Кытайда, Сингапурда,Малайзияда), Кореяда, Лаосто, Монголяда, Мьянмада, Непалда, Таиландда, Тибетте, Шри-Ланкада, Жапондо. Орусияда бурканчылыкты Бурятия, Калмыкия, Туванын жашоочулары тутунушат, акыркы жылдары болсо буддачылык коомдор Москва, Санкт-Петербург жана башка чоң шаарларында пайда боло баштады.

Бурканчылык Кыргыз элинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буддизм деген термин дүйнөлүк буддоложи илиминде колдонулган менен кыргыздын өзүндө, бурят, моңгол, калмак, тыва, алтай, эски уйгурлар сыяктуу эле өзүнүн төл сөзү бар, ал Бурканчылык.

Башкача айтканда, Буркан - бул Будда деген сөз.

Азыркы Кыргыз Улусунун кыргыздар 18-кылымдан тарта исламдаша баштагандан соң бул сөз дээрлик унутта калып келет. Деген менен кыргыздардын арасында Буркан деген сөз бачым-бачым жолугуп, көбүнесе ыйык деген мааниде колдонулаары белгилүү. Андан сырткары Ысык-Ата аймагында жылуу суунун жаныла Буркандын ташы делип жергиликтүү кыргыздар ат койгон чооң Буркандын сүрөтү тартылган сыйынчу жер бар экени белгилүү. Анча-мынча карыялар Бурканга ишенебиз дегендери да бар деп Кыргыз Илимдер Академиясы да жазып келет.

Бурканчылык кыргыздардын арасында тээ Кытайдагы тарбагатайлык боордошторубузда кеңири жайылган деп айтылып келет.

Кыргыз тилинде Будда кечилканасын нукура өзүбүздүн тилибизде "Курул" же "Күрө" деп атаса болот. Моңголдогу жана тарбагатайдагы кыргыздар так ушинтип аташат. Сутраны болсо "Сүтүр же Сүдүр" дешет.

Монахты Буркан Бакшы десек. Анткени Бакшы деген сөздүн этимологиясына жана семантиктик маанисине кайрыла турган болсок туура тээ илгерки санскрипт тилиндеги "BHIKSHU" деген сөздөн келээри божомолдонулуп келет. Андан сырткары кытайдын BIQIU деген сөзү дал ушул сөз экени Буркан таанууда айкын болуп келет.

Кыргыздардагы бурканчылык боюнча кийинки маалыматтар Чокон Валихановдун күндөлүктөрүндө сакталып калган. Ал бир жазмасында кыргыздын жалайыр урууларында (Ысык-Көл тарапта, бирок булар калмак уруулары эмес) конокто болуп, уруу башчысы конокторду сыйлап жатып, эки колун бурканча бириктирип, тибет тилинде сүдүрдү окуп туруп гана тамакка киришкени тууралуу эскерет.

Бул деген кыргыздардын айрым бир уруулары 19-кылымдын аяк черинде да Ылам (ламаизм) бурканчылыгын тутунгандыгы тууралуу кабар берет.

Кыргызстан улуттук энциклопедиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Буддизм – дүйнөдөгү үч чоң диндин бири. Байыркы Индияда биздин заманга чейинки 6-5-кылымдарда чыккан. Уламыш боюнча, ага Будда негиз салган. Адегенде брахманизмдин бир тармагы катары пайда болуп, анын айрым түшүнүктөрүн (жандын көчүп жүрүшү, тозок, бейиш) мурастап алган; бирок брахмандардын касталарды актаганына каршы турган. Алгачкы буддизм «хинаяна» («кичине араба» же «тар жол») деп аталып, «азап тартуу» жана «жан куткаруу» жагынан адамдар тең укуктуу деп эсептелген. Биздин заманга чейинки 3-кылымда Индияны сурап турган Ашок падыша буддизмди мамлекеттик дин деп жарыялаган. 1-кылымда Индиянын Түндүк-батыш тарабында буддизмдин «махаяна» («чоң араба» же «улуу жол») деген жаңы түрү пайда болот. Анын догматтарында бодпсатвалар, башкача айтканда «жан куткарууга көмөктөш теңирлер» чоң орун ээлейт. Будда философия системасынын негизинде дхармалар теориясы жатат. Бул теория боюнча, материалдык жана рухий нерселердин баары бир агымга кошулуп, айрым элементтерден турат. Элементтер туруксуз жана опаасыз келет, ошондуктан элементтерден тургандын баары («көрүнүштөр дүйнөсү») чыныгы реалдуу болмуш боло албайт. Ар бир элементтин түбөлүк, өзгөрбөс, түшүнүп болбос ээси бар, ал дхарма деп аталат. Дхармалар өтө көп, бирок алардын 75 түрү гана чыныгы реалдуу болмуш («маңыз дүйнөсү») боло алат. Дхармалардын өз ара айкалышынан жекече аң-сезим жаралат. Жандануунун азап-тозок тартышын буддизм жашоонун мааниси деп санайт. Буддизмдин эң башкы диний догматы жандын кубулуп, бир түрдөн экинчи түргө өтүп, жаңы түспөл алып турушу жөнүндөгү түшүнүккө негизделген. Бул ишеним боюнча, дхармалардын тутумдашкан белгилүү бир тобу («комбинациясы») жандуу нерсени жашатып турат; ал «комбинацияга» биригип, жан кубулат. Натыйжада падыша (раджа) кул болуп, кул падыша болуп кубула алат. Дхармалардын жаңы «комбинациясын» карма жаратат, ал эми карма болсо өткөн чакта жасалган «күнөөлөр» менен «сооптордун» кошундусу деп түшүндүрүлөт. «Сообу», «күнөөсүнөн» ашып түшсө, кубулуу эң мыкты болот. Кубулуунун түпкү чеги нирвана (өчүү, сиңүү маанисинде). Буга жеткенде, жандын кубулушу токтолот, жандуу нерсе азап-тозоктон биротоло арылат. Адам кечилдик (монахтык) жол менен кетсе гана «нирванага» жетиши мүмкүн. Индияда буддизм менен брахманизмдин жанаша жашап, жакындашып отурушу акыры жаңы диндин индуизмдин пайда болушун шарттаган. 10-кылымдын башында Индияда буддизм маанисин жоготкон. Бирок буддизм Тибет, Кытай, Корея, Япония, Инди-Кытай мамлекеттерине, Моңголия, Таиланд, Индонезия, Россияга (бурят, калмак, тува элдерине) жана башка таралып кеткен. Ал жергиликтүү диний түшүнүктөр менен айкалышып, мазмунун жана формасын өзгөртүп отурган. Мисалы, Тибет менен Моңголияда буддизм ламаизм түрүнө өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы кара[түзөтүү | булагын түзөтүү]