Чыгыш Түркстан
Wikipedia дан
Чыгыш Түркстан (Уйгуристан) – түндүгү Теңир-Тоо, түштүгү Куэньлун, батышы Алай тоолорунан Турпан ойдуңуна чейинки тарыхый-географиялык аймак. Аны кытайлыктар 18-к-дын жарымынан “Синьцзян” (кытайлык кыргыздарда “Шинжаң”) – “Жаңы чек” деп атай башташкан. Орто кылымдарда Ч. Т. Жети-Суу, Кыргызстан, Фергана ж-а Орто Азиядагы башка аймактар м-н бир мамлекеттерге баш кошуп тургандыктан, алардын аймагы жалпысынан “Түркстан” деп аталган. Негизги шаарлары Кашкар, Жаркент, Хотан, Куча болгон. Азыр Ч. Т. аймагы Шинжаң-Уйгур автономия району (ШУАР) катары Кытай Эл Республикасына карайт. Бул тарыхый райондо уйгур, дуңган, казак, кыргыз, өзбек, моңгол, ханзу (кытай) сыяктуу көп улуттар жашайт.