Кокон хандыгы

Wikipedia дан
Кокон хандыгынын байрагы

Кокон Хандыгы – 1709–10-ж. калыптанып 1876-ж. жоюлган Орто Азиядагы ири мамлекет. Ал убагында азыркы Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандын түштүк аймактарын ээлеген мамлекет болгон.

Мазмуну

[оңдоо] Тарыхы

[оңдоо] Хандыктын түптөлүшү

Алгач Фергана өрөөнүндөгү Дыйкан-Тоо деген жерди Ашыраалы бий башында турган миң уругу ээлеген. Кийин баласы Шахрух (Шоорук) бий Эски-Коргон, Чамаш, Чадак, Партак ж. б. кыштактарды өз ээлигине кошуп, Шахрух ибн Чамаш бий аталык деген ысым алган. 1721–22-ж. анын уулу Абд ар-Рахим Кокон вилайетин бийлеп, инилери – Абдыкеримге (Абд ар-Карим) Хожентти, Шадыга Маргалаңды башкарткан. Абд ар-Рахимдин тушунда Жаңы-Коргон кыштагы негизделип, кийин ал Кокон шаары деп атала баштаган. Хандыктын байтактысы ушул шаарга жайгашкандыктан ал тарыхта Кокон хандыгы деген ат менен калган. Алим хандын (1798–1809) тушунда Кокон хандарынын теги Тимурдун тукуму Бабурдан тараган (Алтын-Бешик, Теңир-Жар) деген генеологиялык уламыш калыптанган. Анда Индияга качып бараткан жолдо Бабурдун бир аялы уул төрөп, аны бешикке бөлөп таштап кеткени, кийин баланы миң уругунан бирөө таап алганы жана балага Алтынбешик деген ат коюлуп, анын тукуму Кокон хандыгын бийлеп калганы айтылат. Бирок К. Халиддин эмгегинде (19-к.) бул окуя ойдон чыгарылганы эскертилген.
Иш жүзүндө Кокон хандыгынын түптөлүшү, кеңейиши, ички жана тышкы саясатында өзгөчө көчмөн кыргыздар чоң роль ойногон жана кыпчак, казак, тажик ж. б. уруулар да таасирин тийгизген. Саясий тарыхында Ферганадагы отурукташкан жана көчмөн калктын ортосунда тынымсыз күрөш жүрүп келген. Анын негизинде отурукташкан уруулар менен катар эле саясий бийликке кыргыздар да ээ болуп турган. Кокон хандыгынын тарыхы түптөнүү, гүлдөө, кыйроо доорлоруна бөлүнөт. Түптөнүү доорунда калмактан сүрүлүп, Анжиянга келген кыргыздардын тийгизген таасири абдан күчтүү болгон. Алардын аркасы менен алгач Маргалаң, Хожент анан Анжиян, Наманган вилайеттиги түзүлгөн. Кокон хандыгынын күч алып баратканын көргөн калмактар 1734, 1745–48-ж. Фергана өрөөнүнө бир нече жолу жортуул жасап, Кокон шаарын камоого алышкан. Ошол мезгилде кокон-кыргыз согуштук өнөктөштүгү түзүлүп, жардам берүү үчүн Касан шаарынын чыгышында жашаган кыргыздын миң түтүнү көчүп барган. Алар Кокон бийи Абдыкерим, Оро-Төбөнүн акими Фазыл бийлер менен бирдикте калмактарды Ферганадан сүрүп чыгышкан. Бирок жуңгарлардын кийлигишүүсү менен такка Баба бий отуруп (1750), кыска убакыт аларга көз каранды болуп калган.

[оңдоо] Кыргыздардын тиешеси

Кудаяр хандын өргөөсү

Жуңгар хандыгы талкалангандан кийин же Эрдене бийдин экинчи жолу такка отурушунан (1752–69) баштап (биринчи жолу 1750-ж. отурган) Кокон хандыгы кубаттуу мамлекетке айлана баштаган. Бул учурда кыргыз менен казактар калмактан бошогон өзүлөрүнүн чыгыш жактагы мурунку конуштарына көчүп, хандыктын ээлигинин кеңейишине кошумча, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Натыйжада тышкы саясаты агрессивдүү мүнөзгө ээ болуп, кыргыздар менен мамилеси татаалдана баштаган. Цинь империясынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында кыргыз бийи - Кубат бий (кушчу) өлтүрүлгөн. Ушул мезгилдерде Эрденеге каршы казак султаны Абылай да бир нече жолу жортуул уюштурган. 1760-ж. кокондуктар Ош шаарынын айланасындагы адигине уругуна тиешелүү эгин талааларын талкаласа, 1761-ж. Ажы бий (адигине), Маматкул бий менен Арзымат башындагы кыргыздар Эрденени чаап алуу үчүн кол топтогон. Бирок Цин империясынын тынымсыз кийлигишүүсүнө байланыштуу эки тарап жарашууга аргасыз болушат. 1762-ж. Кытай императоруна жиберген катында Эрдене өзүн хан деп атап, Кашкар тоолорун эки өлкөнү бөлгөн чек ара деп санаган. Нарбото бийдин (1770–98) тушунда ички абалга көбүрөөк көңүл бөлүнүп, хандыктын калыптанышы аяктаган. 1798-ж. Төрө-Коргондо бек болуп турган Ажы бий (Абдырахмандын уулу) агасы Нарботого каршы козголоң уюштурат. Бирок ою ишке ашпай, адегенде Чаткалдагы кыргыздарга баш калкалап, анан Ташкенттеги Жунус кожонун алдына качып барган. Улуу уулу Улугбек кокусунан каза болсо, Ажы бийдин өзү 1801–02-ж. Алим хан тарабынан өлтүрүлүп, 2-уулу Шераалы таластык кыргыздардын колунда (кээ бир маалыматта Ажыбай датка, башка кабарларда Базар баатырдыкында) чоңойгон. Кокон хандыгынын түптөнүү доорунда түштүк кыргыз уруулары менен тыкыз саясий алакада турушса, аркалык (түндүк) кыргыздар этносаясий, салт-санаа, руханий байланышын үзүшкөн эмес.

[оңдоо] Хандыктын кеңейиши

Алим хандын такка олтурушу менен хандыктын гүлдөө доору башталат. Анын тушунда Фергана өрөөнү биротоло Кокон хандыгына бириккен жана ички саясатынын орчундуусу аскер реформасы болуп, мылтык, замбирек менен куралданган 10 миңдей туруктуу атчан аскер түзүлгөн. Омор хандын (1809–22) тушунда басып алуу саясаты дагы уланган. 1816-ж. Түркстан шаары, Сыр-Дарыянын төмөнкү агымы, Кетмен-Төбө өрөөнү, 1830-ж. Фергана өрөөнү толук, Памирдин кыйла бөлүгү, Тоолуу Бадахшан, Жизак, Ташкент, Түштүк Казакстан, Кыргызстандын бардык аймагы, Кашкар ойдуңунун бир бөлүгү караган. Жаңы шаарлар түптөлүп, экономика жөнгө салынып, казына байыган жана ири сугат курулуштары курулган. 1832-ж. Кокон–Пекин келишими тышкы саясатындагы чоң ийгиликтин бири болгон. Кыргыздар кокондук аскердин куугунуна учурап, болжол менен 1824–1825-ж. Иленин жээгине көчкөн. Кыргыз санжыраларында бул көч «Илеге көчүү», болбосо «Канай көчүш» деп аталат. Солто Канай бий баштаган бул көчтүн ичинде сарыбагыштан Төрөгелди, саяктан Атантай, Тайлак баатырдын да айылдары болгон. Бирок барымталарга байланыштуу Иледеги казак менен кыргыздын арасы бузулуп, бир нече жылдан соң кыргыздар кайра өз элине көчүп кеткен. Мадалы хандын (1822–42) бийлигинин аяк ченинде хандыктын начарлашына өбөлгө түзүлүп, жергиликтүү уруулардын төбөлдөрү топ-топторго бөлүнүп, бири-бири менен күрөш жүргүзө баштаган. Ушундай абалдан улам Букардын эмири Насрулла 1842-ж. Мадалыны жана анын бир туугандарын өлтүрүп, Фергана чөлкөмүн ээлеген. Бирок ал Кокон бийлигин көпкө кармай алган эмес. Учурдан пайдаланып, арка кыргыздары (мис., Жантай хан, Ормон хан) да кокондуктардын бийлигинен бошонууга аракет жасай башташкан. Бул мезгилде кыргыздар кайрадан саясий күчкө ээ болуп, түштүк жактагы кыргыз бийлеринин (мис., Нүзүп бий ж.б. бийлер) таасири өзгөчө күч алган. Шераалы такка отуруп (1842–44/45), Нүзүп миң башы аталык наамын алышы менен Кокон хандыгынын кыйроо доору башталат.

[оңдоо] Кыйроо доору

1860-жылдардан баштап Орус империясы Кокон хандыгына каршы саясий басымын күчөткөн. 1860-ж. 4-сентябрда полковник Циммермандын отряды Пишпек коргонун талкалап, 1860-ж. 18–21-октябрда Узунагач салгылашуусунда кокон аскери жеңилүүгө учураган. 1862-ж. башында Кокон ханынын ордосунда саясий өзгөрүүлөр болуп, кыргыз бийлери Алымбек, Кыдыр, Касым, Кудайназар ж. б. Малла ханды өлтүрүп, анын ордуна 15 жашар Шахмуратты (Малла хандын агасы Сарымсактын уулу) такка отургузуп, баш вазирликти Алымбек алган. 1863-ж. 9-июнда Алымкул молдонун кийлигишүүсү менен такка Малла хандын уулу Султансейит (1863–1865) отурган. Султансейиттин жаштыгына байланыштуу бул хандыктагы бийликти өз колуна алган Алымкул аталык «Амирлашкер» наамына ээ болгон. 1863-ж. декабрда орус падышасы «1864-жылдан Сибирь жана Сыр-Дарыя линиясын бириктирүүнү» бекиткен буйругун чыгарган. Ушул буйруктан кийин падыша аскери Кокон хандыгына каршы жасаган чабуулун күчөткөн. 1864-ж. жазында бул милдетти аткаруу үчүн Сибирь линиясынан (Ала-Тоо округу), полковник М. Черняев башкарган отряд – Сыр-Дарыя линиясынан (Перовск форту) полковник Веревкин башындагы экспедициялык отряд түштүккө сапар алган. Кудаяр хандын 1, 2, 3-хандыгы жана Мала хандын учурунда кыргыз, кыпчак ж. б. кландардын (мис., Алымбек датка, Алымкул аталык, Йакуб бек, Курманжан датка, Мусулманкул) бийлик үчүн атаңдашуусу күчөп, көптөгөн көтөрүлүш (Исхактын көтөрүлүшү, Кокон көтөрүлүшү, Кыпчак кыргыны, Мамыр Мерген уулунун ж.б.), төңкөрүштөр болгон. Чүй өрөөнү падышалык Россияга каратыла баштаган мезгилде Кокон хандыгын ички абалы өтө төмөндөгөн. Ошого карабастан ал орус баскынчылыгын токтотууга катуу аракет жасаган. Орус генералы М. Черняевдин жетекчилиги алдында 1864-ж. Чымкент, 1865-ж. Ниязбек чеби алынып, 1866-ж. Хожент, Оро-Төбө, Жызак ж. б. орус бийлигине каратылышы менен Кокон хандыгынын ээлиги негизинен Фергана өрөөнүн гана камтып калган. 1867-ж. Ташкент шаары Түркстан генерал-губернаторлугунун борборуна айланып, 1868-ж. К. П. Кауфман менен соода келишимине кол коюлган. Ыңгайлуу шартты пайдалана билген Россия империясы Кокон хандыгындагы көтөрүлүштөрдү шылтоолоп, 1875-ж. Фергана өрөөнүн басып алууну баштаган. Көптөгөн кан төгүүлөрдүн натыйжасында ал каратылып алынган. 1876-ж. 19-февралда Кокон хандыгы жоюлуп, анын ордуна Түркстан генерал-губернаторлугуна караган Фергана областы түзүлгөн.

[оңдоо] Мамлекеттик түзүлүшү

Кокондун хан сарайы

Акимчилик-территориялык жактан Кокон хандыгы вилайеттерге бөлүнүп, башкарылган. 19-кылымдын башында вилайеттин чек арасы салык жыйнала турган жерге жараша аныкталган. Кийин хан бийлигин борбордоштуруунун натыйжасында вилайеттер ири шаарлардын аттары менен атала баштаган. Мисалы, чоң вилайеттердин катарына Анжиян, Балыкчы, Маргалаң, Ташкент, Төрө-Коргон, Түркстан, Оро-Төбө, Кожент, Чымкент, Чуст кирген. Орус чиновниги А. Кун Кудаяр хандын учурунда 15 вилайет болгонун көрсөтөт. Вилайетти башкарган бек менен акимди хан дайындаган. Бек менен акимдин бийлиги бирдей болгон, бирок бектер хан тукумунан, ал эми акимдер калк арасынан чыккан. Акимдин граждандык (саркер) жана аскер (баатырбашы) иши боюнча эки жардамчысы болгон. Молдо Алим Махдум Кожонун китебинде («Тарихи Түркистон») Кокон хандыгындагы кызмат менен мансап 24 даражага бөлүнгөн. «Кокон хандыгындагы чиндин эң жогоркусу – миңбашы же амирлашкер мансабы. Бул мансап аскер министринин деңгээлинде болгон. Экинчи мансап – кушбеги. Бул мансап ылгый хан алдыдагы кеңешчи катарында болуп, бир нече шаарларга башчылык кылган. Үчүнчүсү – парваначы, бул мансаптагылар бардык кушбегинин кызматын аткара алат» деп жазат өзбек окумуштуусу Ш. Вохид. А.А. Кундун көрсөтмөсү боюнча парваначыга жылына 1500 тенге, 800 батман аштык төлөнгөн. Кыргыздан Ормон парваначы, Ажыбек (саруу), Медет (саяк) ж.б. датка наамын алышкан.

[оңдоо] Кокон хандыгынын башкаруучулары

хандар:


[оңдоо] Кокон хандыгынын изилдениши

Кокон хандары башында бий (мис., Шоорук [Шахрук] бий [1709/10–21/22], Абдыкерим бий [1734—50/51] ж. б.) катары саналса, кийинчерээк Алим (1798/99–18107), Омор (1810–22) ж. б. хан атагын алышкан. Кокон хандыгынын (Миң династиясынын) тарыхын жазуу негизинен 1822-ж. башталып (Мирза Календар Мушриф Исфарагинин «Шах-намеси» [«Tapux-u Омар-хани»] ж. б.), 19-кылымдын 70-ж. аяктаган (Молдо Нияз-Мухаммед Хокандинин «Тарих-и Шахрухи» деген эмгеги). Бул эмгектин көбү Миң династиясынан чыккан бий, хандарды ашкере даңктоо, алардын теги ак сөөк хандардан тараганын далилдөөгө аракеттер жасалган. Кээ бир авторлордо (мис., Мырза Абд ал-Азим Сами) Кокон хандары кыргыз деген маалыматтар жолугат.

[оңдоо] Колдонулган булактар

  • Бейсембиев Т. К. «Тарих-и Шахрухи» как исторический источник. А.-А., 1987;
  • Набиев Р. Н. Из истории Кокандского ханства (феодальное хозяйство Худояр хана). Таш., 1973;
    *Джамгирчинов Б. Очерк политической истории Киргиизии XIXвека. Ф., 1966;
  • Зиявуддин Максым (Магзуми). Фергана хандарынын тарыхы. Б., 2007;
  • Кененсариев Т. Кыргызстандын Орусияга каратылышы. Б., 1997;
  • Кененсариев Т. Кокон хандыгы жана кыргыздар. Ош, 1997;
  • Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана, Т. 2, Б., 2000;
  • Наливкин В. Краткая история Кокандского ханства. Казань, 1886;
  • Терентьев М. А. История завоевания Средней Азии. Т.1. СПб., 1906;
  • Плоских В. М. Киргизы и Кокандское ханство. Ф., 1977;
  • Сапаралиев Д. Б. Этнополитическая история г. Оша и его окрестностей с XVIII до середины XIX в. Б., 1999;
  • Хасанов А. Избранные труды. Очерки по истории Киргизии. Б.– М. 2004
Жеке аспаптар
Аталыш топтому

Варианттар
Көрсөтүүлөр
Аракеттер
Багыттоо
Аспап кутусу
Башка тилдерде