Цин империясы
| Улуу Цин дөөлөтү |
|||||||
|
|||||||
|---|---|---|---|---|---|---|---|
|
|||||||
| Тил(и) | кытай (ханзу), манчжур, монгол, тибет, түрк тилдери | ||||||
| Дини | конфуцийлик, даоизм, буддизм | ||||||
| Акча бирдиги | Күмүш лян (1644—1835), Кытайлык юань (1835—1912) | ||||||
| Аянты | 14,7 млн. км² (1790-жыл) | ||||||
| Калкы | 383 100 000 |
||||||
| Сулале (династия) | Цин | ||||||
Цин сулелеси (манчжур тилинде
дайцин гурунь, кытайча ||清朝|Qīng Cháo|Цин чао) – 1644-1911-ж. Кытайды бийлеген манчжур элинин төбөлдөрүнүн сулалеси (династиясы). Кытайдын түндүк-чыгышындагы жана Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Амур дарыясынын аймагына жакын байырлаган көчмөн манчжур элинин хандары Түндүк Кытайды басып алып, өздөрүнүн жеке бийлигин (монархиялык династиясын) орнотушкан. Андан соң Кытайдын башка аймактарын да каратып, батышта Чыгыш Түркстанга чейинки кеңири аймакты басып киришкен. Бул сулале Жуңгар хандыгын биротоло ойрон кылган. Цин сулалеси Кытайдагы акыркы монархиялык мамлекет болгон.
Цин бийлигинин соңку ордо шаары Бээжин болгон.
Мазмуну |
Синхай ыңкылабы жана Цин сулалесинин ойрон болушу [оңдоо]
Цин сулалесинин бийлиги 1911-жылкы Синхай революциясынан кийин, 1912-ж. 12-февралда манчжурлардын акыркы императору Пу И тактыдан баш тарткандан кийин жоюлган.
Императордун буйругуна ылайык, Юань Шикай убактылуу жумурияттык өкмөт куруу тапшырмасын алган.
Сунь Ятсен 1911-жылдын 29-декабрындагы Нанкин жыйынынын чечимине ылайык, Кытай жумуриятынын убактылуу президенти болуп шайланган. 1912-жылдын 14-февралында Сунь Ятсен бул кызматынан ыктыярдуу баш тарткан. 15-февралда Юань Шикай мырза Нанкин жыйыны тарабынан Кытайдын убактылуу президенти болуп шайланган. 1913-жылдын сентябрынан тартып Юань Шикай Кытайдын туруктуу президенти болуп калган.
1916-жылы жайында каза болгонго чейин Юань Шикай императордук бийликти калыбына келтирүү далаалатын жасаган. Ал 1914-жылдын 12-декабрында өзүн император жарыялаган. Бирок куралдуу күчтөр жумурияттык макамды чечкиндүү жактап, Юань Шикайга каршы турган. 1916-жылдын 22-мартында ал жеке бийликти кайра жокко чыгарып, өзүнүн бийлигин президенттик бийлик деп жарыялаган, бирок куралдуу күчтөр анын кызматтан кетишин талап кыла беришкен. Юань Шикай 1916-жылдын 16-июнунда каза болгон.
Жузеппе Кастильоне Цин дөөлөтүндө [оңдоо]
Италиялык сүрөтчү жана тарса миссионери Жузеппе Кастильоне 1688-жылы 19-июлда Милан шаарынын Сан Марчеллино (San Marcellino) бөлүгүндө туулган.
Бала чагында Bottega degli Stampatori аттуу сүрөтчүлүк студия-мектебинде окуган.
1709-жылы иезуит агымына кирген.
Кастильоненин Кытайдагы турмушу [оңдоо]
1715-жылы Жузеппе Кастильоне иезуиттердин миссионери катары Ыраакы Чыгышка сапарга аттанган.
Кытайда ал “Лаң Шиниң” ( 郎世寧) ысымын алган.
Анын сүрөтчүлүк талантын жогору баалаган Цин сулалесинин императору Цяньлун (Qianlong, 1711-1799) бул италиялык өнөрпозго Бээжиндеги Юаньминъюань багында батыш стилинде аксарай куруу ишин тапшырган.
Бул сүрөтчү императордун жана анын канышасынын сүрөттөрүн да тарткан. Бирок кытайлык көркөм өнөр салтына ылайык ал императордун сүрөттөгү жүзүн көлөкөсү жок кылып тартууга тийиш болгон.
Ал Кытайдын манчжурдук Цин сулалесинин императоруна келген кыргыз элчиси императорго аргымак тартуулап жатканын да сүрөткө тарткан.
Кастильоненин калеминин таасири астында Кытайдын ак сарай сүрөтчүлөрү батыш сүрөтчүлүк өнөрүнүн элементтерин өздөштүрө баштаган.
Кытайда жергиликтүү жана европалык сүрөтчүлүк өнөрүн айкалыштырган жаңы салт калыптана баштаган.
Жузеппе Кастильоне 1766-жылы 17-июлда Бээжинде каза болгон.
Пайдаланылган айрым адабияттар: [оңдоо]
1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2