Абадинамикалык калкытуу күчү

Википедия дан

Абадинамикалык калкытуу күчү - ижылма беттүү катуу нерсеге аба агымынын таасир этүү күчү. Самолёттун абада калкытуу күчү анын симметрия (тең тарап) тегиздигинде жатат жана канаттарынан абанын симметриясыз сылап өтүүсүнөн пайда болот (каптал беттери симметриялуу эмес агымга кандайдыр бурч менен кыйшайтылган). Бул учурда канаттардын үстүңкү бетинде астына караганда аба агымынын ылдамдыгы чоң, ал эми басымы аз болот. Бул кубулушту Бернулли теңдемеси аркылуу туюнтса да болот. Абадинамикалык калкытуу күчү ылдамдык кысымга, канаттын аянтына жана анын геометриялык мүнөздөмөлөрүнө көз каранды болгон калкытуу күчүнүн абадинамикалык коэффициентине, чабуул бурчуна, Мах санына түз пропорциялаш болгондуктан басымдар айырмасынан, вертолётто аны алып жүрүүчү буралгыларынын жардамы менен абада калкуу күчү пайда болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1