Аба массасы

Википедия дан

Аба массасы – абанын тропосферадагы зор массасы; өлчөмү боюнча материктер же океандарга теңдешкен, радиациялык жана жер бетинин бирдей шарттарында калып-танган, бирдей касиеттеги атмосферанын зор бөлүгү.

Атмосферанын жалпы циркуляциясы боюнча бир тарапка жылып, жер бетинин аба-ырайынын режимин аныктайт. Аба массаларга арктикалык, антарктикалык, мелүүн алкактык, уюлдук, тропиктик, экваторлук деп бөлүнөт.

Алардын ар бири (экватордуктан башкасы) жер бетиндеги алган орду боюнча деңиздик жана континенттик типтеги аба массаларынан айырмаланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз улуттук энциклопедиясы