Абдракматов Канат Ермекович

Википедия дан

Абдракматов Канат Ермекович (28. 12.1953ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Кажы-Сай шаарчасы) геолог, геология-минерологиялык илимдеринин доктору (1996). ФПИни бүткөн (1976). Батыш Казак суу чарба долбоорлоо институтунда (Урал шаары) улук инженер (1976-79), Кыргыз ССР ИАнын Сейсмология интунда кенже, улук илимий кызматкер (1979-88), лаборатория башчысы (1988-2005-ж.). 2005-жылдан УИАда Сейсмология институтунун директору. Илимий ишинин негизги багыты плейстоценголоцен мезгилинин тектоникалык кыймылы, активдүү жаракалар жана палеосейсмологиялык бузулуштар, жер кабыгынын азыркы кыймылы. 106 илимий эмгектин (анын ичинде 2 монография) автору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1