Абдумомунов, Токтоболот

Wikipedia дан
Токтоболот Абдымомунов
Абдумомунов Токтоболот.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Токтоболот Абдымомунов
Туулган жылы: 15-август, 1922-жыл
Туулган жери: Атаке айылы,Кемин району,Чүй облусу,Кыргызстан
Өлгөн жылы: 26-декабрь 1989-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, кинодраматург,жазуучу
Наамдары:

КРнын эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Абдумомунов Токтоболотдраматург, жазуучу, коомдук ишмер.Кыргыздын улуттук драматургиясына негиз салгандардын бири.

Өмүр жолу[оңдоо]

Токтоболот Абдумомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.
1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.
Студент кезинде эле Т.Абдумомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.
Чыгармачылыгы "Кумдуу чап","Курман" пьесалары менен башталат.
Т.Абдумомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Т.Абдумомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдумомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл).

Чыгармачылыгы[оңдоо]

Токтоболот Абдумомунов

Токтоболот Абдумомунов кыргыздын өзүнө чейинки драматургдарынан айырмаланып, алгачкылардан болуп калемгер катары идеологиялык конъюнктурага көз каранды эмес, көңүлүнүн борборун адамдын керт башына, анын ички дүйнөсүнө бурган автор.
Анын драматургиясынын коллизиясын биринчи кезекте, моралдык, ыймандык, этикалык маселелер түзөт. Образдарынын чөйрөсү да өз замандаш ителлигенциясы, ошолордун ыймандык, моралдык принциптери, жаңылганы-жазганы.
Т.Абдумомуновдун драмаларынын өз учурунда өтө популярдуулугунун, кыргыз сахнасына байма-бай коюлуп турганынын сыры да, ушундан улам болсо керек.
Айрыкча, драматургдун “Абийир кечирбейт” драмасы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында алгачкы ирээт коюлгандан тартып он жылдан ашуун үзгүлтүксүз коюлуп, андан соң кайрадан сахналаштырылган.
Дегеле, “Абийир кечирбейт” Т.Абдумомуновдун драматургиясындагы эң ийгиликтүү жазылган чыгарма болуп эсептелет.
Кыргыз Республикасынын искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1972), Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу. Абдымомуновдун ысымы менен кыргыз драматургиясынын өсүп-өнүгүшү, бүгүнкү күндөгү жетишкен деңгээли ажырагыс байланышта. Ал көбүнчө моралдык-этикалык темаларга кайрылып, аларды драматургиянын “стилинде” олуттуулук менен баяндаган.Психологиялык жактан ишенимдүү, жекече мүнөзгө ээ, типтештирилген каармандардын тобун жараткан.
Алгачкы пьесалары: “Кумдуу чап” (1946), “Замандаштар” (1948), “Курман” (1950) ж. б. Ал 50-жылдары жазган “Борбаш”, “Тар капчыгай”, “Атабектин кызы”, “Ашырбай” пьесалары автордун орус жана дүйнөлүк драматургия өнөрүнүн жетишкендиктерин өздөштүргөнүн айкындап, турмуштук материалды көркөм чагылтуунун улуттук салттарын жаңылоо, жаңы формалар менен ыкмаларды издөө боюнча белгилүү ийгиликке жеткенин көрсөттү.
“Абийир кечирбейт” (1962), “Каркыралар кайтканда” (1965), “Сүйүү жана үмүт”, “Бюро жүрүп жатат” (1968), “Жыгылган ооганга күлөт” 91968). “Жарыктык карыларым” (1980) ж. б. пьесаларында актуалдуу моралдык маселелер көтөрүлгөн.
“Жүкөш” (1940, 1959, 1974), “Сүйүү жана үмүт” (1966), “Тандалган чыгармалар” (1973), “Ашырбай” (1980), “Пьесалар” (1982) аттуу китептери жарыкка чыккан.
Токтоболот Абдумомунов комедия жанрынын да чебери. Анын калеминен “Эч кимге айтпа”, “Машырбек үйлөнөт”, “Алдар көсөө” ж. б. комедиялар жаралган. Анын “Атабектин кызы” драмасында инсандын моралдык этикалык жактан жетилиши, адеп ахлагынын өркүндөшү, индивидуалдуу калыптанышы сүрөттөлгөн. Драмада тышкы кагылыштар менен бирге каармандын ички дүйнөсүндө өтүп жаткан психологиялык процесстер ишенимдүү берилген.
“Атабектин кызынын” жарыкка келиши кыргыз драматургиясында тарыхый көркөм өнүгүүнүн бийиктөөсүнүн законченемдүүлүгүн мүнөздөйт.
“Абийир кечирбейтте” каарман өзүнүн рухий интелектуалдык, моралдык активдүү изденүүлөрү менен кызыктуу. Драмада жеке адамдын керт башындагы кемчиликтердин мотивдери биринчи жолу көркөм көзөмөлгө алынган. Анда бийиктик менен пастык, жолдошчулуктун табияты, ишенчээктик менен амалкөйлүк, абийирдүүлүк менен абийирсиздиктин карама-каршылыгы тууралуу сөз болот.
Токтоболот Абдымомунов сүрөткер катары курч моралдык, атуулдук маселелерди көтөрө билгендиги чыгармачылыгынын тематикасынын жана жанрдык чегин кеңейтүүгө, жаңылоого тынымсыз умтулуп жүрүп отурган. “Сүйүү жана үмүт” – улуу акын Токтогулдун каардуу замандагы адамдык татаал тагдырын, кишичилик сапаттарын, эркиндик, адилеттик үчүн болгон азаптуу күрөшүн, таптык сезиминин ойгонуш, этикалык, философиялык көз караштарынын калыптаныш процессин өз мезгилинин коомдук-тарыхый контекстинен, учурдун социалдык-психологиялык шарттарынан ажыратпай, реалдуу сүрөттөп көрсөтө алган тарыхый-биографиялык драма.
Токтоболот Абдымомунов тарыхый революциялык темадагы чоң ийгиликке “Ашырбай” драмасында жетишкен. Бул драма улуттук драматургиябызга алгачкылардан болуп кыргыздын ак сөөк манабынан калыптанган сахналык канондорго сыйбаган, адаттан тыш татаал образын алып чыккан. Көрүүчүлөрдүн көз алдына бирде күлүп, бирде кайгырган, кээде жаңылып бармагын тиштеп өкүнгөн, көл алдындагы букара элге боорукер болуп көрүнгөн, түлкүдөй амалдуу, ошондой эле учурда каардуу, текебер, кекчил, мансапкор адамдын татаал образын жараткан.

Пьесалары[оңдоо]

Кумдуу чап
Курман
Замандаштар
Тар капчыгай
Атабектин кызы
Ашырбай
Борбаш
Каркыралар кайтканда
Бюро жүрүп жатат
Абийир кечирбейт
Сүйүү жана үмүт
Эч кимге айтпа
Жыгылган оогонго күлөт
Таалай гүлдестеси
Жарыктык карыларым
Машырбек үйлөнөт
Кадырлаштар
Малика
Карагул ботом
Алдар көсөө
Жоробайдын үйлөнүшү
Чолпонбай
Мерес
Абдан жакшы көрөм
Ак ийилет
Кош кайың
Он сегиз жаш ж.б.
.

Прозалары жана сценарийи[оңдоо]

Жүкөш (повесть)
Мамбеткулдун уулу (аңгеме)
Алыстан кат (аңгеме)
Кудалар (аңгеме)
Жакшы адамдар (повесть)
Алыскы тоолордо (киносценарий)

Наамдары жана сыйлыктары[оңдоо]

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери
Кыргыз эл жазуучусу
Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • «Кыргыз Адабияты. Энциклопедиялык окуу куралы.» Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Манастаануу жана көркөм маданияттын улуттук борбору. Бишкек – 2004
  • Кыргыз совет энциклопедиясы. 1-том, Фрунзе, 1976-ж.
  • Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1995-ж. ISBN 5 – 89750 -083 – 5
  • Жаныш Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987


Сырткы шилтемелер[оңдоо]