Рысбай Абдыкадыров

Википедия дан
Абдыкадыров, Рыспай‎»‎ барагынан багытталды)
Рыспай Абдыкадыков
Туулган датасы

12 -январь 1941(1941-01-12)

Туулган жери

Кызыл-Булак, Кара-Кулжа району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР

Өлгөн датасы

12 -сентябрь 1994(1994-09-12) (53 жаш)

Өлгөн жери

Ош, Кыргызстан

Өлкө

ССРС СССР
 Кыргызстан

Кесиптери

ырчы, обончу

Аспаптары

аккордеон

Активдүү жылдары

19531994

Сыйлыктары

Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти

Super.kg: ID 421

Рыспай Абдыкадыров (12.01.1941, Кызыл-Булак айылы, Ош облусу - 12.09.1994, Ош шаары, Кыргызстан) — Советтик жана Кыргызстандык залкар обончу, ырчы. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал 1941-жылы 12-январда Кыргызстандын Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген.
Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн.
Чыгармачылык жолу Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган.
Ошол жерде иштеп жүргөн мезгилде кургак учук оорусуна кабылып, оорусуна байланыштуу борбордогу филармонияга келип иштеп калган.

Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорудан көз жумган.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рыспай үч жолу нике жаңырткан.
Алгач Кара-Кулжа элдик театрында иштеп жүрүп, жашоодогу тун сүйүүсүнө жолугуп, бири-бирине аруу, таза махабаттарын арнашып Тоту экөө баш кошушкан.
Эки кыздуу болгон соң жубайлардын ортосунда кайсы бир себептерден улам мамилелеринин муздай баштаганы байкалат. Дал ошол кезде Рыспай кургак учук оорусуна кабылып, Фрунзе шаарына ооруканага келет.
Ооруканадан Рыспай өзүн дарылаган ак халатчанга көзү түшөт. Ансыз да Тоту экөөнүн мамилеси келишпей турган Рыспай аны менен ажырашып, ак халатчан Оңолго үйлөнөт.
Көкүрөктөгү өрт, көөдөнүндөгү ырлары, жан дүйнөсүн тынч койбогон чыгармачылыгынын азгырыгы Оңол экөөнү да көпкө жашаткан жок. Буга ыр кумарынан чыга албаган Рыспай үй чарбачылыгын ойлобой, ар дайым гастролдоп, элдин көңүлүндө жүргөнү экөөнүн ортосундагы мамиленин алысташына себеп болгондой.
Рыспай менен Оңол да кол үзүшүп, эки кызы ырчынын апасында калып, эң кичүү кызы жубайы менен кеткен.
Көңүлүнүн түпкүрүндө аздектеген кыялы, бир келчү бакытын издеп жүргөндө кадимки даңазалуу "Издейм сени" ыры жаралган окшобойбу. Акыры Рыспайды издеткен бактысы табылып, күйөрмандарынын арасынан сүйүү кумарына жетеленген Давлет эле.
Давлет Рыспайдан бир топ жашка кичүү болсо да, ага арналган махабатынын аруулугун, тазалыгын ойлоп, "Бактым бол" деген сунушуна макул болду.
Рыспай менен Давлеттин жашоосун бузуу үчүн аракет жасаган адамдар да болбой койгон эмес.
Давлетке атайын келип "Рыспайың ар күнү ар башка кыз менен жүрөт. Деги эле кыз жандуу неме. Ырын арнаган акактай сулуулары бар" деген түрлүү ушактар жүрөгүнө тынчтык бербей туйлатса да, эч бир сыр бербей жалындаган көз, жагымдуу жылмаюусунан жазбай келген. Мына ушундай мүнөзүнө ырчы да арбалып, жипсиз байланып, чыныгы бакытын тапкан.
Ырчы өзү жөнүндө кеп козгогондо "Мен бир гана саат бойдок болдум. Тотудан ажырашып бүтө электе Оңолго үйлөнүп, Оңол Бишкектен узатып, Ошко келгенде Давлет күтүп алды"-деп тамашалап калганын жакын санаалаштары азыркыга чейин айтып келишет. Давлет экөөнүн ортосунда Сюита аттуу кызы бар.
Бүт өмүрүн Рыспайга арнаган Давлет 2003-жылы 1-ноябрда көз жумган.
Рыспайга арнап музей ачам деп жүргөн тилегине жетпей кеткен.

Элге сиңген чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз музыка дүйнөсүндө чоң из калтырган атактуу обончу, аткаруучу Рыспай "Алмашым", "Түгөйүм", "Сагынуу", "Издейм сени", "Алтынчы күнү кечинде", "Жүрөктү кетпе жаралап" деген ырлары менен калың элдин катмарына сиңип, азыркыга чейин улуу-кичүүнүн жүрөгүнөн орун алып келет.

Чыгармаларынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Айтсаң боло», сөзү С. Жусуевдики
  • «Ак кайың», сөзү С. Жусуевдики
  • «Алмашым», сөзү Р. Абдыкадыровдуку
  • «Алтынчы күнү кечинде», сөзү М. Алиевдики
  • «Осеннее сияние», сөзү Т. Касымалиевдики
  • «Бакыт ыры», сөзү А. Белековдуку
  • «Биз экөөбүз», сөзү О. Султановдуку
  • «Бото көз», сөзү Т. Касымалиевдики
  • «Жолугупсуз мага бекер сиз», сөзү Н. Жаркынбаевдики
  • «Жүрөк вальсы», сөзү Б. Курманкуловдуку
  • «Жүрөктү кетпе жаралап», сөзү И. Гилязетдиновдуку
  • «Издейм сени», сөзү Ж. Мамытовдуку
  • «Койчунун ыры», сөзү Т. Салиевдики
  • «Колхозумдун чабаны», сөзү С. Сүйөрованыкы
  • «Кылчактап неге карадың», сөзү Н. Байтемировдуку
  • «Кымбатым», сөзү С. Жусуевдики
  • «Өмүрүмдүн кымбаты», сөзү К. Шаршеновдуку
  • «Сагынуу», сөзү К. Ташбаевдики
  • «Өскөн жер», сөзү Б. Абакировдуку
  • «Таанышыңдай карагын», сөзү Ж. Алымовдуку
  • «Түгөйүм», сөзү Ж. Алымовдуку
  • «Эсиңдеби», сөзү Ж. Алымовдуку ж.б.

Дисктери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Издейм сени (Ж.Мамытов) – Р. Абдыкадыров, Койчунун ыры – Г. Момушева, Алмашым – К. Кожомкулов. Кыргыз ырларынын антологиясы, МОНО М 3035859 -0 005.

Ырчынын сыйлыктары, наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1988-жылы "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти" деген наам алган соң, "Ырларым менин тагдырым" аттуу ырлар жыйнагы жарык көргөн.
Көпчүлүктү өкүндүргөн маселе Рыспайдын тирүү кезинде эмес, көз жумганына сегиз күн болгонунда гана ырчынын эмгеги бааланып, 1994-жылы 20-сентябрда "Эл агартуунун отличниги" деген наам берилген.
Ошол эле жылдын ноябрь айында Ош филармониясына, Кара-Кулжа музыкалык окуу жайына ысымы ыйгарылган.
1997-жылы 12-январда Сулайман тоодогу ырчынын бейитине эстелик коюлуп, андан соң ырчынын Ош филармониясынын алдында эстелиги ачылып, коомдук кор (фонд) уюшулган.
Рыспайга Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы тирүү кезинде берилбей калган.

Рыспай Абдыкадыров атындагы клуб[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыздын улуу таланты, композитор Рыспай Абдыкадыровдун экинчи өмүрү улантылып келе жатат.
1994-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин деңгээлинде гана уюшулган Рыспай Абдыкадыров атындагы клуб эл аралык деңгээлге жетип, 2009-жылы 25-ноябрда маарекесин өткөрдү.
Бул клубдун өлкөдөгү мүчөлөрүнүн саны 120дан ашкан.
Аталган клубдун негиздөөчү жетекчиси - Султан Борошов.

Ал тууралуу эмгектер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Рыспай клубу «Жарк деп өткөн Рыспай кыргыздын муза символу» аттуу жыйнагын чыгарууну болжоп жатат.
Бул жыйнак 50дөн ашык чыгарманы камтып, кыргыз жана англис тилдеринде жарык көрмөкчү.
Китепти англис тилине АКШнын Нью-Йорк шаарында жашаган композитор, бул клубдун мүчөсү Антонио Пааш которууда.
Мындан сырткары Антонио Пааш Р. Абдыкадыровдун «Сагынуу» деген чыгармасынын негизинде 4 бөлүмдөн турган симфониясын жазып бүткөн.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]