Абдымомунов Токтоболот

Wikipedia дан
Токтоболот Абдымомунов
Абдумомунов Токтоболот.jpg
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Токтоболот Абдымомунов
Туулган жылы: 15-август, 1922-жыл
Туулган жери: Атаке айылы,Кемин району,Чүй облусу,Кыргызстан
Өлгөн жылы: 26-декабрь 1989-жыл
Өлгөн жери: Бишкек шаары,Кыргызстан
Сөөгү: Ала-Арча көрүстөнүнө коюлган, Бишкек шаары,Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: драматург, кинодраматург,жазуучу
Наамдары:

КРнын эл жазуучусу, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер

Абдымомунов Токтоболотдраматург, жазуучу, коомдук ишмер.

Өмүр жолу[оңдоо]

Токтоболот Абдымомунов 1922-жылы Чүй облусунун Кемин районундагы Атаке кыштагында кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган.
Бала кезинен эле атасынын агасы Рыспайдын комузун, жомокторун угуп чоңойгон.
1938-жылы Фрунзедеги медициналык окуу жайга кирип, кийин Жошолу айылдык советинде фельдшер, пункт башчысы болуп эмгектенет.
1939-жылы КР мамлекеттик медициналык институтка өтүп, 3-курстан оорусунун айынан аны таштоого мажбур болот.
Студент кезинде эле Т.Абдымомуновдо театрга көп ирээт барып, сахна өнөрүнө болгон чоң сүйүүсүн арттырат.
Чыгармачылыгы "Кумдуу чап","Курман" пьесалары менен башталат.
Т.Абдымомунов өмүрүнүн акырына чейин отузга чукул драмалык чыгармаларды жаратып, пьесалары кыргыз театрларынын сахналарынан түшпөй байма-бай коюлуп турган.
Т.Абдымомунов чыгармачылык менен бир катар эле коомдук иштерди да активдүү жүргүзгөн инсан. Ал 1959-1971-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-секретары, 1974-1987-жылдары Кыргызстандын театрлар коомунун төрагасы болуп эмгектенген.
Көзү өткөндөн кийин улуттук драматургия жаатында эң мыкты пьесаларга бериле турган Кыргыз Республикасынын Токтоболот Абдымомунов атындагы адабий сыйылыгы уюшулган (1991-жыл).

Чыгармачылыгы[оңдоо]

Токтоболот Абдымомунов кыргыздын өзүнө чейинки драматургдарынан айырмаланып, алгачкылардан болуп калемгер катары идеологиялык конъюнктурага көз каранды эмес, көңүлүнүн борборун адамдын керт башына, анын ички дүйнөсүнө бурган автор.
Анын драматургиясынын коллизиясын биринчи кезекте, моралдык, ыймандык, этикалык маселелер түзөт. Образдарынын чөйрөсү да өз замандаш ителлигенциясы, ошолордун ыймандык, моралдык принциптери, жаңылганы-жазганы.
Т.Абдымомуновдун драмаларынын өз учурунда өтө популярдуулугунун, кыргыз сахнасына байма-бай коюлуп турганынын сыры да, ушундан улам болсо керек.
Айрыкча, драматургдун “Абийир кечирбейт” драмасы Кыргыз мамлекеттик драма театрынын сахнасында алгачкы ирээт коюлгандан тартып он жылдан ашуун үзгүлтүксүз коюлуп, андан соң кайрадан сахналаштырылган.
Дегеле, “Абийир кечирбейт” Т.Абдымомуновдун драматургиясындагы эң ийгиликтүү жазылган чыгарма болуп эсептелет.

Пьесалары[оңдоо]

Кумдуу чап
Курман
Замандаштар
Тар капчыгай
Атабектин кызы
Ашырбай
Борбаш
Каркыралар кайтканда
Бюро жүрүп жатат
Абийир кечирбейт
Сүйүү жана үмүт
Эч кимге айтпа
Жыгылган оогонго күлөт
Таалай гүлдестеси
Жарыктык карыларым
Машырбек үйлөнөт
Кадырлаштар
Малика
Карагул ботом
Алдар көсөө
Жоробайдын үйлөнүшү
Чолпонбай
Мерес
Абдан жакшы көрөм
Ак ийилет
Кош кайың
Он сегиз жаш ж.б.
.

Прозалары жана сценарийи[оңдоо]

Жүкөш (повесть)
Мамбеткулдун уулу (аңгеме)
Алыстан кат (аңгеме)
Кудалар (аңгеме)
Жакшы адамдар (повесть)
Алыскы тоолордо (киносценарий)

Наамдары жана сыйлыктары[оңдоо]

Кыргыз ССРинин искусствого эмгек сиңирген ишмери
Кыргыз эл жазуучусу
Кыргыз ССРинин Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик сыйлыгынын ээси

Колдонулган адабият[оңдоо]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. 1-том, Фрунзе, 1976-ж.
  • Чүй облусу, энциклопедия. Бишкек, 1995-ж. ISBN 5 – 89750 -083 – 5
  • Жаныш Кулмамбетов "Театр дүйнөсүндө", Фрунзе, "Кыргызстан", 1987