Абдыразак уулу Касым

Википедия дан

Абдыразак уулу Касым 1905-жылы Багыш айылында туулган.

  • 15 жашында жетим калып, жеке чарбада иштеп жүрүп, айылда арабча баштапкы билим алат.
  • 1927-1928-жылдары Ташкентте Советтик партиялык мектептен билим алып келип, бай-манаптарды кулакка тартуу комиссиясында итптеп жүрөт.
  • 1930-1931-жылдары экинчи жолу баш көтөргөн басмачылар менен болгон күрөшкө Сакалды, Ноокат, Базар-Коргон, Арсланбап, Кызыл-Үңкүрдө катышат.
  • 1931-1951-жылдары Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылына тагаларына барып, ал жерде адегенде мугалим, селКоветтин секретары, селыгонун башкармасынын орун басары болуп иштейт.
  • 1942-жылы Улуу Ата Мекендик согушка чакырылып З-Украиналык фронтто Малиновскийдин Армиясында жүрүп согуш жүргүзөт.
  • 1944-жылы бир колунан ажырап келип 1951-жылга чейин Өзгөн районунун “Ленин” “Эмгекчил” колхоздорунда бухгалтер, башкарма болуп иштейт.
  • 1951-жылы ата журту Багыш айылына келет.
  • 1954-1970-жылдары “Жаңы Кайрат” “Ленин Жолу” колхоздорунда бухгалтер, бригадир болуп иштеп жүрүп ардактуу эс алууга чыгат.
  • Эл журтка балбан, чоң улакчы, күчтүү эңишчил катары таанылып ушул убака чейин анын улакта, эңиште көрсөткөн тамашалары эл арасында айтылып келет.
  • 1929-жылы Кара-Чолокто, Көк-Арттан Турду деген адам чоң аш берет.
  • Чоң улак болот. Улакты алуу үчүн чогулган топ, аттын көптүгүнөн улакты эч ким ала албай 2 саат бузулбай турат.
  • Жаныбек уулу Абдүрөйүштүн чоокер аты менен улакты Касым алып чыгып маарага таштайт.
  • Биринчи байгеге коюлган төө баштаган тогузду Касым алып, Касым деп элдер көпкө чейин кыйкырып турушатЛ932-жылы Өзгөндүн Суна деген чоң жайлоосунда, жайдын толук мезгилинде төрт уруу элдин чоң мааракеси болот.
  • Ошондо эңиш болуп Алай-Гүлчөдөн келген атактуу бир балбан чыгат.
  • Тагалары чыгарган Касымды башка балбаныңар жок беле деп тогоотпостой мамиле кылып коет.
  • Жини келген Касым ошол балбанды бир чакырым сүдүрөп оодарганы айтылып жүрөт.
  • Октябрь кыштагынын деги эле ушул аймактын, кыргыздын аш той мааракелеринде намысын коргоп келген балбаны болгон.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3