Абрамов мөңгүсү

Википедия дан

Абрамов мөңгүсүАлай кырка тоосунун түштүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү, Көксуунун алабында. Уз. 9,0 км, туурасы 500–1000 м, аянты 22,8 км2. Абляция облусунун аянты 6,9 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгелинен 4960 м, этеги 3670 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4150 м. Куралуу облусу (14,6 км2) желпүүр сымал жайгашкан көп салаалуу жазы төрдү элестетет. Эл аралык программа боюнча 1-даражадагы байкоолор жүргүзүлө турган мурдагы КСРБнин аймагындагы мөңгүлөрдүн катарында болгон. 1972-жылы жана 1985-жылы кескин түрдө алдыга жылган, мындай жылыштар 10–11 жылда Күндүн активдүүлүгүнө жараша кайталанып турат. Мөңгүдөн Кызылсуунун оң куймасы Көк-суу башталат. Мөңгү Фергана дубанынын губернатору – (1876–80) А.К. Абрамовдун ысымына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004