Абыгай

Википедия дан

Абыгай — жашы аксакал курагына кирип калган эркек кишиге карата айтылат. Энесай кыргыздарынын урпактары болгон хакастарда аталаш тууган эжеге, төркүнү бир уруктан тараган тууш- кан аялдарга, айрым диалектилерде атасынан улуу эжесине карата айтылат. Бул туушкандык термин манжур тилдүү элдерде да кеңири колдонулат. Тарыхта Абыгай (Абагай) Кытайдагы Цин династиясын негиздеген манжур ханы катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]