Абылкасымов Айтмырза

Википедия дан
Айтмырза Абылкасымов
Ишмердүүлүк тармагы:

акын, жазуучу

Туулган датасы:

20 -август 1947(1947-08-20) (76 жаш)

Туулган жери:

Кош-Дөбө, Аксы району, Жалал-Абад облусу, СССР, (Кыргызстан)

Жарандыгы:

СССР желеги ССРС Кыргызстан

Айтмырза Абылкасымов 1947-жылы 20-августта Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районун Кош-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Улук айылында туулган. Ал 1965-жылы Кербен жатак мектебин бүтүргөндөн кийин, ошол эле мектепте улуу пионер вожатый болуп иштеген. 1966-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (Азыркы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук Университети) филология факультетине кирип, аны 1971-жылы ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы Аксы районундагы Кош-Дөбө орто мектебинде (азыркы Т. Мавлянов атындагы орто мектеп) кыргыз тили жана адабияты сабагынан мугалим болуп иштейт. 1972-жылы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектепке окуу бөлүмүнүн башчысы болуп которулуп, анда 1976-жылга чейин эмгектенет.1976-жылдан, 1993-жылга чейин Т.Мавлянов атындагы орто мектепте, 1993-жылдан, 2005-жылга чейин Ж.Султанов атындагы Улук орто мектебинде директор болуп эмгектенген. 2005-жылдан Аксы райондук билим берүү бөлүмүндө инспектор, Т.Мавлянов атындагы орто мектепте кыргыз тили жана адабиятынан сабак берип жүрүп ардактуу эс алууга чыккан. 5 уул-кыздын атасы. Байбичеси Сатийна да мугалим.

Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун отличниги. Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Ассалоому алейкум"(ырлар)- 1996-жыл.
  • "Аксы кайрыктары" (ырлар)-1998-жыл.
  • «Жолдо» (аңгемелер,ырлар, сценкалар, котормолор)-2014-жыл.
  • "Турмуш ирмемдери" (аңгемелер,ырлар, котормолор) - 2018-жыл.
  • "Үчтүктөр" (ырлар)-2018-жыл.