Авалчы
Авалчы – авалдын негизин түзгөн вексель же чек боюнча төлөмдөрдү моюндаган тарап. Авалды түзүү менен, анын жоопкерчилигин алган жак, вексели бар жактын кимисинин болбосун алдындагы милдетин аткарууну өзүнө алат. Ошону менен бирге, ал моюндаган милдеттенме жараксыз болгон учурда да, А-нын жоопкерчилиги шарты сакталбаган учурдан башка баардык жагдайларда өз күчүндө кала берет. Чек төлөгөн А. кепилдик берген жакка, анын алдында милдеткер жактарга карата чектен улам чыккан укукка ээ болот.
==Колдонулган адабияттар==
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7