Автоклав медицинада

Википедия дан

Автоклав медицинада - хирургиялык таңгычтарды, аспаптарды, микроорганизмдер өстүрүлүүчү жабдууларды, инфекция жуккан материалды, операцияда кийилүүчү халаттарды жана башкаларды жогорку басым астында буу менен пакизалоочу (стерилдөөчү) жылчыксыз аппарат. Анын негизги бөлүгүн керектүү температура жана басымдагы суу буусун алууга ылайыкталган жылчыксыз жабык буу камерасы түзөт. Буу камерасынын ичинде стерилдөөчү камера орнотулган. Ал камералардын ортосундагы боштукка суу куюлат. Автоклавды ысытканда буу камералардын капталдарынын ортосунда жогору көтөрүлүп, стерилдөөчү камеранын жогорку бөлүгүндөгү тешикчелер аркылуу ага кирип, басым жана температура көтөрүлүп, стерилденүүчү материалдагы микроорганиздерди өлтүрөт. Автоклав металл менен капталган жана ал асбест катмары менен бөлүнгөн. Көчмө жана стационардык автоклав колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1