Агартуу

Википедия дан

Агартуукалктын сабатсыздыгын жоюу, билим берүү, маданий-рухий жактан маалымат деңгээлин жогорулатуу. Мындай агартуу иштери калктын калың катмарын камтыйт да, мектептерди, маданий мекемелерди куруу менен бекемделет. Агартуу иши Кыргызстанда 1917-ж. Октябрь революциясынан мурда диний жана туземдик мектептерде жүргүзүлүп келсе, кийин «боз үй», «кызыл үй» жана «ликбез» мектептери, атайын курстар аркылуу улантылган. 1930-жылдан кийин агартуу илимий негизде уюштурулуп, кеңири кулач жайган. Анын ишин өркүндөтүүдө маданият мекемелери: клуб, китепкана, музей ж. б. чоң роль ойнойт. Алар элди рухий жактан азыктандырууга, замандын рухунда тарбиялоого жардам берет. Өлкөдөгү билим берүүнүн жерг. жана республикалык бардык тармактары калкка билим берүү ж-а илимдин улам жаңы жетишкендигин жайылтуу кызматын аткарат. Айрыкча, адабият жана искусство тармагынын агартуучулук ролу өтө зор.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1