Агитациялык искусство

Википедия дан

Агитациялык искусство - сүрөт искусствосунун түрү. Ага саясий плакат, саясий гезиттерде үгүттүк маанайдагы сүрөттөр, көркөм искусствонун соода рекламалары жана элдик оюн-зоокторду ж. б. массалык чараларды кооздоодо көркөм жасалгалоонун кээ бир элементтери кирет. Агитациялык искусствонун бул түрлөрүнүн негизги өзөгүн кыска, көрүүчүлөргө дароо таасир этүүчү көркөм формадагы саясий идеялар түзөт. Агитациялык искусство өлкөнүн саясий турмушунда болуп жаткан окуяларга тез жана ыкчам жооп кайтарууда ар кыл саясий күчтөр үчүн кубаттуу идеялык курал болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1