Адамдын жана жарандын конституциялык милдеттери

Википедия дан

Конкреттүү мамлекеттин анын аймагында турган баардык адамдардын жүрүм-турумдарына, же болбосо ал мамлекеттин жарандарынын алардын кайсыл жакта жүргөндүктөрүнө карабастан, алардын жүрүм-турумдарына карата конституциялык-укуктук ченемдерде чагылдырылган талаптары. КРде КР Конституциясына ылайык анын аймагында жашаган ар бир адамдын конституциялык милдеттери: жаратылыш байлыктарын жана айлана-чөйрөнү коргоо, жаратылыш байлыктарына сарамжал мамиле кылуу, тарыхий жана маданий мурастарды коргоого кам көрүү, тарыхий жана маданий эстеликтерди сактоо ж. б. болуп саналат. КР жарандарынын гана Адамдын жана жарандын конституциялык милдеттери КР Конституциясын жана мыйзамдарын сактоо жана Ата-Мекенди коргоо болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]