Адаптер

Википедия дан

Адаптер (англ. аdарtеr - ылайыктагыч, лат. аdаptо - ылайыктоо) - 1) эсептөө техникасында - ЭЭМди перифериялык (четки) жабдуулар (принтер, дисплей, сканер жана башка) менен байланыштыруучу түзүлүш. Мисалы, графиктик адаптер - информацияны (символдук, графиктик) дисплейдин экранына чыгарат, санариптик сигналды окшоштук (аналогдук) сигналга өзгөртөт. Энелик тактада электрондук схема же микросхема түрүндө өзүнчө тактада (платада) аткарылат; анын оперативдүү эси, атайын процессору бар; 2) электр техникада өзгөрмө агын (ток) тармагын (220 В) турактуу чыңалууга (1,5-15 В) өзгөрткүч; колго алып жүрмө радио кабылалгычтын аккумуляторун, плеерди, мобилдүү телефонду, санариптик өлчөгүч приборду жана башкаларды заряддоо үчүн колдонулат; 3) сүрөткө тартууда (фотографияда) - фотоаппаратка башка форматтагы жарык сезгич материалды пайдаланууга мүмкүндүк берүүчү кошумча кассета; стандартсыз бекитилген алмаштырма объективди фотокамерага жалгаштыруучу түзүлмө (өткөөл втулка, шакекче же фланец).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1